Кыргыз Республикасынын «Салык консультанттар палатасы» “Салык консультанттары тууралуу” мыйзамга ылайык, салык консультанты кызматына талапкерлерди аттестациядан өткөрүүгө документтерди кабыл алууну баштады. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Салык консультанты болгусу келген адамдардан төмөнкү документтер кабыл алынат: арыз, паспортунун көчүрмөсү, экономика же юрист адистиги боюнча жогорку билими бар экенин тастыктоочу нотариалдык жактан күболөндүрүлгөн диплому же башка документи, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчеси, соттолбогондугу тууралуу маалымкат, резюмес, аттестация үчүн акча төлөгөнү тууралуу дүмүрчөктүн көчүрмөсү.
Документтерди кабыл алуу 2017-жылдын 18-сентябрына чейин Салык консультанттар палатасынын кеңсесинде жүргүзүлөт.
Кызыккандар аттестациядан өтүү эрежелери менен жана экзамен болчу күн тууралуу
www.pnk.kg сайтынан маалымат ала алышат же 39−80−02, 39−80−03, 39−80−04 номурларына чалышса болот.
Эгзамендерди берүүгө даярдыктар 2017-жылдын 2–13-октябрь күндөрү болот.