Белгилей кетсек, салык органдары менен салык төлөөчүлөрдүн ортосундагы салыктык талаш-тартыш салык төлөө маселелерине байланыштуу пайда болуп, сотко чейинки же соттук тартипте чечилет.
Мында, салык төлөөчүнүн салык органдарынын чечимине даттануусу салыктык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча ыйгарым укуктуу органга – МСКга, бул чечим салык төлөөчүгө тапшырылган күндөн тартып 30 календарлык күндүн ичинде берилет.
2018-жылдын 1-январына карата келип түшкөн кайрылуулардан 440 даттануу каралды. Алардын ичинен 79 чечим — салык төлөөчүнүн пайдасына, 43 чечим — даттанууларды жарым-жартылай канааттандыруу жөнүндө жана 318 чечим — салык төлөөчүнүн даттануусун канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө, анын ичинде ыйгарым укуктуу салык органына даттанууну берүү мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу чыкты.