Акбулак районундагы «Сагарчин» өткөрүү пунктунда документтерди текшерүү үчүн Кыргыз Республикасынан келе жаткан унаа токтотулган. Текшерүү учурунда унаада Бажы биримдигинин мыйзамдарын бузуу менен ташылып келе жаткан 5 тонна кургак сүт бар экени белгилүү болгон. Сүт азыгы тиешелүү документтери жок жана маркировкасыз ташылып келе жаткан.
Жүк ташуучулардын айтымында, жүк Кыргыз Республикасынын Ош шаарындагы «Ак-Сүт» ишканасынан Россиянын Москва шаарына жөнөтүлгөн.
Буга чейин 2-мартта Орусиянын ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматыны (Россельхознадзор) россия-казакстан чек арасынан 60 тонна кургак сүттү тиешелүү документтери жок ташып бара жатышкандарды кармашкан. Анда Кыргыз Республикасынын «Ак-Сүт» ишканасынын кургак сүттөрү Москвадагы «Белруспродукт» ишканасына ташылып бара жатканы белгилүү болгон.
Талаптар бузулгандыгына байланыштуу 2018-жылдын 2-мартынан тарта Россиянын аймагына «Ак-Сүт» ААКсынын сүт азыктарын ташууга убактылуу тыюу салынган.