• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Рустам Балтабаев: “Бизнес-билим” борборунан 421 ишкер аяктады

img_6744

👁 1,806

КРнын соода өнөр-жай палатасында ишкерлерге арналган “Бизнес-билим” борбору ачылган. Аталган окуу борборунда беш мектеп бар. Ишкерлер беш мектептин каалаганына кирип окуй алат.

Бул тууралуу “ Бизнес-билим” окуу борборунун жетекчиси Рустам Балтабаев “ЭКОНОМИКА” гезитине берген маегинде билдирди.

КРнын соода өнөр-жай палатасындагы “Бизнес-билим” борбору качан түзүлгөн?

Соода өнөр-жай палатасында “Бизнес-билим” борбору 2016-жылдын октябрь айында ачылган. Башка мамлекеттеги ар бир соода өнөр-жай палатасында “Бизнес-билим” борбору бар. Биз дагы алардын тажрыйбасын карап туруп аталган окуу борборун ачтык. Бул окуу борбору аркылуу ишкерлерге эң керектүү билимдер берилет. ЕАЭБге кирдик, ал жакта жаңы бизнес түшүнүктөрү пайда болду. Биздин ишкерлер ошол жаңы түшүнүктөргө даяр болушу керек. Ошондуктан соода өнөр-жай палатасы ишкерлерге арнап окуу борборун ишке киргизди.

Ишкерлер канча багытка бөлүнүп окутулат?

Беш багытта окутулат. Ар бирин өзүнчө мектеп деп аталат.

Ишкерлик мектеби

    • Кантип өз бизнесиңди ачсаң болот?
    • Стратегиялык план түзгөндү;
    • Өз бизнесиңди мыйзамсыз текшерүүлөрдөн сактоону;
    • Убакытты туура пайдаланууну;
    • Эсеп-кысап;
    • Алдында иштеген кызматкерлерине мотивация бергенди.

Чет-тилдер мектеби

    • Англис тили
    • Кыргыз тили
    • Орус тили

Англис-тилинин программасы алты айга ылайыкташтырылган. Анда бизнеске тиешелүү англис тили үйрөтүлөт. Бүгүнкү күндө биринчи алты айлык курс бүттү. Анда эки бүтүрүүчү ийгиликтүү аяктады. Негизинен англис тили ишкерлик тармагында эң керектүү курал. Анткени чет мамлекеттерге чыкканда өз компанияларын тааныштырып, өнүмдөрүн сатууга жана өнөктөштөрдү табууга жардамы күчтүү. Тил мектебин окуган ар бир ишкерге тиешелүү сертификаттар берилет.

Экспорт мектеби

    • Экспорт боюнча биримдик алкагында Кыргызстандын жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачып берүү;
    • Экспортко чыгарыла турган өнүмдөрдү кантип чыгарса болот;
    • Азык-түлүк коопсуздугун эл аралык стандарттын талабына жооп берүүсүн.

Маркетинг жана бизнес-байланыш мектеби

Ушул жылдын 11–13-сентябрга чейин эл аралык ишкерлерге арналган тренинг болот. Аталган тренинг бизнес-байланыштар тууралуу өтөт. Буга чейин SMM (social media marketing) боюнча жер-жерлерде SMM аркылуу бизнести кантип өнүктүрсө болот? –деген теманын алкагында тренингдер өткөрүлдү. Бул ишкерликти алдыга жылдырууга эң жакшы курал болуп эсептелет. Мындан тышкары социалдык тармактардан кантип өз продукцияларын жарнамалоо тууралуу да жакшы кеңештер берилет.

IT мектеби

Ошондой эле быйылтан баштап, соода өнөр-жай палатасында ишкерлер үчүн Германияда тажрыйба топтоо программасы бар. Бул КРнын Экономика министрлиги жана GIZ Германия тарап менен тажрыйба топтоо келишими менен биреликте ишке ашырылат. Тажрыйба программасынын түзүүчүсү соода өнөр-жай палатасы. Эми мындан ары жылына 40–50 ишкерди Германияга тажрыйба топтоого жиберилет.

Палатага ишкерлер көбүнчө кайсы тилде билдирүүлөрдү жиберет?

Негизи соода өнөр-жай палатасында орусча жана англисче кабыл алуу группасы бар. Анын ичинен орусча группага билдирүүлөр көп келет. Ал эми англисче группага билдирүүлөр келбейт. Бирок анлисче группага келген билдирүүлөр тасирдүүрөөк болот. Ошондой эле ишкерлер англис тилин билет деген сертификаттар менен келсе, тажрыйба топтоого барганга “бонус” болот.

“Бизнес-билим” борборунун төлөмдөрү кандай?

Төлөмдөр ар кандай. Мисалы: мастер-класс, тренинг, курс болуп бөлүнөт. Масер-класстар 2–3 саатка созулуп, ишкерлерге кыскача маалымат берилет жана 1 миң 500 жүз сомду түзөт. Курсттар 4–5 күндүк, 10–12 миңге чейинки төлөмдөрдү төлөшөт. Ал эми палатанын мүчөлөрүнө жеңилдетүүлөр берилет. Курска катышкандарга сертификаттарга ээ болот. Сертификат бере турган жана берилбей турган тренингдер да бар. Айта кетсем, үстүбүздөгү жылдын 11–13-сентябрында өтө турган эл аралык тренингде сертификат берилет.

Буга чейин палатадан 421 ишкер “Бизнес-билим” борборун аяктады.

Наргиза Өмүрбек кызы

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости