Маалыматка ылайык, 1-мартка чейин – юридикалык жактар, 1-апрелге чейин жеке жактар өткөн жылы алынган кирешелер же жер участоктору жана мүлк объектилери, экономикалык ишмердиктери тууралуу жана башка маалыматтар жөнүндө салык органдарына отчет берүүлөрү керек.
2018-жылдан тартып мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдар өз декларацияларын электрондук түрдө салык органына гана беришет. Себеби, буга чейин эки жакка: кирешелери жана чыгымдары тууралуу декларацияны – Мамлекеттик кадр кызматына, Бирдиктүү салык декларациясын – салык кызматына тапшырып келишкен.
Декларациялык кампания тууралуу толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 194 номурунан же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.