• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Русланбек Сарыбаев: Жарандар үйдөн чыкпай эле каалаган документин ала алышат

img_4240

👁 1,344

Бир ай мурда “Таза коом” долбоорунун алкагында электрондук кызмат көрсөтүү порталы ишке кирди. Өкмөт электрондук форматта мамлекеттик кызмат көрсөтүү биринчи заман талабы экенин, жарандардын убактысын, каражатын үнөмдөп, бюрократиялык тоскоолдуктарга бөгөт коеруна ишеним артууда.

Portal.tazakoom.kg деген мамлекеттик электрондук портал төрт багытта кызмат көрсөтөт. Порталды түзүүчүлөрдүн бири, мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Русланбек Сарыбаев үйдөн чыкпай эле жарандар кандай шартта керектүү документтерин ала тургандыгын айтып берди.

Жарандар мындан ары үйдө олтуруп алып эле паспортту кандайча ала алышат? 

Ушул жылдын 10-октябрынан тартып мамлекеттик каттоо кызматы “Таза коом” долбоорунун алкагында электрондук кызмат көрсөтүү порталын тесттик режимде ишке киргизди. Бул электрондук порталдын өзгөчөлүгү – портал аркылуу жарандардан арыздарды кабыл алуу мүмкүнчүлүгү, ошондой эле жарандарга электрондук портал аркылуу маалымкаттарды берүү саналат.

Азыркы учурда портал аркылуу:

  • Жалпы жарандык (чет өлкөгө чыгуу) паспортту алуу үчүн электрондук арыз тапшыруу;
  • Никени каттоо үчүн электрондук арызды толтуруу;
  • Жаранды жашаган жери боюнча каттоого коюу;
  • Паспорттун даяр болушун текшерүү;
  • Паспорттун макамын текшерүү;
  • Үй-бүлөлүк абалын текшерүү;
  • Катталган дарегин текшерүү;
  • Дарек маалымкат бюросунун маалымкатын алуу;
  • Табылгалар бюросунун кызматы;
  • Транспорт каражаты боюнча көчүрмөнү алуу;
  • Айдоочулук күбөлүк боюнча көчүрмөнү алуу;
  • Кыймылсыз мүлккө карата укуктардын мамлекеттик реестринен көчүрмө алуу.
  • Электрондук кызмат көрсөтүү порталы http://portal.tazakoom.kg/kg шилтемесинде жайгашкан.

Кыргызстандан чет өлкөдө жүргөн мекендештерге паспорт берүү кандай шартта ишке ашырылат?

Өкмөттүн ушул жылдын 21-апрелиндеги №238 токтомунун негизинде туруктуу жашоо үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен чыгып кеткен же консулдук эсепте турган жарандарды документтештирүү чет өлкөдөгү өкүлчүлуктөрдө жүргүзүлөт.

Азыркы учурда мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан “Таза коом” долбоорунун алкагында чет өлкөлөрдөгү 25 консулдук мекемелерде “Паспорт”, “ЖААЖ”, “Жарандык” автоматташтырылган маалымат тутумдары ишке киргизилүүдө. МКК (мамлекеттик каттоо кызматы) тарабынан өкүлчүлүктөрдүн кызматчыларын жогоруда аталган үч автоматташтырылган маалымат тутумдарында иштөө боюнча окутуулар жүргүзүлүп жатат.

Кызмат алуу боюнча төлөмдөр VISA жана MasterCard төлөм карталары аркылуу жүргүзүлөт. Бул чет өлкөдөгү жарандардын мамлекеттик кызмат алуусун жеңилдетип, убакытын жана каражатын үнөмдөйт.

Бул кызматтардын аткарылуусу үчүн интернет жеткиликтүү болуусу керек. Экинчиден кызматты колдонуп жаткан адамдын компьютер жана интернет колдонуудан кабары болушу керек. Бүгүнкү күнү интернет жете элек айылдар бар. Бул кызматтарды жеткирүү үчүн кандай шарттар каралган?

Интернет жеткиликтүү эмес, ошондой эле компьютер колдонбогон жарандар үчүн “Таза коом” долбоорунун алкагында ушул жылдын октябрь айынын башынан тартып республикабыздын бардык аймактарында МККнын алдындагы “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын 363 байланыш бөлүмүндө маалыматтык күркөлөр иштеп баштады. Маалыматтык күркөлөргө төмөндөгү мамлекеттик кызматтарды ала алышат:

Алар:

  • Жарандык абалдын актыларын каттоо боюнча;
  • Туулгандыкты каттоо;
  • Асырап алууну каттоо;
  • Өлгөндүктү каттоо жана каттоонун жыйынтыгында тиешелүү күбөлүктөрдү алуу жана жоголгон учурда кайталап алуу боюнча;
  • Жеке идентификациялык номер алуу же өзгөртүү боюнча;
  • Жаранды жашаган жери боюнча каттоого коюу;
  • Жалпы жарандык жана биометрикалык паспортторду алуу;
  • Дарек маалымат бюросунун маалымкатын алуу;
  • Кыймылсыз мүлккө карата укуктардын мамлекеттик реестринен көчүрмө алуу.

Электрондук кызмат колдонгусу келгендер төлөм системасын кандайча ишке ашыра алышат?

Электрондук кызмат көрсөтүү порталы аркылуу мамлекеттик кызмат алуудагы акы төлөө төлөмдүн калыптандырылган коду боюнча банктын кассаларында, “Элсом” электрондук капчыгы, VISA, MasterCard төлөм карталары, “Terem pay” төлөм терминалы сыяктуу электрондук төлөмдөрдү пайдалануу менен жүргүзүлөт.

Карт-ридер тууралуу түшүндүрмө берсеңиз?

Карт-ридер – компьютер аркылуу биометрикалык паспорттон жарандын каттоосун жана үй-бүлөлүк абалын окуу үчүн керектелүүчү жабдуу.

Азыркы учурда юридикалык жактарга карт-ридери жана программалык камсыздоосу жок эле мамлекеттик каттоо кызматынын e.srs.kg электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталы аркылуу жарандын каттоосу жана үй-булөлүк абалы боюнча жекесиздештирилген маалыматтарын кароого мүмкүнчүлүк берилген. Бул ыңгайлуулуктан пайдалануу үчүн юридикалык жактар МКК менен макулдашууга кол коюусу зарыл. Бул кызмат көрсөтүү акысыз негизде ишке ашырылат.

Назгүл Бостонбаева

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости