• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Шадиев 10 ири мамлекеттик ишкананын акыркы жылдардагы финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүн тыкыр талдоодо өткөрүүнү тапшырды

south-313

👁 750

Өлкөнүн биринчи вице-премьер-министри Аскарбек Шадиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун коллегиялык жыйынына катышты, анда 2017-жыл үчүн социалдык-экономикалык өнүгүү жыйынтыктары жана 2018-жылга карата милдеттер каралды.

Биринчи вице-премьер-министр белгилегендей, мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугу мамлекеттик бийлик органдары үчүн да, жалпы коом үчүн да актуалдуу болуп саналат.

«Фонд мамлекеттин менчик ээси катары кызыкчылыгын коргогон, ошондой эле мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашырууну камсыздаган орган болуп эсептелегендиктен, ага чоң жоопкерчилик жүктөлгөн», – деди Аскарбек Шадиев.

Биринчи вице-премьер-министр белгилегендей, 2018-жылы Фонд мамлекеттик органдар менен биргеликте «Жаңы доорго кырк кадам 2018−2023» стратегиялык Программасында жана Кыргыз Республикасынын Иш-аракеттер планында белгиленген милдеттерди өз учурунда жана сапаттуу аткаруу боюнча бардык зарыл чараларды кабыл алуусу керек.

Коллегиянын жүрүшүндө Аскарбек Шадиев негизги милдеттерди белгилөө менен катар, Фонд мамлекеттик үлүшү бар акционердик коомдордун өткөн жылкы ишинин жыйынтыгы боюнча дивиденддерден республикалык бюджетке каражаттардын түшүүсүн толук түрдө камсыздоосу зарылдыгын билдирди.

«Бүгүнкү күндө бир катар мамлекеттик үлүшү бар акционердик коомдор натыйжасыз эсептелүүдө. Анын себеби катары башкаруунун эски ыкмалары жана принциптери саналат. Фонд инвесторлор тарабынан инвестициялык милдеттенмелердин аткарылышы жаатындагы көзөмөлдү жана мониторингди киргизүү маселесиндеги ишти активдештирүүсү зарыл», – деди биринчи вице-премьер-министр.

Аскарбек Шадиев белгилегендей, Фонд тийиштүү мамлекетик органдар менен биргеликте төмөнкү иштерди күчтөндүрүүсү зарыл:

- мамлекеттик ишканалардын санын оптимизациялоо;
— мамлекеттик компанияларга прогрессивдүү ой жүгүрткөн, чет жерлерде топ-менеджер катары иш тажрыйбасы бар башкаруучуларды тартуу;
— конкреттүү жыйынтыкка багытталган, мамлекеттик компаниялардын жана анын башкаруу органдарынын ишин баалоо жана мониторингдөө тутумун киргизүү;
— мамлекеттик компаниялардын финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүн тутумдуу көзөмөлдөө, иштин натыйжалуулугун баалоо;

- мамлекеттик үлүшү бар компанияларда корпоративдик башкаруунун эл аралык принциптерин жана башкаларды киргизүү.

Коллегия соңунда биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев 10 ири мамлекеттик ишкананын акыркы жылдардагы финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүн тыкыр талдоодон өткөрүүнү жана анын жыйынтыгын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүүнү тапшырды.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости