• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

ШКУ саммитинин алкагында 21 документке кол коюлду

2

👁 450

2018-жылдын 10-июнунда Кытай Эл Республикасынын Циндао шаарында Президент Сооронбай Жээнбеков катышкан Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынында 21 документке кол коюлду.

Алар төмөнкүлөр:

— ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин Циндао декларациясы.

— ШКУга мүчө мамлекеттердин узак мөөнөттүү жакшы кошуналык, достук жана кызматташуу тууралуу Макулдашуусунун жоболорун аткаруунун 2018–2022-жылдарга карата иш аракеттер планын бекитүү жөнүндө чечим.

— ШКУга мүчө мамлекеттердин терроризмге, сепаратизмге жана экстремизмге каршы туруу кызматташтыгынын 2019–2021-жылдарга карата Программасын бекитүү жөнүндө чечим.

— ШКУга мүчө мамлекеттердин 2018−2023− жылдарга карата Баңги заттарга каршы стратегиясын жана аны аткаруу аракеттери жөнүндө Программасын бекитүү жөнүндө чечим.

— ШКУнун психотроптук жана баңги заттарын ашыкча колдонуунун алдын алуу боюнча Концепциясын бекитүү жөнүндө чечим.

— ШКУга мүчө мамлекеттердин азык-түлүк коопсуздугу боюнча кызматташуу Программасынын долбоорун иштеп чыгуу тууралуу чечим.

— ШКУга мүчө мамлекеттердин айлана чөйрөнү коргоо тармагында кызматташуу Концепциясын бекитүү жөнүндө чечим.

— ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын жаштарга биргелешкен кайрылуусунун жоболорунун аткарылышы боюнча аракеттер Программасын бекитүү жөнүндө чечим.

— ШКУнун өткөн жылдагы ишмердүүлүгү туурасында Шанхай кызматташтык уюмунун Башкы катчысынын Докладын бекитүү жөнүндө чечим.

— ШКУнун регионалдык антитеррористтик түзүм Кеңешинин 2017-жылдагы ишмердүүлүгү туурасында докладын бекитүү жөнүндө чечим.

— Билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгы менен Бириккен Улуттар Уюмунун ортосунда кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү Меморандумуна кол коюу жөнүндө чечим.

— ШКУнун Башкы катчысы туурасында чечим.

— ШКУнун регионалдык антитеррористтик түзүмүнүн аткаруу комитетинин директору жөнүндө чечим.

— ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын жаштарга биргелешкен кайрылуусу (кол коюусуз кабыл алынат)

— ШКУнун алкагында эпидемия коркунучтарына биргеликте каршы туруу жөнүндө билдирүүсү (кол коюусуз кабыл алынат).

— Соода жол жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын билдирүүсү (кол коюусуз кабыл алынат).

— ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы туурасында маалыматтык билдирүү (кол коюусуз кабыл алынат).

Мындан тышкары Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынынын алкагында төмөнкү документтерге кол коюлду:

— ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы экономика жана тышкы соода ишмердигине жооптуу министрликтеринин ортосунда — ШКУнун алкагында кичи, чакан жана орто ишкердик тармагында стимул берүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум.

— ШКУга мүчө мамлекеттердин бажы кызматтарынын ортосунда озон катмарын бузган заттарды трансчекаралык ташуулар жөнүндө маалымат алмашуусу тууралуу Меморандум.

— CENcomm RILO-МОСКВА оперативдүү каналы платформасын колдонуу менен ишке ашырып жаткан байланыш пункттарынын күнү түнү өз ара маалыматтык көмөктөшүү регламенти.

— 2019–2020-жылдары туризм тармагында кызматташуу боюнча программаны ишке ашыруу тууралуу — ШКУга мүчө мамлекеттердин биргелешип аракеттенүү Планы.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости