• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Биринчи баарлашуу. Сергей Сергиенко

img-20171203-wa0034

👁 4,061

ЭКОНОМИКА гезитинин редакциясы «Өзгөчө маек” рубрикасын ачты. Анда биз жашоодогу жетишкендитери менен бөлүшүүгө даяр жана өзүн-өзү өнүктүрүүнү каалагандар үчүн тажрыйбасын, кеңешин аябагандар менен маектешмекчибиз.

Учурда көпчүлүк жашоосу кандай өтүп жатканы менен деле иши жок. Ооба дал ушундай! Себеби көптөгөн жылдар бою байланган мамлекеттик система адамдарды ушундай жолго салган. Ошондуктан көпчүлүк кандай маселеге туш болсо дагы дароо мамлекетти күнөөлөп чыга келет.

Бүгүнтөн тарта биздин гезит миллионер Сергей Сергиенко менен маектешмекчи.

Ооба, миллионер! Жана ал бул ийгиликке бат эле жеткен эмес. Социалдык тармактарда ал бир каналдын арты менен белгилүү болгон. Кыргыздар арасында балким ал белгилүү эмес, бирок мен башкы редактор катары бул адам менен таанышып гана тим болбостон кызыктуу маек алганга да үлгүрдүм.

Бир аз артка кылчайсак:

Сергей Сергиенко Уралдын Челябинск шаарчасында туулган. 1986-жылы ата-энеси менен бирге Камчаткага көчүп келген. 1996-жылы үй-бүлөсү менен Австралияга көчүп кетишкен.

София деп аталган алгачкы аял роботту ойлоп тапкан австралиялык «Edway» компаниясынын негиздөөчүсү.

Биздин маек ар тармактуу болорун белгилеп кетпесем болбос. Адамдын колунан келбеген эч нерсе жок, бирок бул мүмкүнчүлүктөн баары эле пайдалана беришпейт.

Эмесе баштайлы…

–Сиз жашоого кандай көз караштасыз?

–Жашоо түгөнгүчө баардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп көрүү керек деп санайм. Жашоо баарыбызга бир гана жолу берилген жана дайыма жакшылыктарга умтулуп туруу зарыл.

–Сиз жашооңузду өзгөртө аларыңызга качан көзүңүз жетти?

–Мен 8 жашымда эле муну билгем, эмне иш жасасам дагы мыкты болгум келчү жана ошондон тарта дайыма аракет кылып келем. Өзүмдү мактабайын, бирок азырынча баары жакшы.

–Көпчүлүк анын жашоосунда бир БУРУЛУШ болоруна ишенип, жашоом өзгөрөт деп күтүп жүрө беришет эмеспи. Күтүп отура берүү туурабы же кандайдыр бир аракеттерди кылуу керекпи?

–Негизинен бурулуш ар бир адамга келет экен, бирок аны таанып билүү керек. Ошондуктан дайыма аны кабыл алууга даяр болуу кажет. Аны колдон чыгарбоо үчүн айланадагылар менен көп сүйлөшүп, ал учурду өткөрүп жибербөө керек.

–Жашоо сизди эмнеге үйрөттү?

–Жашоодо баардык нерсе бумеранг болуп кайтып келет. Жакшылыкпы жамандыкпы айланып башыңа келет. Сен эң мыктымын деп ойлобош керек, себеби сенден кыйындар да табылып калат экен.

- Ийгиликсиз иштер эмнеге үйрөттү?

–Ар бир “жок” “ообага” жакындаштырат экен. Чечилбес маселе болбойт.

- Алгачкы миллионду качан таптыңыз эле?

- Эгерде банктагы каражатка карасам анда миллион менде жок. Ал эми активдер тууралуу айтсам Австралиялык кыймылсыз мүлктү Орусияда, КМШда жана Кытайда сатып таптым десем болот.

–Эмнеден баштоо керек?

–Ар бир адамдын өз жолу бар. Бирок дайыма башкалардыкынан өзгөчөлөнүп турган нерсени жасоо керек. Эгерде башканы туурасаң жыйынтык да дал ошонукундай эле болорун эстен чыгарбоо зарыл.

–Эгерде акчаң жок болуп бай болгуң келсечи?

–Иштеп, өзүңдү-өзүн өнүктүрүү керек. Жана жасап жаткан ишти сүйүү абзел, антпесе кыйынчылык болгондо дароо кол шилтеп кетип калышыңыз мүмкүн. Ал эми кыйынчылыктар көп болот.

Интернет буюмдары…София. Бул киборгдор пайда болот дегендикпи?

–Бул жакшы нерсе деп ойлойм. Кандай болгон күндө дагы бүгүнкү системадан начар нерсе болбойт деп ойлойм. Азыр демократия, коррупция болуп система өтө начар. Мен бир өлкө тууралуу эмес, адамзат тууралуу айтып жатам.

–Интернеттин аркасы менен дүйнөлүк экономика өнүгө алабы?

–Интернет жана крипта адамдарда чындыгында эмне бар экенин көрсөтөт деп ойлойм. Убакыттын өтүшү менен банктар, өкмөт, финансы институттары баардыгы экономикалык реалдуулукту эксе алып, башкача иштөөгө аргасыз болушат деп ойлойм.

Биз Сергей Сергиенко менен болгон маекти улантабыз. Бул башталышы гана, алдыда бир топ кызыктуу суроолорго жооп алабыз.

Назира Жуман

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости