Бул тууралуу Ысык-Көл жана Нарын облусундагы бийик тоолуу жайыттарды эксперттердин изилдөөсү учурунда белгилүү болгон. Жайыттарды изилдөө иши 2 жыл жүргүзүлгөн.
Бүгүнкү күнү бул жайыттар кайра калыбына келтирүүгө муктаж. Малчылардын жайыттарга жасаган көңүл кош мамилесинен улам айыл-чарба жоготууларга учурап отурат. Өлкөдөгү малчылардын 70%ы майда жана ири мүйүздүү жандыктарды багуу менен алек болот жана алар жайытты колдонуу нормаларын сактабай келишет.
ЭКОНОМИКА эксперттердин жакынкы 10 жылда жерлердин деградация болуусу айыл-чарба тармагына терс таасирин тийгизип, деградацияга учураган жайыттардын саны 90%ды түзөт деген пикирине кошулат.
Эксперттер белгилегендей, Соң-Көл көлүнүн айланасындагы жайыттарды жакшы колдоно турган болсок, ал жерлер жакынкы 10 жылда мамлекетке 19,2 млн доллар пайда алып келет.
Айыл-чарба секторунун өкүлдөрү жерлердин деградация болуусу малды жайгандан гана эмес, жерди туура эмес иштетүүдөн да келип жатканын айтып келишет.