Schneider Electric компаниясы менен И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ортосунда келечектеги инженерлерди окутуу боюнча жабдууларды берүү жана тиешелүү лабораторияны ачуу боюнча меморандумга кол коюлду.
Schneider Electric энергияны башкаруу жана турак-жайлар, имараттар, маалымат иштеп чыгуу борборлору, инфраструктура жана өнөр жай үчүн автоматташтыруу тармактарын санариптик трансформациялоо боюнча дүйнөлүк таанымал эксперт болуп саналат. Компания дүйнөнүн 100 ашуун өлкөсүндө иш алып барып, электр энергиясын жана автоматташтыруу тутумун башкаруу тармагында алдыңкы орунду ээлейт.
Компаниянын жетекчиси Йохан Вандерплаетсе белгилегендей, компания санариптик трансформация боюнча долбоорлорго катышууга кызыкдар: «Кыргызстандын жалпы Борбор Азия аймагы үчүн маалыматтарды сактоо жана иштеп чыгуу боюнча лидер болуп калуусуна чоң мүмкүнчүлүгү бар. Ал үчүн өлкөдө бардык шарттар: табигый муздатуу, жеткиликтүү электр энергиясы жана адамдык потенциал бар. КР Өкмөтүнүн санариптештирүү боюнча пландары амбициялуу жана учур талабына жооп берет».
«Таза Коом» долбоору алкагында биз тажрыйбалуу, беделдүү жана инфраструктуралык МКТ долбоорлордо тийиштүү экспертизасы бар коммпаниялардын катышуусуна, бизнес үчүн санариптик тутумда иштөө шартын түзүүгө, ошондой эле жергиликтүү адистердин мүмкүндүгүн жогорулатууга кызыкдарбыз», – деп белгиледи Сапар Исаков.