• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Салык кызматы жарандарды чектердин аныктыгын онлайн режимде текшерүүгө чакырат.

arstanbap-6

👁 660

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы элдик контролду активдештирүү жана жогорулатуу максатында, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү колдонуучуларды онлайн-режиминдеги ККМде басылган чектердин аныктыгын текшерүүгө чакырат.

Бул тууралуу 2017-жылдын 17-майында өткөн пресс-конференцияда Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басарлары Кубанычбек Кумашов жана Искендер Асылкулов билдиришти. 

Жарандар товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда алынган чектердин аныктыгын эки жол: МСКнын сайты же смартфон аркылуу текшере алышат.

Сайт аркылуу чекти кантип текшерсе болот

www.kkm.gov.kg сайты аркылуу. Ал үчүн атайын түзүлгөн уячага контролдук кассалык машинанын катталган номерин, чектин номерин жана чекте көрсөтүлгөн суммасын терүү зарыл. Ошол эле сайттан орнотулганы ККМ (модернизацияланганын) санын, азыркы учурда канча чек жана канча суммада басылгандыгы туурасында да билүүгө болот (маалымат ар бир 10 секунд сайын жаңыланып турат).

Смартфон менен чектерди текшерүү

Смартфон аркылуу. Смартфондогу Play Market же App store «QR Scanner» аркылуу “Штрих-коддордун сканери” мобилдик тиркемени көчүрүү зарыл.

Өзүңүздүн смартфонуңуздан мобилдик тиркемени ачып, QR-код картинкасына камеранын объективин алып баруу керек (код ККМ-онлайнда урулган ар бир чекте берилген).

Код автоматтык түрдө же сканерди активдештирүү үчүн тийиштүү кнопканы басуу менен ачылат. Андан соң QR-коддо катылган маалымат экранда пайда болот. Браузер аркылуу автоматтык түрдө www.kkm.gov.kg сайты ачылат, анда сатып алуулар жана бүтүмдөр боюнча маалыматтар экранга көрсөтүлөт.

Ошол эле учурда, чекте урулган маалыматтар МСКнын маалыматтар базасында дароо эле чыкпастан, ишкердин интернетинин иштегенине жараша бир нече убакытта пайда болоорун белгилей кетмекчибиз.

Маалыматтар туура эмес же чек жок болгон учурда кайда кайрылуу керек?

Бул порталда маалыматтар туура эмес же чек жок болгон учурда, Салык кызматынын 194 номуру аркылуу бул факт боюнча билдирүүгө болот.

Активдүү жарандардын жардамы менен ак ниетсиз ишкерлерди табуу боюнча кампания алда канча натыйжалуу болмокчу жана салык кызматынын кызматкерлери декларацияда көрсөтүлгөн маалыматтардын бир канча көлөмүн талдоосуна мүмкүнчүлүк түзүлмөкчү.

ККМ (контролдук-кассалык машиналарды) онлайнга канча субъект кошулган?

Кыргызстанда онлайн режиминде маалыматтарды өткөрүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналарды колдонуунун жаңы механизмин киргизүү этаптарын ишке ашыруунун жүрүшүндө бүгүнкү күндө 5 214 ККМ онлайн (модернизацияланган) орнотулган.

Онлайн ККМди колдонуунун жаңы механизмин жайылтуу этаптары

Онлайн-режиминдеги контролдук-кассалык машиналарды фискалдаштыруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июнундагы №324 “Онлайн режиминде маалыматтарды өткөрүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналарды колдонуу механизмин киргизүү чаралары жөнүндө” токтомуна ылайык жүргүзүлүүдө жана графикке ылайык 4 этапта жайылтылмакчы.

Бул документке ылайык, ишинин өзгөчөлүгүнө же жайгашкан жеринин шарттарына байланыштуу контролдук-кассалык машиналарды колдонбостон калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзө алышкан субъекттерден башка, КР аймагында экономикалык иш жүргүзгөн субъекттер калк менен эсептешүүлөрдү найкталай акча каражаты, төлөм банк карточкалары жана чектер аркылуу жүргүзгөндө фискалдаштырылган ККМди колдонууга милдеттүү.

Биринчи этап 2016-жылдын 15-сентябрына чейин, экинчи этап ушул жылдын 1-сентябрына чейин, үчүнчү этап – 2018-жылдын 1-мартына чейин, төртүнчү этап – 2018-жылдын 1-июлуна чейин жүргүзүлөт.

Эскерте кетсек, ККМдин биринчи этабына унааларга май куюучу станцияларда күйүүчү–майлоочу майларды саткандар камтылат, бул процесске Бишкек жана Ош шаарларында, ошондой эле башка региондордо ишкердик кылган субъекттер кирет. Бишкек жана Ош шаарларында 150 чарчы метрден көбүрөөк аянты бар ооруканалардагы жана медициналык лабораториялардагы кызмат көрсөтүүлөр, отуруучу орундун саны 200дөн көп жана/же 300 чарчы метрден ашык аянты менен коомдук тамактануу жайларындагы кызмат көрсөтүүлөр, акча алмаштыруу бюролору ж.б. кирет. Фискалдаштыруунун бул этабында Бишкек жана Ош шаарларында иш жүргүзгөн субъекттер гана киргизилди.

Экинчи этапка – дарыканалар (бардык жерлердеги) аянты 100дөн 200 чарчы метрге чейинкилер, ошондой эле аянты 200 жана 300 чарчы метрге чейинки соода аянты бар стационардык соода точкаларында товар сатуучулар (Бишкек жана Ошто), соода борборлорунда жайгашкан точкаларда товар сатуучулар жана кызмат көрсөтүүчүлөр (Бишкек жана Ошто) ж.б. камтылат.
Үчүнчү этапка соода жана коомдук тамактануу чөйрөсүндөгү жогоруда саналган түрлөрдүн бардыгы камтылат, бирок бул жолу аянты 100 дөн 200 чарчы метрге чейинкилер (республиканын региондорунда), ошондой эле (Бишкек жана Ош шаарларында) отуруучу орундун саны 100гө жана аянты 100 чарчы метрге чейинкилер (коомдук тамактануу), отуруучу орундун саны 100дөн 200гө чейинки жана аянты 200 чарчы метрге чейинкилер (өлкөнүн региондорундагыларга) камтылат.
Акыркы төртүнчү этапта ККМди фискалдаштыруу төлөм терминалдарындагы кызматтар (Бишкек жана Ош шаарларын кошкондо, бардык жерлерде), отуруучу орундун саны 100гө чейинки коомдук тамактануу жайлары (республиканын региондорунда), ошондой эле экономикалык ишмердиктин башка түрлөрү камтылат.
ККМди фискалдаштыруу функциялары жөнүндө

Фискалдаштыруу соода операцияларын жүргүзүү жана калкка кызмат көрсөтүү учурунда калк менен эсептешүүлөргө байланышкан маалыматты ыкчам түрдө бере ала турган, милдеттүү түрдө колдонулуучу атайын кассалык аппаратты билдирет.

Технологиясы, телекоммуникациялык байланыштар аркылуу ККМ менен онлайн режиминде маалыматтарды берип турууга негизделген. Маалыматтарды онлайн режиминде берүү МСКнын маалыматтарды иштеп чыгуу борборунда ишке ашырылат. ККМден ар бир чек үчүн алынган маалыматтарды Борбор иштеп чыгат жана МСКнын маалыматтык базасына өткөрүп берет.

Онлайн режиминде маалыматтарды өткөрүп берүү процесси

ККМди колдонуунун жаңы механизмин жайылтуу үчүн Мамлекеттик салык кызматы тарабынан “ККМ-онлайн” Автоматташтырылган маалыматтык системасы (АМС) иштелип чыккан. Бул система каттоо, кайра каттоо жана ККМди эсептен чыгаруу үчүн каралган жана, маалыматты киргизүү/чыгаруунун бир канча формаларын карайт (“Инспектор”, “БТТ”, “Салык төлөөчү”). Мындан тышкары, отчеттук маалыматтарды түзүп, ар бир ККМдин иштөөсүнө көз салып турууга мүмкүндүк берет.

Кассалык аппаратты пайдаланууда субъект Интернет тармагына туташууну уюштуруусу зарыл. МСК интернет байланышын камсыз кылуу үчүн уюлдук байланыш түйүндөрү (Билайн, Мегаком, О!) менен Өз ара кызматташуу тууралуу келишимин түзгөн.

Онлайн режиминде маалыматтарды өткөрүү технологиясына ылайык, онлайн-ККМ аркылуу төлөм жүргүзүлгөндүгү тууралуу маалымат Фискалдык маалыматтарды ыкчам режиминде иштеп чыгуу борборуна жиберилет. Бул учурда сатып алуучуга маалыматтарды МСКнын серверине берүү жөнүндө фискалдык белгиси бар чек берилет. Эсептер жөнүндө топтолгон маалыматтарга байланышкан көйгөйлөр жаралган учурда байланыш калыбына келтирилгенден кийин дароо берилет.

МСКнын сайтындагы “ККМ онлайн” кабинетине кирүү уруксатын алган салык төлөөчү (ККМдин ээси) өзүнүн онлайн ККМдеги иштерине байкоо жүргүзө алат.

ККМди колдонуу, каттоо жана пломбалоо тартибине ылайык, ККМди каттоодо, кайра каттоодо жана аны эсептен чыгарууда салык төлөөчүнүн салык органына баруусунун зарылчылыгы жок.

Онлайн ККМди кайдан сатып алууга же модернизациялоого болот?

Онлайн ККМди колдонгон ар бир субъект ККМ техникалык тейлөө борбору (ТТБ) менен келишим түзүүгө милдетүү.

Бүгүнкү күндө Салык кызматы Өз ара аракеттешүү жөнүндө тийиштүү меморандум түзгөн, онлайн-ККМди орнотууга (модернизациялоого) жана субъекттерди тейлөөгө укугу бар республика боюнча 11 ТТБ бар («Мастер ИТ”, «Меркурий-сервис», «Прибороремонт», «Технический центр ККМ», «Торговые технологии», «Урматтуу Инжиниринг Сервис», «Бишкек техникалык тейлөө борбору», «Шабдан Сервис», «Мастер», «Уста ТЦ», «Виртум” ЖЧК).

Жаңы талаптарга ылайык, Техникалык тейлөө борборлору ККМди салык төлөөчүлөргө бөлүп төлөөгө же лизинг алуу мүмкүндүгүн берүүгө милдеттүү. Бул учурда ТТБ тарабынан Меморандумда көрсөтүлгөн талаптар тийиштүү деңгээлде аткарылбаган учурда, МСК ТТБ менен түзүлгөн Меморандумду токтотуу тууралуу сунушту Жумушчу топко кароого киргизээрин белгилей кетмекчибиз.

Эгерде, ушул сыяктуу фактылар кездешсе, ишкерлерге МСКнын 194 номуру аркылуу кайрылса болот.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости