2018-жылдын апрель айында Орусиянын ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматынын (Россельхознадзор) Москва шаары жана Тульская облусу боюнча башкармалыгы «Домодедово», «Шереметьево», «Внуково» жана «Раменское» аэропортторунан Россия Федерациясына фитосанитардык текшерүүдөн өтпөгөн жемиштерди, жашылчаларды, буурчактарды, кургатылган жемиштерди кармаган. Анын жалпы салмагы 4,05 тоннаны түзгөн. Ошондой эле 163 даана көчөттү Азербайжандан, Тажикстандан, Өзбекстандан келген жүргүнчүлөр кол баштыкка салып өтүүгө аракет кылышкан.
Карантиндик фитосанитардык көзөмөлдүн натыйжасында талаптарды бузган 11 учур катталган.
Убактылуу чектөөлөргө ылайык, кол баштыкта жер-жемиштерди, жашылчаларды алып өтүүгө тыюу салынды. Жана кармалган өсүмдүктөр РФнын мыйзамдарына ылайык, жок кылынды.