• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Санжар Муканбетов: Күчтүү аймактар – өлкөнүн мыкты таянычы

👁 770

Күчтүү аймактар – экономикалык жактан өнүккөн өлкөнүн мыкты таянычы. Муну эске алуу менен, 2018-жылы аймактардын инфраструктурасын жакшыртууга, инвестицияларды тартууга жана жаңы жумушчу орундарды түзүүгө басым жасалат. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Санжар Муканбетов 6-мартта, Президенттин «2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу боюнча уюштуруу комитетинин экинчи көчмө жыйынында билдирди.

«Кыргыз Республикасынын Президентинин «2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгын ийгиликтүү ишке ашыруунун негизги шарты катары мамлекеттик бийлик органдарынын чечимдерин жергиликтүү шарттардын өзгөчөлүгүн жана артыкчылыктарын эске алуу менен ага ылайыкташтыруу болуп саналат.

Буга катар ар-бирибиз Региондорду өнүктүрүү жылынын алкагындагы иш-чараларды иш жүзүнө ашырууга жоопкерчиликтүү мамиле кылуубуз керек.

Региондорду өнүктүрүү жылын өткөрүүдө республиканын аймактарынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу жана карапайым жарандардын бакубаттуулугун жогорулатуу үчүн өбөлгөлөр түзүлөт», — деп белгиледи вице-премьер-министр Санжар Муканбетов.
Уюштуруу комитетинин кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 10-январындагы № 2 «2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгында каралган иш-чаралардын өз учурунда жана толук кандуу аткарылышына багытталган бир катар чечимдер кабыл алынган.
Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости