Өкмөт башчы Сапар Исаков электр энергиясына болгон тарифтерди жогорулатуу маселеси азырынча козголбойт, бул теманы талкуулаш керектигин парламент жыйынында билдирди.
“Мага тарифтерди жогорулатпоо керектигин айтып жатышат. Чындыгында тарифтер бул абдан чоң көйгөй. Жылуулук жана электр энергиясын берүү маселесин талкуулаш керек. Мен жогорулатабыз деген жокмун, бирок чечүү керек. Мүмкүн акырындык менен көтөрүлөт”,-деди өкмөт башчы.
Ошол эле учурда премьер-министр Улуттук энергетика холдингдин карызы 100 млрд сомдон ашуун экендигин айтып, ушул эле нукта улана берсе, карыз 200–300-млрд сомго чейин жетип кетиши мүмкүн экендигин эскертти.