Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков 4-апрелде, «Центерра Голд Инк.» компаниясынын аткаруучу директору Скот Перри менен жолукту.
Тараптар компанияны өнүктүрүү келечектери тууралуу кенен талкуулашты жана кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкчылык артып жатышкандарын билдиришти.
Ошондой эле Өкмөт башчы Кыргыз Республикасы жана «Центерра Голд Инк.» 2017-жылдын 11-сентябрында кол коюлган Стратегиялык келишимдин шарттарын өз маалы менен аткарып жатканын белгилеп кетти.
Скот Перри белгилегендей «Кумтөр Голд Компаниде» Кумтөр кенинин тегерегиндеги экологиялык абалды жакшыртуу боюнча буга чейин Кыргыз Өкмөтү тарабынан көз карандысыз эл аралык экологиялык консультант катары тартылган AMEC компаниясынын бардык сунуштамаларын аткаруу боюнча чоң иш жаcалды. Эске салсак, жаңы келишимге ылайык жыл сайын алынуучу экологиялык төлөм 310 миң АКШ долларынан 3 млн АКШ далларына чейин жогорулатылган.
Сапар Исаков кен жерининин иштетүү мөөнөтүн узартуу маселесин белгилеп, адистердин талдоосу жана бардык расмий документтер боюнча анын иштөөсүнө 8–10 жыл калды.
Буга байланыштуу Скот Перри компания жергиликтүү адистерден 5 миң адамды жумуш менен камсыз кылган жана жеке сектордун ири салык төлөөчүсү болуп эсептелген кенди иштетүүнү улантуу үчүн мындан аркы геологиялык чалгындоого дээрлик 26 млн АКШ доллар кошумча инвестицияларды салууга ниеттенип жаткандыгын тастыктады.
«2012-жылдан баштап Кыргыз Өкмөтү жана компания ортосундагы белгилүү бир түшүнбөстүктөр орун алганына байланыштуу биз тараптан геологиялык чалгындоого каражаттар салынбай келген. Жаңы келишимдин түзүлүшү менен биз геологиялык чалгындоого инвестицияларды жумшоо тууралуу чечим кабыл алдык», – деди Скот Перри.
Ал кошумчалагандай компаниянын жогорку жетекчилигинин курамы өзгөрүлдү, учурда беш башкаруучунун үчөө Кыргыз Республикасынын жарандары. Андан тышкары Скот Перринин маалыматы боюнча кыргызстандыктар адис катары «Центерра Голд Инк.» компаниясынын башка өлкөлөрүндөгү объектилерине тартылууда.
Өкмөт башчы минералдык-чийки зат базаны кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ал кендин концессиондук аймагынан тышкары орун алган кен чыгуучу жерлер боюнча паритеттик негизде «Кыргызалтын» ААК менен биргеликте жаңы ишкана түзүү мүмкүнчүлүгү каралып жатканын белгиледи.
Скот Перри Кыргыз Өкмөтүнүн ниетин колдоп, жана «Центерра Голд Инк.» тараптан аталган демилге боюнча ар тараптуу көмөк көрсөтүү болоорун белгилеп кетти.
Ал ошондой эле Сапар Исаковго казылып алынган өндүрүштүн, кирешенин, ошондой эле, салык жана компания тарабынан башка милдеттүү төлөмдөрүнүн көбөйүшүнө таасир берген, алтынды казып алуунун көлөмүн көбөйтүү үчүн өндүрүштүн модернизациясы боюнча компаниянын иштери тууралуу маалымат берип, ал иштер үстүбүздөгү жылдын аягына чейин бүткөрүлүп калаарын кошумчалады.