• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Сапар Мукамбетовдон ийгиликке жетүүнүн 3 сыры: “Эмгек, чыдамкайлык жана …эч ким жолтоо болбоосу керек!”

foto-sapar-mukambetov

👁 1,380

90-жылдары Ысык-Көл районунда жер бөлүштүрүү болуп жатканда Мукамбетовдордун үй-бүлөсү эмгек ардагери Асанкул ата менен биргеликте кайрак жерди, токойдогу кичинекей жер тилкесин жана сазды ижарага алышкан.

20 жыл тынбай эмгектенген соң бул жерлер таанууга мүмкүн болбой өзгөргөн. Бирок Асанкул атанын уулу жана бул чоң чарбаны башкарган Сапар Мукамбетов иштөө бул кадимки эле көрүнүш экенин, эң башкысы эч ким тоскоол болбоосу зарылдыгын билдирет.

Айылдык ишкер Сапар Мукамбетов акча табууну каалагандарга өзү тууралуу айтып, тажрыйбасы жана жетишкен ийгиликтери тууралуу бөлүшөт.

–Алгач өзүңүз жана үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз.

–Мен 1962-жылы Бишкекте туулгам, ушул жылы 55 жашка толом. Мен Ысык-Көл облусундагы Семенов айыл өкмөтүнө караштуу Кожояр айылынан болом. Мектепти бүткөн соң биздин айыл-чарба институтка тапшыргам, кесибим боюнча инженер механикмин.

Институтту бүткөн соң совет-партиялык органдарда иштедим, революциядан соң акимиатта эмгектендим. Андан соң өз ишимди баштоону чечтим. Үй бүлөм бар. Дыйканчылык менен алек болууну чечтим.

Жер бар, мурун 40 гектар болчу, 1- гектары өзүмдүкү, ал эми 30 гектарын ижарага алчубуз. Айыл-чарбасы менен алек боло баштадык. Көлдүн жээгинен дагы 9 гектар жер ижарага алдык. Бакча өстүрдү, балык өстүрүү менен алек болом.

Ал үчүн көлмө жасаганга жер каздым, бирок балыкты сатуу үчүн эмес, туристтер балык кармап эс алуусу үчүн өстүрөм. Ошондой эле өзүбуз үчүн дагы балык кармайм, жейбиз, нервибизди эс алдырабыз. Негизгиси ушул.

–Жер бөлүштүрүп жатканда сиздин үй-бүлө баарын таң калтырган деп айтышты эле…Эмне болду эле?

-(Күлүп)… А-аа, ал мындайча болгон. Жерди бөлүштүрүп жатканда элдин баары сууга жакын, тоо түбүндөгү жерлерди алууну каалашты. Жер менен иштөө үчүн суу зарыл экени баарына түшүнүктүү да. Ал эми көл жээкке жакын жерге суу жетпей калат, анткени айылдан 9 чакырым алыс жайгашкан. Анын үстүнө бул жерлер каралбай камыш басып кеткен эле.

Азыр сен өздөштүрүлгөн жерлерди көрүп жатасың, бул жерлер саз болуп, камыш басып кеткен жер болчу. Менин атам алысты көрө билген, эмгекчил адам. Ал мага “ушул жерди ал-иштеп чыгабыз” деди.

besedka-na-prudu

Башында алгым келген эмес, элдин баары жогорку жактан жер алып жатса, мен да ошол жактан алгым келген. Бирок атам болбой койду. Ижарага жер алып, ага болгон каражатыбызды салдык. Алгач айдоо жердин аянты 10 гектар болчу, кийин дагы 30, андан соң 9 гектар жер ижарага алып, буудай, кара буудай жана башка дан эгиндери эгип баштадык. Мал бага баштадык.

Канча киреше тапсак дагы бир тыйынын коротпостон кайра үрөн, жер семирткич, техника жана башка нерселерди алчубуз.

Бара-бара баарын эсептеп, канча каражат керектигин билип туруп көлмө жасоо үчүн чуңкур каза баштадык. Бул өтө оор иш болду, андан соң терек отургуздук. Бакча менен да алек боло баштадык, негизинен ар кандай сорттогу алмаларды отургуздук. Дарактардын тамырлары саз жана начар жерди бекемдей баштады.

Жумуш улам сайын көбөйө баштагандыктан жергиликтүү тургундарды жалдап баштадык. Анан киреше да түшө баштады.

–Канча тургун, коңшу ушул убакыт аралыгында сиздерде иштеп кетти? Канча адамга жумушчу орун түзүп бере алдыңыз?

–Азыр дайыма 4 үй-бүлө иштейт, ал эми адам жетишпей калган убакта дагы кишилерди алабыз. Мен аларга ишине жараша төлөп берем. Мисалы азыр бир жумушчу биздикинде жашап иштейт. Ошентип менин колумда дайыма 5–6 киши иштеп, акысын алып турушат.

Редакциядан: 90-жылдардын аягында 2000-жылдардын башында Семеновка, Кожояр, Григорьевка жана башка айылдарынын тургундары Орусияга кетишкен. Бирок сезондук иштерге адамдар дайыма табылчу. Азыр болсо алма жана алмурут терүү үчүн жаш балдарды табууга мүмкүн эмес. Алардын баары Орусияда иштешет. Ал эми Сапар М. Алма терүү үчүн күнүнө 1000 сом төлөп берет жана тамак-аш, жашаган жер бекер берилет. Бирок жаштар Москванын жана Орусиянын башка шаарларынын көчөлөрүн шыпырууну каалашат.

–Түшүнүктүү. Азыр баары өз ордуна келип калыптыр да. Азыр негизги киреше эмнеден түшөт?

–Мал сатам, ири мүйүздүү мал жана майда жандыктарды сатам. Сезон учурунда чөп, дан жана башкаларды сатабыз. Жайында эс алуучулар келет, бул дагы киреше.

–Биздин окурмандардын көпчүлүгү айылдагы ишкерлер. Аларда мыйзамга, салыкка байланышкан суроолор көп туулат. Көп учурда калк ушул тоскоолдуктарга арызданышат. Сизде жергиликтүү бийлик, фискалдык орган жана башка текшерүүчү органдар менен мамилеңиз кандай?

–Мамлекет менен менин ортомдо эч кандай маселе жок! Анткени мамлекет өзү менен мен өзүм менен алекмин.

Мен өз милдеттеримди билем – бардык салыктарды өз убагында төлөйм жана тынч уктайм. Өлкөдөн насыя, грант, ссуда сыяктуу эч нерсе алгым келбейт. Өз ресурстарыма жана эмгегиме гана ишенем.

Жада калса бир убактарда ижарага алган жерлерди кайра кайтарып берип салгам. Азыр өзүм сатып алган жерлерди гана иштетем.

–Айыл-чарба министрлигинен жана башка кызматтардан жардам барбы?

- Дыйкандарга мамлекет такыр жардам бербей жатат деген болбойт. Мамлекеттик органдар кеңеш беришет, сунушташат, бирок алардын системасы чакан дыйкан чарбага жардам берүүгө багытталган эмес.

Мага мисалы, азыркы 19 гектар жерим менен мамлекеттен бир нерсе суроо ылайыксыз. Мага азырынча өз ресурстарым жана билимим жетиштүү. Эгерде менин эч нерсем жок болсо балким сурамакмын. Бирок мындайлар менсиз деле жетиштүү.

Бул жылдар аралыгында көп нерсени үйрөндүк. Үрөнгө канча каражат алып коюу керектигин, техниканы оңдоого жана малга тоют сатып алууга канча акча керек болору билебиз. Аба ырайына карап туруп эле канча үрөн себерибизди билебиз. Анын канчасын сата аларыбыз да белгилүү.

Кирешени бир жылда бир жолу эле алабыз, баары аба ырайынан жана түшүмдөн көз каранды. Ошондуктан биз мамлекеттик органдар жана коммерциялык банктар менен байланышпоого аракет кылабыз.

Мен жеңилдетилген насыя жана лизингге техника алган туугандарды жана коңшуларды билем. Алардын баары азыр карызын жабуу үчүн катуу иштеп жатышат. Башкача айтканда банктарга жана компанияларга эле иштеп берип жатышат. Чакан дыйканчылыкка жардам берүү жөнгө салынбаганын кайталап кетейин.

Мына азыр трансформатордук подстанция керек болуп жатат. Бул жерде 50 үй-бүлө жашайт жана электр жарыгына байланыштуу маселе көп чыгат. Бул маселени өзүбүз чечебиз.

Эң негизгиси мамлекеттик органдар тоскоол болбой эле жана биз өзүбүз болгон күчүбүздү жумшайбыз.

Мына бул жерге кошумча дренаждык системаны куруу керек, себеби сезон учурунда жерлерди суу каптап кетип жатат. Кайра эле каражатты өзүбүз издейбиз. Ошондой эле тазалоо курулушун жана артезиан скважинасын куруу зарыл.

Мен жана коңшуларыбыз булардын баарын кылган соң санэпидемстанция, техинспекция, экология жана башкалар келип текшере башташат. Ошондо мамлекет менен болгон мамиле түзүлө баштайт.

Мен дыйкандардын 1000 гектар жери болуп, көп малы жана техникасы болсо түшүнөт элем. Анда кооператив түзүп, мамлекеттен бир нерсе алса болот, бирок алар мамлекеттик компанияларга кайра бир нерсе кайтарып бериши керек да.

Чакан чарбачылык мамлекет менен байланышпай эле койгону жакшы. Аларга эмне керек? Мыйзамга ылайык салык төлө калгандарын жер иштетүүгө сал. Өсүмдүктөрдүн түрүн көбөйт, бул жерде баары өсөт.

–Келиңиз эми сиздин эс алуучу жайыңыз тууралуу кеп салалы. Сиздин чакан бирок өтө ыңгайлуу үйүңүз туристтерди өзүнө тартып турса керек. Анын үстүнө силердин айылдын жанында “Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюну” өткөрүлбөдүбү. Кандай натыйжаларды күтүп жатасыз, келечекке кандай пландар бар?

na-beregu-ik

–Жашоо бизди муну кылууга мажбурлады. Мурун Ысык-Көлдөгү туризм Чолпон-Ата шаарына жана Корумду айылына чейин эле болчу. Азыр эки жолу Көчмөндөр оюну өткөрүлгөн соң биздин аймакка болгон кызыгуу жогорулады.

Азыр элдер барган сайын жаратылыш койнундагы тынч жерлерде эс алууну каалашат.

Мен тааныштарымдан улам билем, орто жаштан өтүп калгандар экологиялык жактан таза, тынч жана бардык шарттары бар жайларда эс алууну каалашат. Балдарын да алып алышат. Жаштар болсо түшүнүктүү да, ызы-чуу болгон көпчүлүктү жактырышат.

Мен дагы максималдуу түрдө жапайы жаратылыш койнунда бардык шарттар бар жай курууга аракет кылдым. Көлмөдөн эс алуучулар ак амур, пелядь, форель сыяктуу эң чоң балыктарды кармай алышат.

Дал ушул жерден мамлекет жардам бере алат.

–Кантип, Акча бериппи?

–Жоок. Эгерде мамлекеттик органдар автоматтык түрдө жерди трансформациялап берсе, анда капиталдуу туризм менен алек болсо болот. Башкача айтканда максаттуу салым болмок. Азырынча биз бакча үйлөрүн куруп жатабыз, мыйзам боюнча биз чоң имараттарды кура албайбыз.

–Айылда азыр жаш ишкерлер көбөйүп жатат. Чет өлкөгө каражат табууга баары эле кетпей эле. Сиз аларга кандай кеңеш берет элеңиз?

–Азыр жаштар акчаны бат табууга жана жомоктогудай үй, унаа алгылары келет. Бирок мындай эч качан болбойт. Мен айыл-чарба жана туризм менен алек болгондорго кеңеш берет элем.

Баарынан мурда жакшы бизнес план жазуу керек, ал реалдуу болуп, өтө чоң болбошу керек. Бул бизнес планды ишке ашыруу үчүн алгачкы капитал керек.
Ар бир тыйынды санаш керек, бизнес пландын кайсы тармагына каражат салуу керектигин.

Жай болгону менен иш жүрүшө баштайт. Бирок дароо 1–2 жыл ичинде гүлдөп кетпейт. Балким 5–10 жыл күтүүгө туура келет. Бирок кийин жакшы киреше таба баштайсың. Туруктуу жана ишенимдүү бизнесиң болот.

Эгерде көп нерсеге умтулсаң анда жакшы бизнес план жаз дагы банктын насыя берүүчү бөлүмүнө бар. Анан талыкпай иштөө керек. Киреше сөзсүз болот. Бирок алгач сен банк үчүн иштейсиң, андан соң өзүңө. Бирок жер сага сөзсүз жемишин берет.

Башкысы сен ага камкордук менен жана илим менен мамиле кылууң керек.

Маектешкен Аман Туратов

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости