• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Роза Айтматова: Аялдардын катышуусуз жергиликтүү деӊгээлдеги көйгөйлөрдүн чечилиши кыйын

11

👁 810

Жогорку Кеӊеште «Айылдык кеңештерде аялдар үчүн 30 пайыздык квота» аттуу Кыргызстан аялдарынын улуттук форуму өтүп жатат. Иш-чарага өлкөнүн баардык аймактарынан келген жүздөн ашуун жергиликтүү кеңештин аял-депутаттары, Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган кыргыз парламентинин депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, бир катар коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Форумдун демилгечилеринин бири депутат Айнуру Алтыбаеванын айтымында, Президенттин Жарлыгы менен 2018-жыл аймактарды өнүктүрүү деп жарыялангандыктан, анын алкагында айылдык кеӊештердеги аял-депутаттардын санын арбытып, алар аркылуу элет жергесиндеги коомдук-саясий, социалдык-экономикалык, маданий-гуманитардык көйгөйлөрдү чечүү, балдар, майыптар кары-картаӊдар сындуу калктын аялуу катмарынын кызыкчылыгын коргоо зарыл.

«Айылдык кеӊештин депутаттары жергиликтүү шайлануучу органдардагы аялдардын санын көбөйтүүгө багытталган мыйзам долбоорун колдой турганын айтышты. Ошондон улам, алар айылдык кеӊештерге 30 пайыздуу квотаны киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун карап берүүнү өтүнүшүүдө», — деп, Айнуру Алтыбаева акыркы жылдары айылдык кеӊештердеги аял-депутаттардын саны эки эсеге жакын кыскарып кеткенин кошумчалады.

Андан сырткары, эл өкүлү бул иш-чаранын жүрүшүндө элет жергесиндеги эӊ көйгөйлүү маселелердин бири болуп саналган бойго жетпеген өспүрүм кыздар арасындагы никеге тыюу салуу маселеси да талкуулана турганын белгиледи.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊештин айым-депутаттар форумунун демилгеси менен иштелип чыккан «Жергиликтүү кеӊештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамдын концепциясы 2016-жылдын октябрь айында Жогорку Кеӊеш тарабынан жактырылган. Анда атайын гендердин чара катары айылдык кеӊештерде мандаттын 30 пайызын аял-депутаттарга калтыруу демилгеси каралган. Ал үчүн мыйзамдын 46, 47, 52, 59, 62-беренелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл.

Муну менен катар Аялдарга колдоо көрсөтүү борборунун президенти Роза Айтматова Жогорку Кеӊеште өтүп жаткан Кыргызстан аялдарынын улуттук форумунун жүрүшүндө үстүбүздөгү жылды «аймактарды өнүктүрүү» жылы деп жарыяланганын мыкты демилге болду дейт. Анткени, аялдардын катышуусуз жергиликтүү деӊгээлдеги көйгөйлөрдүн чечилиши кыйын. Кыргызстандын айылдык кеӊештеринин 86 пайызында аял-депутаттар жок экенин билдирди.

«Аймактарды өнүктүрүүдө айылдык кеӊештердин, анын ичинде элет жергесиндеги социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүү жаатында аял-депутаттардын ролу зор. Айылдык кеӊештердеги аял-депутаттардын саны 10 пайыздан ашпайт. Ошондуктан, мыйзам кабыл алып, алардын санын бери дегенде 30 пайызга чейин жеткирүү зарыл. Жогорку Кеӊеш биздин өтүнүчүбүздү эске алуу менен, мыйзамды тездетип кабыл алып берет деген ишеничте турабыз. Ал аялдарга арнаган эӊ сонун белек болор эле», — дейт Аялдарга колдоо көрсөтүү борборунун президенти.
Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости