• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Сапар Исаков: Жаратылыш– өлкөбүздүн негизги байлыгы

sab_1773

👁 979

«Жаратылыш– өлкөбүздүн негизги байлыгы», – деп 14-апрелде, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков «Таза Жашоо» улуттук кампаниясынын жана «Жаңы доорго кырк кадам» өкмөттүк программасынын «Тоо токой» аталыштагы 40-кадамы боюнча коомдук угуулар алкагында өтүп жаткан «Тоо токой – горный лес» экологиялык форумунун жүрүшүндө билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, айлана-чөйрөнүн начарлап жаткан доорунда Кыргызстан салыштырмалуу түрдө таза жаратылыштын чөлкөмү болуп саналат. Премьер-министрдин айтымында, агрардык экономика жана оор өнөр жайынын болбогондугу өлкөнүн жаратылыш байлыгын сактап калууга мүмкүндүк берди.

«Менин пикиримде, биз өнөр жай обьектилерин ишке киргизүүдө алардын абаны булгоосун төмөндөтүүсүнө карата катуу талаптарды коюшубуз керек. Биз бир эле учурда жаңы иш орундарын түзүү жана экологиялык абал тууралуу ойлонушубуз кажет», — деп белгиледи Сапар Исаков.

Өкмөт башчы белгилегендей, бүгүнкү күндө жаратылыштын булгануусу, био ар-түрдүүлүктүн кыскарышы жана ири шаарлардагы абанын бузулушу байкалууда.

Премьер-министр токой жана көп жылдык өсүмдүктөр жаратылышты коргоого, абаны тазартууга, мөңгүлөрдү сактоого жана жалпы өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөөрүн белгиледи.

Буга катар Сапар Исаков билдиргендей, өлкөдөгү токойлордун аянты, болжол менен, жалпы аянттын беш пайызын ээлейт, бул башка өлкөлөр менен салыштырганда анча чоң эмес көрсөткүч болуп саналат. Буга байланыштуу Премьер-министрдин айтымында, Өкмөт ар-кыл экологиялык демилгелерди ишке ашырууга активдүү көмөк көрсөтөт.

Мындан тышкары, Өкмөт башчы Кыргызстанда токойлордун эскирүү көйгөйү орун алгандыгын, бул жагдайды чечүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ар жыл сайын калктуу пункттарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу үчүн тийиштүү көчөттөр менен камсыздалып жаткандыгын кошумчалады.

Сапар Исаков белгилегендей, бул иштер ошондой эле «Таза Жашоо» улуттук кампаниясы алкагында ишке ашырылып жатат, анын ишине өлкө боюнча бардык жарандар тартылууда. Ал кошумчалагандай, бүгүнкү күндө бүтүндөй республика боюнча мамлекеттик органдар жаштар уюмдары менен биргеликте масштабдуу ишембиликтерди жана аймактарды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча иш-чараларды өткөрүүдө.

«Кыргызстанда экологиялык коопсуздукту сактоочу экологиялык кыймыл пайда болууда», – деди Сапар Исаков.

Премьер-министр өлкө тарыхында алгач ирет «Жаңы доорго кырк кадам» өкмөттүк программасында токой тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, ага «Тоо токой» аталышындагы атайы бөлүк арналгандыгын эскертти.
«Аталган бөлүктө эксперттер калктуу пункттардагы токойлордун жана бак-дарактардын аянтын кеңейтүүгө, ошондой эле багбанчылыкты өнүктүрүүгө багытталган иш-чараларды иштеп чыккан. Биз бизнестин тоолуу жерлерде бак отургузууга мүмкүндүк алуусу үчүн бардык шарттарды түзүүбүз керек. Биз Кыргызстандын негизги аймагын тоолор ээлеп тургандыгын эстен чыгарбашыбыз зарыл», – деди Сапар Исаков.

Өкмөт башчы белгилегендей, жакынкы арада «Тоо токой» кадамын ишке ашырууга багытталган тийиштүү ченемдик-укуктук актылар кабыл алынат.

Премьер-министр Өкмөт аталган кадамды ишке ашыруу боюнча жаңы демилгелерди карап чыгууга даяр экендигин билдирип, экспеттерди жана жарандык коом өкүлдөрүн аталган процесске активдүү катышууга чакырды.

Иш-чаранын жүрүшүндө атамекендик жана эл аралык экспеттердин, мамлекеттик орган жана бизнес-коомчулуктун экология жаатындагы бетачарлары тартууланды.
Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости