Казакстандын түштүгүндө жогорку кубаттуулуктагы трансформаторлорду чыгаруучу завод куруу пландалууда.
Казакстандын банктарынын бири Шымкентте 110 жана 220 кВ кубаттуулуктагы күчтүү трансформаторлорду чыгаруучу заводдун курулушуна каражат бөлдү.
Долбоордун баасы 540 млн доллардан ашуун.
Жаңы заводдун курулушу аталган өнүмдүн казак рыногундагы суроо талаптарын канааттандырмакчы. Учурда иштеп жаткан Кентау трансформатор заводу Казакстанды суроо-талаптарын жарым жартылай эле камсыз кылат.
Долбоор ишке ашса 110 кВ кубаттуулуктагы трансформаторлорго болгон талаптын 70%ы жана кубаттуулугу 220 кВ болгон трансформаторлорго болгон талаптын 50%ын камсыз кылат.
Долбоорго ылайык, программалык камсыздоо автоматтык системаны киргизүүгө ылайыкталган.