• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Сергей Быковский: “Биз коом катары бренддерди түзүүгө даяр эмеспиз”

img_97001

👁 1,792

Бүгүн жалкоо кыргызстандык гана «Bigsersport» тууралуу билбейт. Көптөгөн эл аралык спорттук иш-чараларда бул ата мекендик компания спортчуларды колдоп келет. ЭКОНОМИКАнын бүгүнкү коногу компаниянын негиздөөчүсү жана жетекчиси Сергей Быковский кантип өнүгүү, өркүндөп-өсүү керектигин айтып берди.

–Эмнени жасоодон эч качан коркпош кереги тууралуу бизди интернеттен окуган аймактык окурмандарыбызга тажрыйбаңыздан бөлүшө кетсеңиз. Биздин маектин максаты дал ушунда. Эмнеден качуу керек, эмнени кандай жасаш керек жана компанияны түзүү идеясы кайдан жаралган?
- Компания бала чагымда, кыялымда пайда болгон. Совет доорунда 80-жылдары өзүм спорт менен алектенип жүргөндө идея туулган десем болот. Ал учурда товарлар, анын ичинде атайын спорттук товарлар дефицит болчу.

–Менимче бир спорттук дүкөн бар болчу…

–Ооба ал жактан кеда алуу үчүн кезекке туруу керек эле. 7-классымдан тарта эле өзүм кроссовкаларды тигип баштадым. Башындай такыр окшошпой жаткан, өзүм кийип көрчү элем. Өзүңдү ыңгайлуу сезбесең, демек бул туура эмес жасалган. Ошентип кыялымда Adidas, Nike сыяктуу компанияларга атаандаштык жаратууну эңсей баштадым. Биз дүйнөдө эң жакшы болуу деген идеалдар менен жашачубуз. Мен дайыма дйүнөлүк рекордчу болом деп ойлочумун. Мен тек гана кыялданып койбостон көп нерсе жасадым, машыктым.

- Натыйжа болдубу?

–Советтер союзунун курамасына киргем, бирок тилекке каршы жаракат алдым. Азыр ойлойм менин кыялым спорт менен бизнестин ортосунда болчу экен деп. Мен бир түндө кроссовкаларды тигип, күндүз аларды сатчумун. 7–8-классымда эле.

- Кроссовкалар үчүн материалдарды кайдан алчу элеңиз?

–Эмне гана ойлоп тапкан жокмун. Материал да дефицит болчу да. Спорт менен алектенип жүргөндө бизде ыктыярдуу спорттук коом бар болчу, парашюттардан секиришчү. Мен парашюттан материал алчумун, аялдардынспаожкалары ал учурда Milan болчу, мен аларды чогултчумун, таманын алып чаптап чыкчумун, бирок алар өтө бышык болчу.

- Кроссовкаларды алгачкы жолу качан саттыңыз эле?

- 1997-жыл болчу, 5-класста окуп жүргөндө 15 рублга саткам.

- Жакшы баада сатыпсыз, ал учурда бул чоң акча эмес беле?

- Ооба, 70–80-жылдары жумасына 3 жуп бут кийим сата баштадым 15 рублдан. Кийин мага аймактык милиция келип, спекулянт деп камап койгусу келген, ал убакта мыйзам жол берчү эмес да. Бирок бул бизнес ушинтип башталган. Дүйнөлү деңгээлде бизнес кылуу кыялымда болчу, себеби спортчулар баары глобалисттер да, алар дайыма мыкты болгулары келет.

Кыялым, ойлорум бара-бара ишке аша баштады, спортпу же бизнеспи деген тандоо турганда мен жаракат алып калып баары чечилип калды. Мен абдан өкүндүм, бирок бул тагдыр го. Ошондо өз ишимди баштадым.

Ал учурда Горбачев кайра курууну баштап, биз алгачкылардан болуп компания ачтык. «Азия спорт» деген компания болчу, кийин «Темп», андан соң «Азия спорт» кийинчерээк «Bigsersport» болду. 1996-жылы олимпиада оюндарына алгачкы жолу биздин кураманы кийинттик, андан соң 2000–2001-жылдары Кыргызстандын, Казакстандын, Орусиянын курама командаларын кийинткен компания катары таанылдык.

–Өндүрүш менен олутту түрдө качан алектене баштадыңыз?

- «Bigsersport» компаниясын 1991-жылы каттоодон өткоргөм. Бизге 26 жыл толду. Буга чейин «Азия спорт» менен бирге иштечүбүз, андан соң мен өз компаниямды ачууну кааладым. «Азия спорт» кроссвкаларды гана чыгарчу, мен кийим, бут кийим да жасай баштадым. Биз учурда компания катары дүйнөдөгү 65 өлкө менен иштешебиз.

–Канча каражат менен баштадыңыз?

–Капитал ар кандай болчу. Мен дайыма айтып келем, эгерде ишке чалынган сом киреше алып келбесе, бизнес кылуунун кажети жок.

- Бизде көпчүлүгү акчасы жок, нөлдөн баштагысы келет.

–Бул туура, анткени бир сом салып, эки сом алуу керек, кийин ошол эки сом төрт сом болот.

–Сергей мен башка нерсе тууралуу айтып жатам. Бизге редакцияга аймактардан келишет мен консультант катары тренингдерди өтөм. Келишип: “Келиңиз бизнес баштайбыз” дешет, мен: “Кантип” дейм “Сиз бизге акча бериңиз, биз иштеп баштайбыз” дешет. Биздин эл бекер нерсени аябай жакшы көрөт. Инвестор келип, акча берет деп күтпөй, өзүн инвестиция кылууң керек экенин түшүндүрүп көр.

- Кечээ бир семинарга бардым, семинар деле эмес стратегия тууралуу лекция. Менин оюм туура чыкты, профессор эгерде стратегия туура болсо акча дайыма табыларын айтты. Стратегия туура болсо бул пайдалуу экенин бардык эле киши түшүнөт, эгерде ал туура эмес болсо анда салынган каражаттарың жок болот.

Жада калса экономиканы карап чыгуу керек, кайсы бизнес үчүн мүмкүнчүлүк жакшы? Чакан бизнесте атаандаштык жок, себеби аны сен өз колуң менен жасадың, кандай кызмат көрсөтүп, эмнени чыгарып жатканың мааниге ээ эмес. Анын өздүк баасы нөлгө тете жана сен эмгегиң жана кызматыңдан пайда табасың.

Орто бизнес башталганда сиз сөзсүз бир нерсени жалдайсыз. Кандайдыр бир кызматтарды сатып аласыз же жумушчу жалдайсыз, сиз акча коротуп баштайсыз. Коротулган акчаны кайра кайтарып алалбай калышыңыз мүмкүн. Бул эң чоң көйгөй. Жок. Сиз акча төлөйсүз, бирок бул адамдарды кызыктырбайт жана эч кандай киреше алып келбейт, бирок акчалар коротулган болот. Адамдар баарын туура кылып жатабыз деп ойлойт, бирок иш жүзүнө келгенде башкача, бир сөз менен айтсак дүйнө чемпиону болгуң келет, бирок атың баспай койду…эмне кыла аласың. Кайра каражат табуу керек.

Өлкөлөрдүн баары баланста экенин көрүп жатабыз, Россияда нефть, газ, энергоресурстар, Казакстан, а бизде ресурс жок. Аларды кайдан алыш керек? Албетте бизге акча берсе, бизди сактап калышат. Биз акча алып, бирок аны туура жумшай албай жатабыз деп ойлойм. Ошентип бизге башка өлкөлөр басым көрсөтүп жатышат, анткени бекер тамак капканда гана болот. Дүйнөлүк демпинг ар бир мамлекет монополист болгусу келгенинде. Атаандаштык болбошу үчүн.

Кытай кантип алдыга жылып жатканын карасак болот, мисалы алар жеңил өнөр жайында социалдык багыттагы экономиканы курушкан. Бул эки мүйүздүү керемет, себеби биз рынок экономикасы социалдык боло албайт деп келебиз, бирок алар социалдык-рыноктук экономика курушту. Бул эмне дегендик. Алар кирешеси көп болгон бир тармактан башка тармактарга дотация беришет, адамдар иштеши үчүн. Жеңил өнөр-жайы ушундай жолдор менен дотацияда. Эмнеге? Себеби көп сандагы кишилер иштеши керек. Бүткүл дүйнө колдоду, ооба дүйнөлүк тигүүчү машинкалар, ал жакта маркетингдик жолдорду ойлоп табышты.

Эми бул өлкө өз бизнесин 20% дотациялайт. Чындыгында бир дагы өлкө мындай экономиканы мындай шарттарды көтөрө албайт. Андан сырткары алар чек ара маселелерин чечип койгон, биз муну көрүп жатабыз, биздин базарлар – Дордой, биздин бардык базарлар демпингде. Адар өз экономикасын өздөрү кыйратып жатат.

–Эгерде тар тармак болсочу? Мисалы сиз өз ишиңизди таптыңыз, спорттук кийимдер менен алексиз, ал жакка эч ким башын тыкпай эле туурабы?

–Ошол учурда баары шашкан, тезирээк жасайлык бул жакта инвестиция бергени жатышат деп, бирок А.Акаев бул процесстерди кармап турган, өз бизнесинин өсүшүнө шарт түзгөн. Анткени бизнес бала сымал, аны өстүрүшүң керек. Мен дайыма айтып келем, биз коом катары бренддерди түзүүгө даяр эмеспиз.

Бренд түзмөк, бул дүйнөгө чыгарган нерсеңди таңуулоо, биз болсо тескерисинче батыш бренддеринен көз карандыбыз жана башка нерсенин кереги жок деп ойлойбуз. Биз баары ички нерседен башталарын билишибиз керек, эгерде ичиңде каалоо жок болсо сыртыңдан мунун баарын аттап кетиш оор болот.

Мен азыр патриоттуулук сезимди ойготуп жатам, бул тема биздин өлкөдө тупикке келип калганын түшүнүп турам. Эмнеге? Анткени бүгүнкү күндө жарандык институту өнүкпөй эле. Баары эле алып сатуу менен алек. Рыноктук демпингде атаандагтык чоң. Алардын баары тигил жактан бул жакка алып келишип сатышып, кандайдыр бир жеке капиталды демпинг кылып жатышат.

–Бизде рынок экономикасы ушундай түзүлгөн да. Жада калса аймактарда дыйкандардан болбогон тыйынга сатып алышып, бул жактан кайра сатып жатышпайбы.

- Туура, монополия дал ушул рыноктордо, базарларда пайда болот. Биз компания катары мындан чыгып кеттик жана дүйнө азыр ушундай мүмкүнчүлүк берип жатат. Биз интернет аркылуу алдыга жылабыз. Бизди эч кандай рыноктор блокко сала албайт, дүйнө ачык. Коммуникацияны жакшыртып алып эле ошол жакта иштеш керек. Биз учурда дал ушул багытта иштөөдөбүз, 500 миң подписчигибиз бар, белгилүү маалымат берүү ыкмабыз бар, контент бар, ушунун эсебинен биз белгилүү болуп жатабыз.

- Интернет менен колдоно баштаганда сатуу канчага көбөйдү?

–Биз учурда сатууну көбөйтүүнү максат кылган жокпуз, биз брендди алдыга жылдыруу аракетиндебиз.

- Учурда канча кызматкериңер бар?

–Буга чейин 150 адам иштечү.

–Башында канча киши иштечү эле?

–Жалгыз болчумун, өзүм эле.

- 26 жылда 150 кызматкерге жетиптирсиңер. Ошол учурдагы Сергей Быковскийге карай турган болсок, ал канча товар чыгарчу эле, жана учурда канчага көбөйдү?

–Пайыз мененби?

–Ооба.

- Билбейм. Абдан көп.

–Азыр чыгарган өнүмдүн көлөмү канча?

–Чоң

–Анализ кылбайсыңарбы?

Анализ жасайбыз. Сергей Быковский мурун бир күндө бир нерсе тиксе, учурда күнүнө жүз десек болот.

- Макул. Салыштыруу үчүн 5 жыл мурунку убакты алалы

–Мен дагы бир жолу бизнестеги көйгөй эмнеде экенин айткым келип турат. Мисалы, апгрейтти так аткаруу зарыл. Эгерде чакан бизнес тууралуу айта турган болсок анда чыгымдар рыноктун сунушу менен болушу керектигин билишибиз керек. Эгерде чакан бизнес болсо арзан товарларды жасаса болот деп ойлошот, тескерисинче бизнес канча чакан болсо ошончолук сапаттуу нерсе жасаш керек. Эмнеге? Анткени кошулган баа анын өнүгүүсүнө мүмкүнчүлүк бербейт. Биздин ишкерлер эмгегин баалаганды билишпейт, 20–30% алса эле болду деп ойлошот. Чындыгында 1000-10 000 кызматкерлери бар компаниялар гана 20–30%га иштесе болот. Кытайда ушундай, 10 000 кызматкер 20 % дотация. Натыйжада болжол менен 50%.

–Бизнести канча сумма менен баштоо керек?

–Батыш системасы боюнча башында маркетинг боюнча бизнести санап чыгуу керек. Чакан, орто, чоң. Эгерде чоң бизес болсо эмнени чыгаргыңыз келет? Орточо, арзан, кымбат. Рыонкту карайсыз, эмне бар эмне жок. Мисалы биздин рынокто кымбат өнүм жок. Bigsersport дал ошол кымбат жакка кеттик. Бул кыйын, себеби элита батыш бренддерине ыктайт ал эми “Кыргызстан, анан ушунча кымбат, эмне шылдыңдап жатасыңарбы” дешчү башында.

Азыр айрым кийимдер Armani, Adidas жана Nike фирмаларыныкынан а кымбат турат. Адамдар азыр даяр эмес, Bigser бул кымбат, сапаттуу эмес. Бизде да демпинг күчтүү, ошол эле алып сатарлар. Атаандаштык күч. Бирок бул атаандаштык жасалма, бизде атаандатык жок. Биз рынокто кымбаттыкты тандап алганбыз себеби ал эркин.

Эмнеге эркин? Анткени азыр рынокту карай турган болсок эч ким жаңы коллекция чыгарбайт, биринчи баскычтагы коллекция (спорттук). Биринчи баскычтагы коллекцияда бир эле спорттук кийим 300 доллардан жогору турат. Биз Adidas жана Nikeтын расмий дилери болууну түшүнөбүз, КМШ өлколөрүндө алардын расмий дилерлери жок. Алар өздөрү КМШ өлкөлөрүндө жасалма Adidas жана Nike расмий дилерлерге иштөөгө жол бербей турганын айтышкан. Биз компания катары легалдуу бизнес курдук. Легалдуу бизнес деген эмне? Бул албетте өндүрүш баасы, маркетинг баасы жана сатуу. Ар бири сатуудан түшкөн пайызга кызыкдар. Эгерде баа франчайзингден арзан болсо ким иштемек эле? Бир дагы соода тармактары сенин өнүмүңөн пайда көрө албайт.

–Келечекте франшиза сатууну пландап жатасыңарбы?

–Биз азыртадан эле франшиза сатабыз.

–Каякка сатасыңар?

–Орусияга, Казактсанга чет жактарга. Бул маселеде так апргейт болуусу зарыл, графика белгиленген логистикалык чектен ашпашы керек. Мисалы, орто бизнес. Орточо баадан жогору болбошу керек. Эгерде жогорку категориядагы өнүмгө багыт алсак, демек, жаңы заманбап жабдуу, технология, кездеме алыш керек, дүйннүн булуң бурчунан адистер менен иштеп, атаандаштыкка туруктуу болуу керек.

Дүнөлүк бренддер жылына бирден коллекция чыгарса, биз жылына 8–10 коллекция чыгарабыз. Элестетип жатасыңарбы. Бул стартап. Ар бир иштеп чыгууга эле технология, дизайн керек дегендей.

- Маалымат технологияларынын өнүгүшү менен лазердик станоктор чга баштабадыбы. Бул стандартка жооп бересиңерби?

–Бизде толугу менен SMART өндүрүш. Биз баарын жасадык. Бары санарип. Дизайндан баштап баары санарип.

- Башкача айтканда толугу менен санарип интеллектпи?

–Биздин санарипке өткөнүбүзгө 3 жыл болду. Мисалы субоимациялык басып чыгаруу. Аны менен каалаган нерсеңди тартсаң болот. Кагаздан сүрөттөр кездемеге 200 градус менен түшүрүлөт. Бул япониялык технология, алар Fashion. Эгерде кездеме начар болсо 200 градуста эрип калат, эгерде технология туура эмес болсо, эч нерсе жасалбайт. Бул технология менен супер компаниялар эле иштешет, баасы бир топ жогору. Биз бул жолго 6 жыл мурун түшкөнүбүздө абдан татаал жолдон өттүк, көп чыгымдар болду.

Учурда Adidas ккийими 300 доллар болсо биздики 200 доллар. Себеби биздин рынок үчүн жасап жатабыз. Биздин компания кардарларга да жеткире албай жатат. Bigserди 200 долларга алгыча адидасты 200 долларга алам дешет.

Уландысы бар

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости