• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Руслан Кыдырмышев: Турнирден түшкөн каражат чыгымдын 20% гана жабат

5-str-1

👁 2,538

Кулатуу-Эр таймаш бул профессионалдуу спорттун түрү. Бул улуттук спорттун түрүн дүйнөгө жайылтуу максатында аталган спорттун федерациясы «дүйнөлүк» деген статус алган учуру.

Төмөндө ал федерациянын президенти Руслан Кыдырмышев менен спорттун экономикага тийгизген таасири тууралуу маеги назарыӊыздарда.

«Жакынкы бир эки жылдын ичинде дүйнөлүк он эӊ мыкты деген федерациялардын арасына киребиз.» 

- Сиз жетектеп келе жаткан «Дүйнөлүк Эр таймаш федерациясы» тууралуу айтып берсеӊиз.

- 1991-жылдан бери келе жаткан кулатуу эр таймаш федерациясы бар эле. 2014-жылы бүткүл дүйнөлүк кулатуу эр таймаш федерациясы деп катталды. Азыркы кезде Кыргызстанда гана эмес башка мамлекеттерде да чоӊ-чоӊ деген мелдештерди өткөрүп келе жатабыз. Биз мурун акыркы саптарда турган болсок биздин турнирлер азыркы учурда Орто Азиядагы эӊ мыкты деген федерациялардын тизмесине кирген маалы. Кулатуу эр таймашты буга чейин эл арасында эрежесиз эр мушташ деп таанып келишкен. Бул айтылгандай эле биз айтып койобуз башка спорттун түрүнө караганда кулатууда көбүрөөк эреже бар деп. Бул профессионалдуу спорттун түрү болуп саналат. Азыркы кезде биздин спортчулар биздин федерация аркылуу мисалы, Америкада өткөн дүйнөлүк мелдештерге катышышкан. Ар бир спортчунун паспорту болот мисалы 3 жолу уткан, 1 жолу утулган деген сыяктуу. Ошол паспорттогудай эле биздин спортчулар азыр эӊ алды дегенде тогуз-ноль, он-нольго чейин жетип, бул эмнени берет дегенде биздин спортчулардын он жолу уткан бир жолу утулган деген наамы болсо бир чоӊ-чоӊ дүйнөлүк башка Америкалык, Кытай, Япониялык мелдештерге барып катышканга сунуштама алышат. Ошондой эле бул азыркы үч жылдын ичинде 44 эл аралык турнир өткөрдүк. Кыргызстанда гана эмес, Казакстан, Өзбекстан, Россияда, Иранда өткөрдүк. Кулатуу эр таймаш улуттук спортубузду дүйнө жүзүнө таратууга аракет кылып жатабыз.1984-жылы кулатуу деп негизделип бирок СССР кезинде мындай спорт түрүнө уруксаат эмес болчу. 1991-жылы кулатуу эр таймаш федерациясы түзүлгөн. Бирок республикалык гана болчу. Ал эми 2002-жылы улуттук спорт кылып спорт агенттигине катталган. 2014-жылдан баштап улуттук кулатуудан дүйнөлүк деген наам алып калды. Ошол эле жылдын 3-октябрында мен жетекчи болуп дайындалдым.

- Бул спорт түрү менен экономикабызга кандайдыр бир салым кошулуп келүүдөбү?

- Кээ бир инсандарда суроо жаралат болуш керек спорт сарайында турнир өткөрүлгөндө көп адам келет, киши кымкуут болуп батпай калышат. Ошол түшкөн акчалар менен турнирдин чыгымдары жабылабы деген. Мен айтып келем жана ар дайым айтам, турнирдин билетинен түшкөн каражат жалпы чыгымыбыздын 20% жапса жапты, жаппаса жок. Анткени ар бир турнир өткөрүү үчүн кем дегенде эӊ азы миллион сомдон үч миллион сомго чейин талап кылынат.
Мен өзүм жеке ишкер болуп колуман келгенимдин баарын ушул спортко жумшап, азыркы кезекте орусча айтканда «Мы пока вкладываем в этот вид спорта». Экономика жагы болгондо мисалы, чет мамлекеттердеги биздин кесиптештерибиз өзүнүн трансляцияларын телеканалдарга сатышат. Ушундай бир эле бойдон миллион долларга чейин киреше көрүшөт. Биз азырынча андай нерсеге жете элекпиз. Бирок биз үчүн эӊ чоӊ жетишкендигибиз аябагандай чоӊ масштабдагы 23-ноябрда болгон акыркы турнирде биз Кыргызстанда гана эмес 40тан ашуун чет мамлекеттерге түз алып көрсөтүү кылдык. Бул экономикалык жактан эмес, биринчиден бул биздин мамлекетибизди башка чет мамлекеттерге таанытуу, Кыргызстанда дагы дүйнөлүк стандартка жооп бере алчу чоӊ мелдештерди өткөрө алабыз деген көрсөткүч болду десем болот.
Көчмөндөр оюнун алып көрсөк ал эч качан өзүн актабайт, бирок дүйнө жүзүнө Кыргызстандын атын таанытып жатат. Биздин да максатыбыз ошол. Канчалык өзүбүздү таанытсак биздин спортчуларыбыз да эл аралык масштабга чыгуу менен чоӊ гонорары бар таймаштарга катыша алышат. Мисалы биздин эле Валентина Шевченко Кыргызстандан барып UFCге чемпиондук наамга мушташып, чоӊ гонорарлары бар. Акыркы турнирибиз чоӊ масштабдуу жана кымбат турнир болгону менен билеттен түшкөн каражатты кедей-кембагал, жетим калган үй-бүлөлөргө жумшайм деп сөз берип, азыркы кезде ошол менен иштеп, акчасын акчалай, кийимин кийимдей таратып, бөлүштүрүп жатабыз. «Бакубат келечек» аттуу кайрымдуулук фонду түзүп жетектеп келе жатам. Мен ойлойм бул дагы болсо экономикабызга кандайдыр бир кошкон салымыбыз . Бардык нерсе бири бирине байланышкан. Мисалы, турнирге келе турган адамдар он чакты мамлекеттен самолет менен учуп келишет, мейманканаларыбызга жайгашышат, ошол эле кафе-ресторандарыбызга барышат, кичине болсо да экономикабызга салым кошулуп жатат. Эмне үчүн футбол дүйнө чемпионаты сыяктуу чоӊ масштабдагы мелдештерди мамлекеттер өз үйлөрүндө өткөрүү үчүн талашышат, бул мелдешти өткөрүү менен мейманкана, кафе-ресторандары адамга толот. Бул аз да болсо экономикага тиешеси бар.

–Спортчуларды кантип даярдайсыздар?

–Спортчуларды тандап алуу боюнча айтсам, мисалы бизди эл оозунда WEF деп билишет. Англисче World Ertaymash Federation деп дүйнө жүзүнө таанылган. Бул атты биз жөн жерден эле ойлоп тапкан жокпуз. Дүйнөлүк sherdog порталына регистрация кылып жыйынтыкка иштешкенден кийин «Дүйнөлүк Эр таймаш федерациясы» деген атты батыра албайт, UFC деген сыяктуу кыскартылган ат беришибиз керек эле ошондуктан WEF деп бергенбиз.

Спортчуларды даярдоо төрт баскычтан турат. Ар бир баскычты жеӊип чыгып, мен мыктымын деген спортчу WEF prоfight төртүнчү бачкычта гана чоӊ турнирлерде өз күчүн сынашат. Ал эми, элге таанымал, эл билген спорт ордосунда өтүп жаткан WEF global аттуу турнирлерибизге мыктылардын мыктылары чыгат. Спортчулардын эӊсеп жүргөн чоӊ турнири бул WEF global. Ар бир спортчуга өсүп, такшалуусуна тепкич-тепкич кылып шанс бердик.

Турнирлерде ар кандай лозунгдарды алып чыгабыз. Мисалы «Спорт баӊгизатка каршы» , «Спорт кылмыштуулукка каршы», «Спорт алкогольго каршы» жана башкалар. Мен ойлойм бул менен биз жаш балдарга, жаш муундарга спорт бул кылмыштуулукка эмес, сергек жашоого үндөө экендигин көрсөтүп жатабыз. Кээ бири ойлошу мүмкүн спортчулар десе эле бандиттер деп, кээ бири айтат бул бандиттерди даярдаган уюм деп, жок андай эмес. Биздин лозунгдарды көргөн жаштар бир аз да болсо түшүнүшөт деген пикирдемин, спорттун баӊгизатка, кылмыштуулукка каршы жана сергек жашоону колдойт экендигин.

Даярдануу жагын айтсам, биздики дүйнөлүк федерация болгондон кийин, мисалы Кыргызстанда кайсы гана клуб болбосун ар бири биздин федерация менен келишим түзүп, биз убадабызды беребиз, спортчуларды чыгарабыз, силер даярдагыла деп. Кыргызстанда 100дөн ашуун, Москвада 30дай клуб бар. Алардын баардыгы биздин турнирлерге катышып, андан ары дүйнөлүк аренага кетип атышат. WEFтин өзүнүн машыгуучу базасы азыркы кезде жок. Бул боюнча кантебиз ойлонуштуруп жатабыз. Мелдеш өткөрүү менен аябай алек болуп, клубдарга айтып жатабыз спортчуларды өзүӊөр машыктырып тургула, убакыт келет машыктыруучу жай түзөбүз деп сүйлөшкөнбүз.

–Өзүӊүз тууралуу айта кетсеӊиз

–Бишкек шаарында 1982-жылы жарыкка келгем. Ата тегим Нарындан болот. Улуттук университеттин «Мамлекеттик муниципиалдык башкаруу» факультетин аяктап, магистратураны президенттин алдындагы академияда аяктагам. Бешинчи класстан баштап спорт менен машыккам, таэквондодон кара курдун ээсимин. Андан сырткары кикбокс жана башка спорт түрлөрү менен алектендим. Азыркы кезекте беш баланын атасымын, үч кыз, эки уулум бар. 2005-жылдан баштап жеке ишкермин. Мамлекеттик жумушка кетпей, бизнес жаатта абдан такшалдым. Мындайча айтканда бул тармактын ысыгын да суугун да көрдүм. 2014-жылы Эмил Токтогонов азыркы кезекте менин вице-президентим, 2013-жылы Валетудо аттуу Бразилиялык эрежесиз мушташ боюнча федерацияны жетектеп жүрүп менин вице-президентим болосуӊбу деген сунуш киргизип алды эле. Ал жакта бир жыл вице-президент болгон соӊ, ушул эле адамдардан сунуштама түштү, абдан жоопкерчиликтүү кабыл алып, мен башкара албаймын го дедим. Бирок жалпы жыйын болуп сен болбогондо ким болот деп дайындашкан соӊ кабыл алдым. Бизнесте топтогон тажрыйбаларымды колдондум. Бул спорттун түрү дүйнөлүк деп аталыш, кабыл алынышы мен ойлойм жалпы Кыргызстан үчүн чоӊ жетишкендик. Алдыга коюлган максаттар абдан көп. Жакынкы бир эки жылдын ичинде дүйнөлүк он эӊ мыкты деген федерациялардын арасына киребиз деген менин чоӊ үмүтүм бар.

Айзада Кыдырмышева

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости