2018-жылга карата калктуу жайлардын 90%ы жогорку ылдамдыктагы интернетке туташтырылат. Кытай зымсыз интернетке көп көңүл буруп жаткан маалы. Бул үчүн 4G стандартындагы 2 млн станция коюлат.
Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, 2035-жылы Кытай 400 млн жумушчу орун түзмөкчү. Ишке орношуу рыногунда жакынкы 18 жылда өзгөрүүлөр болот. Көпчүлүк функцияларды жасалма интеллект аткарып калат дагы жумушка орношуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтет.
Орусияда технологиялык толкундар алып келчү жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылат. Орусиянын министрлер кабинети экономиканы G20 форматында глобалдуу башкаруу чараларын карап жаткан маалы.
Бирок ири мамлекеттердин бири болгонуна карабай Орусия дагы технологиялык агымдан артта калууда. Ар дайым болуп туруучу жаңылануу дүйнөлүк экономикалык аймакка кирген бардык өлкөлөрдү тонуста болууга мажбурлоодо.
ЭКОНОМИКА редакциясы болсо бүгүнкү күнү жаңы технологияларды колдонуу менен чечимдер бир топ эле ылдам кабыл алынарына кошулат. Мурун миллиарддарды ондогон жылдарда араң тапкан ири компаниялар учурда муну 1–2 жылдын ичинде жасай алышат.
Санариптик экономикада ылдамдык такыр башкача. Бүгүнкү күнү онлайн-бизнес ачуу таңкалаарлык деле эмес.
Ал эми ата мекендик экономикада болсо азырынча жогорку технологиялар тууралуу кеп кылуу эрте. Маалыматтарды электрондоштуруу жүрүп жатат, мамлекеттик сатып алуулар онлайн-режимде болору пландалууда, ал эми салык документтери толук болбосо дагы, айрым бир бөлүгү электрондоштурулган.
Кыргызстандын экономикасын эмне күтөт? Биз үчүн өлкөнүн өнүгүүсү боюнча кандай жолдор бар, биз санариптик доорго өтүүдө пенсионерлердин катарына кирип калбайбызбы, аны убакыт көрсөтөт.