Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн тапшырмасы менен министрликтерге жана ведомстволорго “Евразиялык экономикалык биримдиктин бажы кодексине байланыштуу келишимге кол коюлгандыктан КРнын айрым мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү” тууралуу мыйзам долбоорун макулдашууга жиберилгенин Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Бул мыйзам долбоору ЕАЭБдин Бажы кодексинин жобосуна КРнын айрым мыйзам актыларын ылайык келтирүү үчүн даярдалган.
Долбоор аркылуу мыйзамга төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилет:
–КРнын административдик жоопкерчилик тууралуу коедкси;
–КРнын кылмыш жана жаза кодекси;
-“Ишкерлик субъекттерин текшерүүнү жүргүзүү тууралуу”, “Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишмердүүлүктү каржылоого каршы”, “КРнын тышкы соода тармагын жөнгө салуу тууралуу”, “Баңгизаты, психотроптук каражаттар жана прекурсорлор тууралуу”, “Коомдук саламаттык тууралуу”, “Ветеринария тууралуу”, “Куралдар тууралуу”, “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк тууралуу”, ж.б. КРнын мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилет.
Мындан сырткары сунушталган мыйзам аркылуу “КРнын эркин экономикалык аймактары тууралу” мыйзамга дагы өзгөртүү киргизилет.
Мыйзам аркылуу “нарын” СЭЗин аныктоо каралууда. Себеби бул СЭЗ ЕАЭБдин Бажы кодексинин 455-беренесинин 1-пунктуна туура келет.
Ошондой эле бул мыйзам аркылуу 2009-жылдын 1-январында күчүнө кирген КРнын салык кодексине өзгөртүү киргизүү сунушталууда.