Учурда көпчүлүк жашоосу кандай өтүп жатканы менен деле иши жок. Ооба дал ушундай! Себеби көптөгөн жылдар бою байланган мамлекеттик система адамдарды ушундай жолго салган. Ошондуктан көпчүлүк кандай маселеге туш болсо дагы дароо мамлекетти күнөөлөп чыга келет.
Бүгүнтөн тарта биздин гезит миллионер Сергей Сергиенко менен маектешмекчи.
Бир аз артка кылчайсак:
София деп аталган алгачкы аял роботту ойлоп тапкан австралиялык «Edway» компаниясынын негиздөөчүсү.
Эмесе баштайлы…
–Сиз жашоого кандай көз караштасыз?
–Жашоо түгөнгүчө баардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп көрүү керек деп санайм. Жашоо баарыбызга бир гана жолу берилген жана дайыма жакшылыктарга умтулуп туруу зарыл.
–Сиз жашооңузду өзгөртө аларыңызга качан көзүңүз жетти?
–Көпчүлүк анын жашоосунда бир БУРУЛУШ болоруна ишенип, жашоом өзгөрөт деп күтүп жүрө беришет эмеспи. Күтүп отура берүү туурабы же кандайдыр бир аракеттерди кылуу керекпи?
–Негизинен бурулуш ар бир адамга келет экен, бирок аны таанып билүү керек. Ошондуктан дайыма аны кабыл алууга даяр болуу кажет. Аны колдон чыгарбоо үчүн айланадагылар менен көп сүйлөшүп, ал учурду өткөрүп жибербөө керек.
–Жашоо сизди эмнеге үйрөттү?
- Ийгиликсиз иштер эмнеге үйрөттү?
–Ар бир “жок” “ообага” жакындаштырат экен. Чечилбес маселе болбойт.
- Алгачкы миллионду качан таптыңыз эле?
–Эмнеден баштоо керек?
–Ар бир адамдын өз жолу бар. Бирок дайыма башкалардыкынан өзгөчөлөнүп турган нерсени жасоо керек. Эгерде башканы туурасаң жыйынтык да дал ошонукундай эле болорун эстен чыгарбоо зарыл.
–Эгерде акчаң жок болуп бай болгуң келсечи?
Интернет буюмдары…София. Бул киборгдор пайда болот дегендикпи?
–Бул жакшы нерсе деп ойлойм. Кандай болгон күндө дагы бүгүнкү системадан начар нерсе болбойт деп ойлойм. Азыр демократия, коррупция болуп система өтө начар. Мен бир өлкө тууралуу эмес, адамзат тууралуу айтып жатам.
–Интернеттин аркасы менен дүйнөлүк экономика өнүгө алабы?
–Интернет жана крипта адамдарда чындыгында эмне бар экенин көрсөтөт деп ойлойм. Убакыттын өтүшү менен банктар, өкмөт, финансы институттары баардыгы экономикалык реалдуулукту эксе алып, башкача иштөөгө аргасыз болушат деп ойлойм.
Назира Жуман