Күнүмдүк каражаттардын бири самын болуп эсептелет. Дал ошол Кыргызстанды самын менен камсыздап жаткан“Дордой кемикалс” ишканасы Flavia аталышындагы самындарды чыгарууда.
Аталган ишканада күнүнө 2 тоннадан ашуун самындар чыгарылат. Бул тууралуу ишкананын директору Руслан Шаршенбай уулу “ЭКОНОМИКА” гезитине берген маегинде билдирди.
Өзүңүз тууралуу жана азыркы учурда иштетип жаткан ишканаңыздын иши боюнча айтып берсеңиз?
Өзүмдүн кесибим боюнча архитектормун. Көптөгөн курулуш иштерим бар болчу, аларды салып бүткөндөн кийин түрк өнөктөштөр келип самын фабрикасын ачпайсыңарбы деп сунуш берип кеткен. Алгач ишти баштоодон мурда изилдөө жүргүзүп, андан соң гана фабрика ачууга боло турганына ынандык.
Ал эми самын чыгаруу жабдууларын Италиядан сатып алдык. Ишкананы бир жарым жылдай убакытта даярдадык. Ишти толук кандуу баштаганыбызга төрт ай болду. Акырындык менен базар, чоң-чоң дүкөндөргө өз продукциябызды киргизүүдөбүз. Негизинен биздин фабрикадан башка Кыргызстанда бир эле самын чыгарган ишкана бар. Ал ишкананы ирандыктар иштетет. Калган кир жуучу каражаттардын баардыгы чет жактан ипорттолуп келет. Эмне үчүн өзүбүздөн самын чыкса болбойт? Албетте, болот. Ошондуктан өзүбүздөн атамекендик самындар чыксын деп да жасадык.
Flavia самындары экспортко чыгып жатабы?
Кыргызстандын баардык аймактарына биздин самындар жетти. Учурда Казакстандын базарларына экспорттолуп жатат. Тактап айтканда, бүгүнкү күнгө чейин 3–4 тонна кетти. Коңшу мамлекетке жиберүүбүздүн себеби алардын рыногуна таанылуу болгон. Жасаган ишибиздин акыбети кайтып, дагы казактар тараптан буйрутма келүүдө. Анткени самындын сапаты жогорку деңгээлде экенин айтышты. Эми Казакстанга айына 200–300 тонна өлчөмүндө жиберебиз деп турабыз. Мындан аркы эң чоң максатыбыз кир жуучу каражаттарды Тажикстандын рыногуна чыгаруу. Ал жактан дагы өз ийгилигин берет деген үмүттөбүз.
Канча түр самын чыгууда?
Азыркы учурда самындын эки түрү бар. Алар: кир жууган самындын ичинен 3–4 түрү бар жана даарат самындын азырынча бир эле түрү бар. Бирок алдыда көп түрлөрү чыгат. Учурда сыръесу даярдалууда. Бара-бара самындардын жыты, өңү өзгөргөн сайын түрү да көбөйүп кете берет.
Самындын курамы боюнча айтсаңыз?
Катуу самында малдын майы, өсүмдүк майы бар. Даарат самындардын сыръесуна көбүнчө Малайзиядан пальмадан жасалган майлар келет. “Хозяственный” самынында семичканын жана малдын майы бар. Малдын майы чогулуп отуруп, бышырылып даярдалып келет.
Ишкана ачууга бир топ каражат кетет эмеспи, каражат жагынан кимдир бирөө жардам бердиби же насыя алдыңызбы?
“Дордой” ассоциациясынын ичиндебиз. Бизге идея келди. Ошондон баштап чогу кармалашып жардам берген кишилер бар.
Ишканада канча адамды жумуш менен камсыз кылуудасыз?
Учурда 10дой киши иштейт. Азыр ишкана толугу менен ишке кире элек. Кийинчерээк 50–60 адамды иш менен камсыз кылабыз. Негизинен фабриканын иштөө жабдууларынын көбү автоматташтырылган. Ар бир жумушчу иштеген ишине жана билимине жараша айлык акы берилет.
Жумушчуларды ишке алуу талабы кандай?
Жумушчуларды ишке алуу сынактын негизинде болот. Мындан тышкары резюмесин кабыл алып, маектешүүдөн кийин ишке алынат. Себеби, биз жасап жаткан иш химия илими менен байланыштуу.
Алдыда дагы кандай пландар бар?
Кир жуучу каражаттардын көлөмүн көбөйтүү жана экспортко чыгуу. Бир гана Кыргызстандын рыногу менен чектелбейбиз. Анткени Кыргызстандын рыногу биз үчүн кичинекей. Эгерде канчалык көп экспорко чыксак, кыргыз экономикасына ошончолук өбөлгө болот.
Экспорко чыгуу үчүн сертификат барбы?
Ишканага тиешелүү баардык документтер жана сертификат бар. Өнүмүбүздү сыртка чыгаруу үчүн шарттар өз эрежеси менен жасалган. Фабрикада тазалык, жумушчуларга шарт түзүлгөндөн кийин гана лицензия алганбыз.
Маек куруп бергениңизге чоң Рахмат! Ишиңизге ийгилик!
Наргиза Өмүрбек кызы