Андан тышкары, «Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө» мыйзамга да айрым бир түшүнүктөрдүн маанисин тактоо жаатында түзөтүүлөр киргизилип жатканы белгилүү болду. Мисалы, «сынактык талдоо» – инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн товарларды, жумушту, тейлөө кызматын ж.б.у.с.ларды берүү боюнча жеӊүүчү аныктала турган жүрүм.
Андан тышкары, инвестициялык атаандаштыкка жөндөмдүү жакты сынактык тандоо усулу КР Өкмөтү тарабынан аныктала тургандыгы тууралуу жобо да сунушталууда. Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин пикиринде, инвестициялык долбоорлор боюнча мамлекет үчүн маанилүү болгон чечимдердин кабыл алынуу жүрүмүн кыйла тездетет.
Андан тышкары, эл өкүлдөрү бирин-экин гана компанияларга артыкчылык бере бербей, кассалык-көзөмөл машиналарын орнотуу жаатында атаандаштыкты күчөтүү, салык жана бажы тармагындагы коррупциялык жосундарды жоюу, көмүскө экономиканын көрүнөө алып чыгуу чараларын көрүү зарылдыгын белгилешти. Анткени, эл аралык эксперттердин айтымында, ушу тапта Кыргызстандагы көмүскө экономиканын үлүшү 38 пайыздан ашты.
Салык кызматынын болжолуна караганда, салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук тутумун киргизүүнүн гатыйжасында кошумча нарк салыгы боюнча эле бюджетке 10 млрд сомдон ашуун каражаттын түшүүсү күтүлүүдө.