Мындан тышкары кассадагы ар бир сатып алууну чыгарып, сатып алуучуларга чек берүүсү керек, андан тышкары кассалык аппарат онлайн режиминде салык кызматына сатып алуулар тууралуу маалыматтарды билдириши зарыл. Азыр МКС, ири медициналык борборлор жана чоң ашканалар менен ресторандар ушундай иштеши керек. 1-декабрдан тартып бул тизмеге аптекалар, ири дүкөндөр жана башка соода жайлары кошулат. Келерки жылдын 1-августуна чейин өлкөбүздөгү баардык соода жайлары интернет-аппаратка өтүүгө тийиш.
Баарыбыз билгендей, мамлекетибиздин бюджети какшып турат, Президент да салык кызматынан салык чогултууну көбөйтүүнү дайыма талап кылып келет. Онлайн-ККМди киргизүү мурда салык төлөбөй келгендерди мындан ары төлөөгө мажбурлайт деңизчи.
Катталбаган машиналар расмий каттоого коюлгандар сыяктуу эле айырмасы жок чек басып беришет. Бирок алардын отчету салык инспекциясына жөнөтүлбөйт, бул сатуучуга өзүнүн тапкан акчасынан салык төлөбөй койгонго шарт түзөт.
Салык кызматы албетте, жаңы мыйзам тиешелүү болгон баардык соода түйүндөрү интернетке кошулган ККМди гана колдонуусу үчүн жигердүү күрөшүүдө.
Сайтта салык кызматы “элдик көзөмөлгө” ишенери жазылган жана чекти текшерип, ал катталган эмес болгондугун байкаса, бул тууралуу салык кызматынын 194 номерине билдирип коюуну суранган.
ЭКОНОМИКАнын пикиринде, бул система ишкерлер тарабынан атаандаштарына жамандык жасоо үчүн колдонулушу мүмкүн. 194кө чалып, кайсы бир соода түйүнүндө кодун сайтта жакшы текшерүүгө мүмкүн болбогон чек берилгендигин айтып коюуга ким тоскоол болмок эле? Бул маалыматтын ишенимдүү экендигин тастыктоо үчүн бир туура эмес цифраны киргизип коюу жетиштүү – баари бир салык кызматы бул чекти көрбөйт. Сатуучуларда да ыңгайсыз абал жаралат: салык кызматкери келип, эгер сатуучуда баары жайында болсо деле жөн кетип каларына кепилдик жок.
Ал эми кайсы бир соода жайын аябай текшергиси келген кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланган инспекторлор өздөрү эле 194 номерине чалып коюп, бул түйүн интернетте катталбаган чекти бергендиги тууралуу арызданып коюшу мүмкүн. Өзүнүн пландаштырылбаган сапарын актоо үчүн атайылап деле.