Астанада өткөн конференция учурунда коңшу өлкө өзүн жана коңшуларды камсыз кыла албай тургандыгы тууралуу айтылды.
Казак бизнеси пияз, сарымсак, капуста, картошка сыяктуу азыктарды сырттан сатып алуу үчүн жомоктогудай акчаларды коротуп жатат. Казакстанга эт дагы көп алынып келинет. Дан жагынан алдыңкылардын катарында болуп туруп дагы өлкөгө өтө көп кесмелер алынып келинет.
Ишкерлер өндүрүлгөн азыктын көбү экспорттолуп жатабы деген суроо салышканы менен, иш жүзүндө андай эмес экени белгилүү болду.
Казакстанда айыл-чарба товарларынын көбү импорттолору белгилүү болгон. Уй эти эле 36 млн доллардан ашуун каражатка алынып келинет экен.
Дүйнөдо дан азыктары боюнча 6-орунда туруп, жыл сайын 5–6 млн тонна экспорттоп жатып дагы өлкөгө 50 млн доллардан ашуун каражатка кесме алынып келингени белгилүү болду. Мөмө жана жашылча азыктары 135 млн долларга алынып келинген.
Казакстан жыл сайын 16 млн доллар чет элдик аграрлардын чөнтөгүнө кетип жатканына ичи ачышууда.
Айыл-чарба министрлиги ишкердик тармакта өлкө боюнча иштер жүрүп жатканын билдирүүдө. Бирок ишкерлердин арасында ийгиликке жетишкендердин саны аз эле болбосо жалпысынан өсүүнүн туруктуу көрсөткүчү жокко эсе.
Ун азыктарын көп колдонгон өлкө катары биз эмнеге Казакстандын дан азыктары сатылып алынууда деген суроого жооп издөө керек.
Дүйнөлүк бааларга салыштыра турган болсок, америкалыкка, канадалыкка же автралиялыкка караганда ал бир топ эле кымбат. Былтыр Кытай Эл Республикасынын илимдер академиясынын Синьцзян филиалынын башкы илимий кызматкери Ху Хунпин Казакстандан кытай рыногуна экспорттолгон буудай аралаш экенин – белгилүү бир сорту жок экенин билдирген. Ошондой эле ал Кытайдын рыногундагы буудайлардан айырмаланып турарын жар салган. Ошол эле учурда сапат стандарттарындагы айырмачылыктардан улам казак уну кытай колдонуучулардын талаптарына жооп бербегендиктен, сатып алуучу кардарлар дагы аз экени белгилүү болгон.
“Учурда Кытайга АКШдан, Канададан, Австралиядан жана башка өлкөлөрдөн алынып келинген 1 тонна буудайдын баасы, бул 907 килограмм ички рынокто 400 юанга арзан, ал эми Казакстандан испорттолгон дандан болгону 100 юань пайда көрсө болот. Мындай аз киреше сатуучулардын көбү Казакстандын данын алуудан баш тартууга алып келген” ‚- деди эксперт.
Казакстар болсо эгемендүүлүк алган соң алар инфраструктурасын өнүктүрө албай калганын жана аларда аграрлар жыл бою өнүмүн сактай турган дүң-бөлүштүрүүчү борборлор жок экенин белгилеп келишет.
Казак эксперттеринин айтымында, “базар мафиясы” жок боло элек.
Сатып алуучулар “азыр жана ушул жерден” өнүмдү сатып алууга кызыкдар.
Мындай жарым криминалдуу бизнес узакка созулган соода келишимдерин түзө албагандыктан калган өнүм чирип кетүүдө. Ал эми дүкөндөрдө жана базарларда алардын ордун импорттолгон товарлар басууда.
Баса, ЭКОНОМИКАда казак бийлиги эмне үчүн кыргыз айыл-чарба өнүмүн унаа менен алып өтүүгө тыюу салганын билүүгө мүмкүнчүлүк болду. Бул терминалдардын өткөрүү мүмкүнчүлүгүнүн алсыздыгынан болгону жана алардын потенциалын жогорулатуу маселеси Казакстандын өкмөтүндө көтөрүлгөнү белгилүү болду.
Кыргызстанда агрардык өнүмдү соода тармактарына түз чыгарууга ылайыкталган система жок. Бул биздин дыйкандар өз убагында өнүмдү талап кылынган көлөмдө жеткирип бере албаганына байланыштуу болууда. Алсыз башкаруу жана дыйкандарда стратегиянын жок болушу алар үчүн кыйын болууда.
Ар кандай программаларга жана гранттарга карабастан Кыргызстанда экспорт начар. Коңшу мамлекеттерге экспорттоону жогорулатуу — кумурсканы пил менен салыштырганга барабар.
Биз бардык көрсөткүчтөрдөн арттабыз, жада калса Орусияга дан ташуу жагынан өзүбүздү Тажикстан менен дагы салыштыра албайбыз. Эт-сүт азыктарынын экспорту бир нече эсе жогорулаганы менен мактануу кагазды калем менен коркуткандай эле көрүнүш.
Коңшу өлкөлөрдө агрардык тармактын эксперттери тармактагы жылыштарды сан менен гана эмес, аргументтер менен айтып келишет.
“2011-жылы бизде 10 млн тонна экспорту менен мол түшүмдүүлүк болгон. Ошондо тоннасына ташуу наркын 40 доллар субсидия кылуу чечими кабыл алынган, бирок Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна киргенден кийин мындай экспортук субсидияларга тыюу салынган. Мындай тыюу салуу болбогондо жана мисалы, 5 млн тонна дан ашыкча болгондо биз кытай тарапка бурулуп кетмекпиз.
Реалдуу көз караш менен карай турган болсок, рекорддук көрсөткүчтөгү түшүм алган күндө деле биз теоретикалык жактан караганда Кытайга 2–4 млн тонна дан ташый алмакпыз. Бул Борбор Азияга ташууну үзгүлтүккө учуратпай аткара ала турган биздин мүмкүнчүлүгүбүз.
Ал эми этке келе турган болсок, сапаттуу тоңдурулган эт бар болгон учурда гана Казакстан чет өлкөлүк сатып алуучуларга кызык болот. Теорияда биз Екатеринбург, Санкт-Петербург жана Москвасыяктуу шаарлардын рыногун толтура алмакпыз. Бул премиум-бааларга ээ болгон премиум-класстагы эттер. Биз жада калса тоңдурулган азык тармагында атаандаш боло албайбыз. Анткени тоңдурулган эттер Орусиянын рыногуна Бразиялиядан жана Аргентинадан келет. Ал эми этке байланшыкан долбоор акырына чыга элек.
60 миң тонна өнүм – бул биз чыгаруу керек болгон математикалык сан болчу. Бирок ири мүйүздүү малдарды идентификациялаганда миллион баш жок экенин билдик, алар кагаз жүзүндө кала берген.
Эт долбоору бизге керек. Жана асыл тукум фермаларын өнүктүрүү иштери туура багытта жүргүзүлүүдө, анткени биз сапаттуу эт алуу үчүн малдардын тукумун жакшыртуубуз кажет. Учурда бизде эт экспорттоо боюнча малдын башы 10% .
Ал эми эт экспорттоо өнүккөн өлкөлөрдө 60% баштан ашуун. Ал сапаттуу эт жана баанын жогору болуусуна шарт түзөт. Биз эттерибиз менен Кытайдын жана Орусиянын рынокторун толтуруп салсак болот, бирок бизде ал жактарды толтуруп салганга эч нерсе жок ”,-деди Казак эксперттеринин бири Евгений Аман.
Кыргызстанда учурда өлкөдөн башка мамлекеттерге өнүмдү өткөрүүгө жооп берген инфраструктуранын айрым бөлүктөрү жакшырганынан башка көзгө көрүнөрлүк өзгөрүүлөр жокко эсе.
Малдарга паспорт берилди, дагы эмне калды?