Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаковдун төрагалыгы астында 28-февралда, Кыргыз Республикасынын жарандык коргонуу боюнча ведомстволор аралык комиссиясынын кеңешмеси өттү.
Алардын көбүнчөсүн сел каптоо жана суу ташкындары түздү.
Дайралардагы суунун деңгээлинин көтөрүлүшүнө байланыштуу келип чыккан жараталыш кырсыктарынын алдын алуу максатында министрлик тараптан жээктерди чыңдоо иштери жүргүзүлүүдө.
Бирок тийиштүү каржылоонун жоктугуна байланыштуу учурда зарыл иштер токтотулган.
Буга катар дайралардын жээгинде кум жана шагыл өндүргөн компаниялардын ишин көзөмөлдөө маселеси көтөрүлдү.
Кубатбек Боронов малымдагандай, мындай ыкма аркылуу жээктерди кармоочу негиздер жуулуп, суунун ташкындоо коркунучу келип чыгууда.
«Учурда инерттик материалдарды өндүрүүгө уруксаат берүү укугу жергиликтүү бийлик органдарына бериле тургандыгы тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү макулдашуу стадиясында турат», – деди Уланбек Рыскулов.
Өкмөт башчы бул ишканалардын ишмердүүлүгүнө көзөмөлдү күчөтүп, инерттик материалдарды өндүрүү эрежелерин сактоо үчүн убактылуу инструкцияны иштеп чыгууну тапшырды.
Министрлик тарабынан кооптуу тилкелерде изилөөлөр жүргүзүлүп, жарандарды коопсуз аймактарга көчүрүү иш-аракети кабыл алынууда.
Түшүндүрүү иш-чаралары, ссудаларды жана жер тилкелерин бөлүп берүү аракеттерине карабастан, төрт миңден ашуун үй-бүлө жер көчкүсү басып калуу коркунучу бар аймактарда жашап келишет.
Премьер-министр Сапар Исаков тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине, ошондой жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө тез аранын ичинде тургундарды көчүрүү маселесин чечүүнү тапшырды.
«Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кыска мөөнөттө жашоочуларды биринчи кезекте көчүрүүгө туура келген кооптуу участоктордун тизмесин даярдап берүүсү тийиш. Финансы министрлиги каралган ссудаларды өз учурунда төлөп туруусу зарыл», – деп белгиледи Премьер-министр Сапар Исаков жана Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө бир жарым ай ичинде элдерди көчүрүү үчүн жыйынтык чараларды көрүү тапшырмасын берди.
«Ыйгарым укуктуу органдар ишкердик субъектилерин пландык текшерүүсүн алдын ала эскертүүгө ылайык жүргүзгөндүгүнө байланыштуу өрт коопсуздугунун бузулушу боюнча көптөгөн фактылар чечилбей калып жатат», – деди министр жана айрым бизнесмендер пландалган текшерүүнү билип, эреже бузулууларды жок кылгандай түр жаратып жаткандыгын белгиледи.
Өкмөт башчы Сапар Исаков буга байланыштуу ишкерлердин укугун эске алуу менен компромисстик чечимди иштеп чыгып, өрт коопсуздугу эрежелерин сакталышын көзөмөлдөө үчүн чараларды кабыл алуунун зарылдыгын баса белгиледи.