Туризми департаментинин жетекчиси Азамат Жаманкулов өнүктүрүү стратегиясынын алкагында Ошто мындай жарманкелерди жыл сайын өткөрүп туруу пландалып жатканын билдирди.
Алгач түрдүү түстөргө боёлгон буюмдар жүктөлгөн төөлөр, керней-сурнайлардын жаңырыктары менен коштолгон Улуу Жибек Жолунун кербени шаардын борборун аралай жүрүштү. Кербендин жүрүшү Исанов көчөсүндөгү Карл Маркс мектебинен башталып шаардын борбору аркылуу өтүп, Токтогул Сатылганов атындагы бакка барып токтоду. Аларды шаар мэри аксакалдар менен бирге кербен сарайдын кире беришинде тосуп алышты. Ош шаарынын тургундары кооз кийинип алышып, ар түрдүү таттууларды даярдашкан. Албетте, иш-чара ашсыз өткөн жок.
“Учурда Ошто өз эмгеги, маңдай тери менен нан таап жегендерге даңк! ”,-дейт кол өнөрчүлүктү атасы Маматжандан үйрөнгөн Бахрам Ашуров. Ал бычактардын бирине “ош” деген жазууну түшүрүп жатыптыр. Сабы болсо эликтин же бугунун мүйүзүнөн жасалат экен.
Ошто кызык экен, бычактын, бешиктин, тандырдын баасы бирдей эле экен.
Ал эми Хамракуловдордун үй-бүлөсү балдар үчүн бешиктерди жасашат. Бул алардын негизги киреше булагы. Аны жасоо үчүн: алгач жыгачы даярдалса, аялдар аны сырдашат. Күз келгенде бешик алгандар көбөйөт. Атасы улуу баласы Атабекке бир нече жыл мурун бешик жасоону үйрөткөн. Ал өзү болсо чоң атасынан үйрөнгөн. Атабек өз алдынча бешикке керектүү бардык жыгачтарды кесип чыкса, улуу карындашы аны жылмакай кылып сүрүп чыгат. Акырында баары чогултулуп, ага ар кандай кооздуктарды түшүрүп чыгышат.
Түштүк аймактын кол өнөрчүлөрү ар түрдүү улуттук буюмдарды көргөзмөгө коюшса, “Этно Ош” тобу жана С. Ибраимов атындагы Улуттук драма театрынын артисттери концерттик программа даярдашкан. Ошондой эле белгилүү ырчы Самара Каримова менен “кыз узатуу” салтын көрсөтүштү.
Ош шаары дегенде көбү нандын мекенин элестетишет. Ошто учурда 234 миң адам жашайт. Өзбектер жана кыргыздар басымдуу бөлүгүн ээлешет, 40%дан ашуун, ал эми орустар, түрктөр, татарлар 2–2,5%), ошондой эле бул жерде корейлер, уйгурлар, украиналыктар, немистер жана башка улуттар байырлашат. Аларды баары улуттук тамактарды мыкты жасашат жана көпчүлүк Ош шаарынын турундары мындан жакшы киреше таап келишет.
Италиядан келген турист Лея Лаброка Оштун меймандос экенин билдирди. Бул жакка туристтерди гастрономдук турларга жиберүү керек экен дейт ал.
Тигилген боз үйлөр конокторду кучагын кенен жайып тосуп алып жатты. “Элдердин меймандостугу бизди таң калтырды. Жылмаюу менен баары бизди чакырышып, шербет жана башка таттууларды берип жатышты”,-дейт Австриядан келген турист Петер.
Ал эми америкалык Дэниела кийимибиздин жана бут кийимдерибиздин кооздугуна суктанып бүтө албай жатканын айтты. Баса, Ош шаарында байыркы чыгыш базарларынын бири бүгүнкү күнгө чейин иштеп келет. Ал айрымдарга жаман көрүнгөнү менен ал жак кызыктуу, экзотикага бай базар. Бул жерден баарын тапса болот: кийим, кооздуктар, бут кийим, баш кийим, мөмө-жемиштер, таттуулар, деликатестер. Мындан сырткары ал бир жерде эле 2000 жылдан ашуун убакыттан бери турат, ал убакта Ош аркылуу Улуу Жибек Жолу өтчү.
Көпчүлүк туристтерге кызмат көрсөтүү менен каражат таап келишет. Бул тармак мультимедиялык эффект берет. Ошондуктан Ошто мейманканалар, тур агенттиктер, ресторан, кафелер көбөйүп, жасалгасы жана кызмат көрсөтүүсү жакшыра баштады. Драм театрдын имаратында туроператорлор кызматтары тууралуу маалыматтарды көргөзмөгө коюшту.
Акылмандардын бири тузду татып көрмөйүнчө даамы кандай экенин билбейсиң деген. Ош дагы дал ошондой. “Ош шаары Улуу Жибек жолунда” фестивалы Улуу Жибек жолундагы элдер арасындагы байланышты түзүүгө жана Оштун экономикалык өнүгүүсүнө жол баштап берди.
Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев улуттук каада-салтты, үрп-адатты, маданиятты камтыган эл аралык фестивалдын, алгачкы жолу Ош шаарында өтүп жаткандыгы чоң жетишкендик экендигин белгиледи. -“Тарыхый мурастарга бай Ош шаарында туристтик фестивалдын өтүшү тарыхыбызга жана маданиятыбызга дагы көөнөрбөс из калтырды деп ойлойм. Бул иш чара улуттук көрөңгөнүн жүзүн көрсөтүп, патриоттуулук сезимдерди күчөттү. Улуттук каада-салт, үрп-адат, маданият эч качан бөксөрбөйт. Бул кыргыз элинин ынтымагын , улуттардын өз ара биримдигин, өлкөбүздүн тынчтыгын даңазалайт”, — деди Кадырбаев.
Ирина Байрамукова