В. П. Кирюша алгач Кыргызстанга 1991-жылы келген дагы, аны өтө жакшы көрүп калган. Ошондо эле ал бул жерде калууну каалап, бирок 1999-жылы биротоло көчүп келген. 1995-жылы ал жарандык алган. Ал өлкө өнүгүп келе жатканын көрүп, бул жерде экономика жана финансы тармагында өз билими менен салым кошсо болорун аңдаган.
- Владимир Петрович, бул жылы экономикалык абал тез начарлайт деп окурмандар тынчсызданса болобу? Учурда абал туруктуу, сом катуу “секирбей” эле, Орусиядан келген акчалардын агымы өсүүдө, бирок көпчүлүк бороон алдындагы тынчтыктан коркушат эмеспи.
–Жакынкы аралыкта абал өзгөрөт деп ойлобойм. Улуттук банк сомдун курсун башкарып жатат, ал кунсузданбай эле. Өткөн жылы өлкөнүн валюталык резерви өстү. Жакында президенттик шайлоо экендигин жана бийлик жаман экономикалык маалыматтар менен элди кыжырдантууну каалабайт.
–Каражаттарды сом менен сактоо пайдалуубу же доллар мененби?
–Мен бөлүп коет болчумун, бир бөлүгүн доллар менен, калганын сом менен сактайт элем. Доллар ишенимдүү, акчаңарды доллар менен сактап силер аны жоготуп албооңорго кепилдик бере аласыңар. Бирок азыр банктар долларлык депозитке өтө аз үстөк пайыз беришет, болгону 2–4%. Сом менен ставка алда канча жогору 13%га чейин.
–Анда акчаны салып эмне кереги бар? Акцияар? Облигацияар? Алтындар? Силердин компаниянын кардарлары акчаларын эмнеге салышат?
- Биз жеке жактар менен көп деле иштешпейбиз, негизги кардарларыбыз ири фонддор жана корпоративдик кардарлар. Алар фонддук рынокто активдүү, бирок негизинен Кыргызстандан сырткары. Тилекке каршы, Кыргызстанда фонддук рынок тууралуу сөз кылуу мүмкүн эмес.
Мисалы жакында эле өкмөт рынокко мамлекеттик облигацияларды алып чыкты, алар жылына 15% киреше алып келет. 7 жылга. Менин оюмча бул кызыктуу курал жана жакшы киреше. Бирок жөнөкөй жарандар аларды сатып алуудан коркот, себеби аларды кайра бат сатуу мүмкүнчүлүгү жок, кээ бирлери 7 жыл күтүүнү каалабайт дагы акчаларын кайра артка алгысы келет.
Эгерде сатып алуучулар бар болгондо аны кайрадан каалаган күнү сатып жиберүүгө мүмкүн болмок. Башка өлкөлөрдө мындай кепилдикти биржалар берет; бизде болсо биржада кепилдик берген сатып алуучулар жок. Келишим көлөмү өтө кичине.
Биздин электрондук почтабызга дайыма кандайдыр бир акцияларды жана облигацияларды сатып алуу сунушу келип турат. Бул Кыргызстанда келишим түзбөй эле түз сатып алуулар бар дегенди билдирет, демек биржада баалуу кагаздарды рынок баасы менен сатып жиберүү дайыма эле мүмкүн эмес.
- KLS Securities Россияга көп инвестиция саларын билем. Жакынкы жылдары Россиянын экономикасында кандай өзгөрүүлөр болорун айтып бере аласызбы? Окурмандардын көбүнүн туугандары Россияда иштешет, ошондуктан бул суроо өтө актуалдуу. Баары экономиканын начарлашынан коркушат, ал болсо мигранттардын жашоосуна дароо таасир тийгизет.
–Украинадагы окуялардан соң Россияга эл аралык санкциялар киргизилген, ал болсо Россия рублунун курсуна терс таасирин тийгизди. Жакынкы арада Россияда абал начарлайт деп ойлобойм. Тескерисинче, көпчүлүк чет элдик инвесторлор Россиянын рынок фондуна келишкенин байкап жатабыз. Бул жакшы белги.
KLS Securities — ири инвестициялык компания. Ал 2007-жылы негизделген. 4 өлкөдө тармактары бар. Владимир Петрович Кирюша 1990-жылы биринчи тажрыйбасын Россиянын баалуу кагаздар рыногунан алган. Анда менчиктештирилген ишканаларды сатып алуу менен алек болчу. Кыргызстанда 1999-жылдан бери жашайт.