• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Руслан Тажиев: Соң-Көлдү кандайдыр бир деңгээлде сүйөм деп айта алам

5-str

👁 2,576

Бүгүнкү күндө ар бир жаран жаратылышымды сактап калайын деп ойлонбосо керек. Бирок «беш кол тең эмес» дегендей арабызда жаратылышка өзгөчө көңүл бурган азаматтардан уучубуз куру эмес. 

Алардын бири «Song-Kol Travel » компаниясынын негиздөөчүсү Руслан Тажиев менен «Экономика» гезити туризм тармагы боюнча маек курду.

–Сиз эмне себептен туризм тармагында иш алып барууну тандап алдыӊыз?

–Мен салык боюнча окууну аяктагам. Кичинекей кезимден бери кандайдыр бир өзгөчө иш кылганды жакшы көрөм. Элге пайдалуу бир иш жасоо максатым болчу. Жогорку окуу жайды бүткөндөн кийин алдыма максат койдум. Ал Соӊ-Көл көлүн сактоо боюнча иш алып баруу. Кыргызстандагы чоӊдугу боюнча экинчи орунда турган көл бул-Соӊ-Көл, дүйнө жүзүндөгү эӊ таза көлдөрдүн бири болуп саналат. Бул тузсуз, таза, суусун ичсе болот, деӊиз деӊгээлинен 3016 миӊ бийиктикте жайгашкан. Буга дүйнө жүзүндөгү туристтердин баары кызыгат. Кыргызстанга келген туристтердин дээрлигин Европадан келген туристтер түзөт. Алар сөзсүз Соӊ Көлгө барып кетишет. Бул абдан уникалдуу, өтө бир өзгөчө көл. Мен кандайдыр бир деӊгээлде аны сүйөм деп айта алам. Кичинекей кезимден бери ошол жакта кой кайтарып чоӊойгом. Ал кезде кой кайтарып жүргөндө таасирленип көп китеп окучумун. Кийинчерээк Соӊ Көлгө көчүп бардык, ошол мезгилде балык чарбасы «пик» деп коет, өтө жогорку деӊгээлде болуп турган мезгил эле. Кой кайтарып чыгып, бийигирээк тоого чыкканда көл алакандай көрүнчү, анан дүрбү менен карап санаганымда 200дөй кайык балык кармап, көлдүн үстүндө жүрөөр эле. Ар бир кайык 100–200 кг чейин балык кармачу. Ошондо күнүнө 20–30 тоннадай балык чыгып турчу. Тилекке каршы, убакыттын өтүшү менен көлдө балык азая баштады. Бара- бара балыктар жок калды. Көлдүн айланасы чар жайыт болуп кетти.

Мен университетти бүткөндөн кийин алдыма максат койдум, эмне иш кылсам деп ойлондум да элге керек иш кылайын деп Соӊ-Көл боюнча долбоор жазып чыктым. Кандай кылып иштетсек болот? Кантип тартипке келсек болот? Элдер кантип мыйзамдуу түрдө акча таба алат деген ойлорду ойлондум. Анткени ал жерден баардыгы уурдашчу. Мен ошолорго каршы чыктым. Ишти баштаган соӊ абдан чоӊ процесстер жүрдү. Мен ошол кезде президентке, премьер министрге долбоорду тиркеп, сунушумду кошуп, кат жазгам. Бирок биздин системада президент айыл чарба министрлигине, ал жак балык чарба департаментине жиберет. Ортодо көптөгөн ызы-чуулар болду.

Долбоордун алкагында чоӊ жыйындар, семинарларды уюштурдук. Мени ошол мезгилдеги балык чарба департаментинин директору Самат Күчүков колдоп турду. Мыйзам долбоорун чогуу жасадык, чогуу сунуштадык бирок Жогорку Кеӊештин алдында ал өтпөй койду. Байкасам күчтүүлөрдүн гана мыйзамы өтөт экен. Мисалы, Кум-Төр сыяктуу маселелер боюнча мыйзамдар дароо үч окуудан өтүп кабыл алынып жатат. А бул жерде балык чарба департаментинин , балыкчылардын эч бир акчасы , таанышы жок. Бул мыйзам биринчи окуудан өткөн, ал эми экинчи окууда эмдигиче каралып турат. Баш- аягы үч жыл болду. Ушундай иштер менен жүрүп финансылык жактан абдан кыйналдым. Андан кийин туризм тармагы кызык болуп, ал тармакка ооп баштадым. Башында бул каржылык маселени чечүү үчүн гана болчу. Анан айылга «Song-Kol Travel » деп туристтик компания ачып, кошумча иштеп баштадым. Негизи ата-энем мындан 10–15 жыл мурун чабанчылыкты таштаган соӊ көлдүн жээгинде боз үй лагерин иштетишчү. Мен ал иштерге кызыкчу эмесмин. Кийинчерээк алар: «сен жөн жүрбөй ушул жакты иштет, турист тартып кел»- деп айтышты. Кошумча жумуш деп алганмын. Ушундан улам туризм тармагына кызыгуум артып кетти. Туризм аркылуу да көптөгөн социалдык маселелерди чечип, иштерди аткарса болооруна көзүм жетти. Тегерегимдеги балдар менен чогуу иштеп баштадык. Официалдуу иштеп жатканыбызга эки жыл болду. Былтыр 70тей турист биздин компания аркылуу келсе, быйыл 150дөн ашык турист келди. Бул өтө татаал жана кызыктуу кесип экенин билип, мындан да кызыгуум артып, убактымдын көбүн ушул жумушка арнап жатам. Кудайга шүгүр, эки жылда мен ойлобогондой жыйынтыктарга ээ болдук.

–Сыр болбосо канча киреше табасыздар?

–Ал боюнча бизде башка туркомпаниялар менен келишимдерибиз бар. Ар биринин ар кандай шарттары, баалары бар. Ар бириники ар башка баа. Андыктан так айта албайм. Баалар ар бир тейлөөнүн сапатына да байланыштуу болот. Бизде үч категория бар. Мисалы, жогорку категория болгондо булар кадимкидей өзгөчө мамилени, талапты койушат. Алар чындыгында кымбат бааны төлөшөт. Андан кийинки ортоӊку категория, мында туристтер өздөрү келет, буйрутма беришет, Же болбосо орто баадагы турпакеттерди сатып алышат. Биз туристтерге ыӊгайлуу болуусу үчүн ар кандай категориядагы турпакеттерди чыгарып койгонбуз. Өтө арзан дегенде бул өздөрү келишкен туристтер.

–Сырттан келген эс алуучуларга «Соӊ Көл» эмнеси менен жагат?

–Ал жак тынч, таза аба, майда-барат курулуштар жок. Тегерегин тоо курчап чөйчөктөгү сууга окшош. Туристтер чыныгы чабандын жашоосун көргүлөрү келишет жана тынчтыкты самашат. Бизге мындай эс алуу өтө кызык эмес, анткени тегерегибизди кооз жаратылыш курчап турат. Ал эми Европалыктарда тынч жашоо жок, тегереги бүт мегаполис. Ошондуктан биздин жаратылышка суктанышып эс алууга көп келишет.

–Сиздин компанияӊыздын башкалардан айырмасы эмнеде?

–Биз менен атаандашкан көп компаниялар бар. Андан сырткары чоӊ-чоӊ компаниялардан биз сабак алганбыз, алардын жолу менен келе жатабыз. Мисалы, биздин өзгөчөлүгүбүз ар бир райондо өзүнчө компаниялар бар, район боюнча өз алдынча иш кылган компания жок болгондуктан Жумгал районунун Кызарт айылына компания ачтык. Өзүбүздүн турпакеттерибизди түзүп, бааларыбызды койуп иш алып баруудабыз. Турпакетти түзүү көп эмгекти жана каражатты талап кылат. Жерлерди кыдырып, пландарды жазып чыгышыӊ керек. Баш-аягы бир турду жасоо 30 миӊден 50 миӊге чейин каражатты талап кылат. Турларды жазып бүткөн соӊ тур компанияларга, туристтерге сунуштайбыз. Алар карап көрүп, ыӊгайлуусун тандап алышып, анан келишет.

Азыркы мезгилде бизде жети багытта тур бар. Беш тур Жумгал району, Соӊ Көл, Нарын облусу боюнча, эки тур Ысык-Көл жана Чүй облусу кошулуп түзүлгөн. Азыркы учурда ар бир турдун үстүнөн иштеп жатабыз. Жылдан жылга пландоо жүргүзүлөт. Күз келээри менен ар бир турдун үстүнөн иштеп, келээрки жылы сунуш кылына турган турлар даярдалат.

–Кайсы мезгилде жумуш күчөп баштайт?

–Жаз алды менен акырындап башталып, июль, август өтө «пик» болуп турган маал болот. Ал мезгил бизден чоӊ даярдыктарды талап кылат. Аттар, гид балдар жетишпей калган учурлар болот. Бул бизнеске кирип алган соӊ акча жыл бою айланып турушун каалайт экенсиӊ, ошондон улам быйыл бир өзгөчөлүктү киргизип жатам. Тактап айтканда, кышында дагы Соӊ- Көлгө турларды уюштуруу. Учурда Соӊ-Көлгө бир боз үй орнотуп келдик. Ошонун үстүнөн жай бою иштедик. Анын ичине толук шарт түзүлдү. Мисалы, газ, меш, отундарды калтырып келдик. Бул тур жакшы тур болот деп ишенем. Анткени кышкы Соӊ-Көлдүн өзүнүн бир өзгөчөлүгү бар.

–Экономикага кандайдыр бир салым кошосуздарбы?

–Мен өзүм долбоорлор менен көп иштейм. Буга чейин ПРООН менен Нарын облусун комплекстүү өнүктүрүү деген программанын негизинде биздин районго, айылга долбоор жазып, өзүбүздүн айылга пескоблок чыгаруучу цех утуп алгам. Азыркы мезгилде толук кандуу иштеп жатат. Андан сырткары бир долбоордун негизинде Соӊ-Көлгө таштанды салуучу урналарды орнотконбуз. Анткени туризмге жаӊы аралашып баштаганымда биринчи көрүнгөн нерсе бул таштанды болгон. Көлдүн тегерегинде челектер жок, бүт таштанды болуп кеткен. Бул маселе боюнча көп кишилерге кайрылып, жыйындарды уюштуруп, элдерге кайрылып, тазалайлы, таштабайлы деп отуруп акырында долбоорду утуп таштанды таштоочу челектер орнотулду.

–Алдыда кандай жаӊылык, өзгөчөлүктөрдү күтсөк болот?

–Алдыдагы пландардын бири эс алуучуларды сапаттуу тейлөө. Сандан сапатка өтүү. Ар бир келген туристти биз өтө баалайбыз, ар бирине өзүнчө мамиле кылабыз. Негизгиси биз турларды бөлүп чыктык, мисалы, бизде тарыхый деген тур бар. Анда жалаӊ «тарыхый жерлерди кыдыртабыз. «Конный тур» деп коет, мында ат менен турлар болот. Мунун ичине биз «экстремалдуу тур» деп кошуп жатабыз. Бул татаал тур болот. Мисалы, бизде татаал ашуулар бар, жайында бир айга эле ачыла турган ашууларыбыз бар. Ошол ашууларды ашырып өткөрөбүз.

Ошондой эле Жумгал районунда ишкерлер жана инвесторлор менен жолугушуу өткөн. Ошол жерден Чыңгыз Маткеримов менен жолугуп, таанышып калгам. Ал өзү Европа өнүктүрүү банкынын Ысык-Көл, Нарын облусу боюнча жетекчиси болот. Маткеримов долбоор жазбайсыңбы деген сунуш киргизди, биз маалыматтык жактан жардам беребиз, эгер мүмкүн болсо биз сайт жасап берип, маалымат таратууга колдоо көрсөтөбүз деп айтты. Чыңгыз мырзанын жардамы менен компаниянын «Son-kol.kg» сайты жасалды.

Учурда менин командамда көбүнчө студенттер. Компания жаш болгондуктан аларга эӊ жогорку маяна бербесем да дем, күч берип, биргеликте алдыга кадам таштап иштеп келүүдөбүз.

Айзада Кыдырмышева

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости