Өкмөт башчы Сапар Исаков 10-январда “Интернет саясаты жарандык демилге” коомдук фондунун директору Татту Мамбеталиеваны премьер-министрдин коомдук башталгычтагы кеңешчиси кылып дайындоо тууралуу буйрукка кол койду. Ал “Таза коом” мамлекеттик программасын ишке ашырууга жооп бермекчи.
Премьер-министрдин 9 кеңешчиси бар. Алардын экөө: Гүлнура Төралиева жана Талант Султанов расмий кеңешчилер, алар маяна алып иштешет. Калган 7 кеңешчи коомдук башталгычтагы кеңешчилер болуп саналат.
Алар кимдер? Эсенкул Момункулов, Юлия Калиниченко, Бермет Турсункулова, Назик Бейшеналы, Алексей Коротеев (РФжараны) жана Мурад Омоев. Коротеевден башкасынын баары батыштагы жогорку окуу жайларды бүтүшкөн. Өкмөт башчынын бул тобу эмне иш менен алек экени белгисиз. Өкмөттүн басма сөз кызматы бул тууралуу маалымат бере бербейт.
Бүгүн болсо Жогорку Кеңеште Санжар Муканбетовдун вице-премьер министрликке талапкерлигин карап жатып депутаттар вице-премьерлердин жана кеңешчилердин көптүгүнө таң калышканын жашырышкан жок.