• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Шенген жылмаюусу. Эстония визасы жана КРнын интернет парламенти.

fashion-legs-notebook-working

👁 523

Бул чара Эстониянын инвестициялык климатын жакшыртуу жана өнүктүрүү үчүн колдонулууда.

Визалар Евробиримдикке кирбеген өлкөлөрдүн ишкерлерине берилмекчи. Бул жерде ишкерлер өз бизнесин ачып жана аны балтия өлкөсүнө көчүрүп бара алышат. Бул программа өзгөчө тармактык адистер үчүн виза алуу ишин жеңилдетет.

Эстониянын тышкы иштер министрлиги бул программаны ишке киргизди. Ал учурда Европада бар болгон башка программалардан айырмаланып турат. Ишкерлер үчүн жеңилдетилген шарттар сунушталат, адистер дагы маянасы жакшы төлөнгөн жумуш табуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Жаңы иш ачууну же адистик боюнча иш табууну каалагандардын баарына Шенген визасын алуу жеңилдетилет. Кыска мөөнөттүү, жана 5 жылга берилүүчү узак мөөнөттүү визалар жана убактылуу жашоого уруксат берилет.

Программага катышуу үчүн арыз толтуруу керек. Ал боюнча Эстониядагы атайын старт-ап комиссия тандоо жүргүзөт. Эгерде сиздин долбоор жакса, анда сиз виза алып Эстонияда бизнес баштоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болосуз. Эгерде сиз узак мөөнөттүү виза алсаңыз анда Евробиримдик боюнча эркин жүрө аласыз.

Эстониянын атайын акселаторлорунда (интернетте) катталгандар арызын комиссиясыз эле беришсе болот.

Эстониянын бийлиги жаңы программа чет элдик адистерди тартууга көмөкчү болот деген ойдо.

Мындан сырткары Эстониянын өкмөтү электрондук жарандык алуу идеясын өнүктүрүүдө жана 2025-жылга карата 10 млн виртуалдык жарандарды, анын ичинен ишкерлерди тартуу каралууда.2016-жылдын ортосунда бул өлкөнүн виртуалдык жарандарынын саны 1000ге жеткен.

Балким ушундай жол менен адистерди жана ишкерлерди тартуу аркылуу Эстония экономикалык маселелерин чечип алат.

Учурда электрондук жарандык берүү боюнча маалыматтар көп боло баштады. Келечекте электрондук виртуалдык мамлекеттер кадимки көрүнүш болуп калат.

Мисалы, Кыргызстанда 2011-жылы түзүлгөн интернет парламент ийгиликтүү пикир алмашуучу айдың болуп саналат жана өлкө ичинде болуп жаткан көрүнүштөргө таасир берип келет.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости