• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Рулдагы айымдын көз карашы

11

👁 2,034

Кыялым орундалды! Чакан болсо дагы темир тулпарлуу болдум жана бишкектик унаа сүйүүчүлөрдүн катарына кошулдум. “Ооба…дагы бир граната кармаган айдоочу…”-деп эркек айдоочулар нааразы болушат. Талашпайм. Биздин шаардын көчөлөрү менен жүрүп көрүп, аңга-дөңгө туш келип көрүп, унаа айдоочулардын орой мамилесин көрүп, бул айымдардын иши эмес деген эркектер менен макул болдум.

Мен унаалуу болгонум менен азырынча тажрыйбалуу айдоочу боло элекмин. Автомектепте 3 ай окуп чыкканым менен өз алдымча рулга отуруп бизге окуу учурунда үйрөтпөгөн көп нерсе бар экенине күбө болдум. Буга жаңы айдоочу болгон адамдын коркунучун кошолу: эң алгач эле унаа көп жерден солго бурулуп жатканда дароо эле жаттаган эрежелер, белгилер баары унутулуп калат экен. Алгачкы күндөрү башымда “эч кимди өлтүрүп албасам экен” деген гана ой турду.

Жаңы үйрөнгөн айдоочуга, анын үстүнө кичинекей унаа менен андан да жаман экен. Сизди дайыма эркектер унаасы менен кысып, жаныңыздардан өткөн унаалар акуладай эле сезилет. Ал эми арткы айнекке чаптап алган «У» тамгасы сактоочу эле эмес, дагы көйгөй жаратат экен. Сизди дайыма ашып өтүшүп, эки секунд ылдамыраак, алдыраак кеткиси келип, колдору менен ар кандай жаман нерселерди көрсөтүп да кетишет экен.

Бир нече убакыт өткөндөн кийин, коркунучтар жоголгон соң, рулду башкарганды мыкты үйрөнүп, Бишкектеги жолдордогу окуяларга абай сала баштайт экенсиң. Жөө жүргүнчү катары жолду өтүп жатып же аялдамада туруп кайсы унаа кандай эрежени бузганына көп деле көңүл бөлбөйт экенсиң. Рулда отуруп мектепте окуган эрежелерди эстеп жатып, айдоочулардын жоопкерчиликсиз экенине ынанасың. Кантип мындай абалга чейин жеттик? Биздин шаарда айдоочулардын маданияты качан жоголду эле? Эмнеге коңшу Алматыга конокко барып биз унааны абайлап айдайбыз? Бул салтпы?

Менин байкашымча жолдогу көйгөйдү адамдар өздөрү түзүшөт экен. Көпчүлүк учурда айдоочулар чыдамсыз болушуп, сигналды катуу басышып, бири-биринен ашып кетүүнү адатка айлантышып, адамдардын нервин бузуп, авариянын болуусуна алып келет экен. Рулдагы айымдар деле дал ушундай экен. Чак түштө Бишкектеги борбордук көчөлөрүнүн биринде төмөнкүдөй окуя болду: менин жана башкалардын унаасын Лексус тепкен кыз улам ашып кетип жатты, жол чырактан аны бирөө куугандай ылдамдыкта өтүп жатты. Ошол унаа кийинки жол чыракта кайра эле мени менен тең туруп калып жатты, буга жолдордун өтө кенен эмес экени себеп. Ушул жерде суроо жаралат: каякка шашып жатасыз? Саат 6да үйдө болгон жакшыбы же 6 жарымда өлүкканада болгонбу?

Бишкектеги эң чоң көйгөйлөрдүн бири бул унааларды токтотуу. Көпчүлүк учурда Бишкекте каалаган жерине унааларын токтотуп кете беришет. Белгилерге эч ким карабайт. Каалаган жерине унааларын токтотуп коюп кете беришет. Эркектер го менин үйүмдөгү ваннамдай болгон жерге эле унааларын батырып токтотуп коюшат экен. Ал эми аялдардын унаалары болсо бир килейген учак батчу жерге токтотулган болот. Ошондо дагы башка унааны сүзүп алышы толук мүмкүн.

Унаалуу болуп гана айдоочу эки учурда кубанат деген тамашага ынандым: унааны сатып алып жатканда жана аны сатканда. Унааны сатып алуу – бул иштин жарымы гана, ага май куюу, оңдоо, айыппулдар бир топ чыгымга туш кылат экен.

Унаалуу болгондо канча чыгым болуп жатканыңды эсептеп көрүү керек. Ал үчүн атайын ыкма бар – англичсе Total Сost of Ownership (ТСО) деп аталат. Бул ыкманы иштеп чыккандар унаага кеткен негизги чыгымдарды эсептеп чыгышкан. Унаа токтотуучу жай, аны жуу, дөңгөлөктөрүн алмаштыруу сыяктуу чыгымдардан сырткары транспорттук салык, камсыздандыруу да бар.

ТСОдо унаанын канча айдалганы дагы роль ойнойт. Андан сырткары кайсы мамлекет чыгарганына дагы жараша чыгымдар болот. Немис жана япон унаалары корей, Америка, Кытай унааларына караганда тез арзандабайт деп келишет.

Бирок айымдар унаадан кантип үнөмдөсө болорун дагы ойлонуп турушат экен. Көрсө физика мыйзамына баш ийүү зарыл экен. Түшүнгөн кишиге бензин – бул электр энергиясы сыяктуу. Бул энергия чыгымдары унаанын көлөмүнөн, салмагынан жана ылдамдыгынан көз каранды. Унааны канча тез айдасаң ошончо энергия коротулат.

ТСО ыкмаларын иштеп чыккандар төмөнкүлөрдү сунуштап келишет:

–унааны саатына 60 км/саат ылдамдыкта айдасаңыз, көп үнөмдөп каласыз;

–тормозду көп баспай. Шашпай, бир калыпта айдасаңыз бензинди үнөмдөйсүз;

- электрэнергия (күйүп турган фара, лампочкалар, кондиционер) бензиндин чыгымын болжол менен 40% жогорулатат;

- коробкасы автомат болгон унаалар бензиндин 15%ын чыгымдайт;

–унаанын үстүнө жүк жүктөп алсаңыз абаны жиреш керек болот дагы чыгым көбөйөт.

Ушул жерден жыйынтык чыгаралы: эң үнөмдүү унаа – орточо унаа.

Акырында рулдагы айымдар маселесине кайрылсак. Чын айтайын: унаа алуу менен гана эркектерге суктандым. Эркектер унаасын оңой-олтоң эле оңдоп алышат, кардан деген эмне, рессорлор эмнеге керек жана форсунка деген кандай экенин билишет.

Мен унааны сатып алган соң аны досторума көрсөттүм, дос кызым айдоочунун ордуна 1,5 жаштагы баласы менен отуруп көрдү. Наристе баардык жерин баскылап, пипилдетип, ачкычын бурагылап баштады. Ошондо мага эркектер унааны билип төрөлөбү деген ой келди. Эмне кылмакчыбыз, “Жолдо жүрүү эрежелерин” жана башка маанилүү китептердин баарын эркектер жазган да.

Евгения МАРТЬЯНОВА

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости