• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Россияга каршы санкциялар Кыргызстандын экономикасына сокку урабы?

img_7421

👁 2,432

АКШнын Финансы министрлиги Россиянын экономикасына чоң таасир берүүчу санкция киргизди. Россиядагы санкция көйгөйү биздин экономикабызга таасир тийгизеби?

Мындай терс таасирден арылуу үчүн эмне кылуу керек? Активдери камакка алынган, кара тизмеге киргендердин тизмеси, америкалык компаниялар жана жарандар кимдер менен коммерциялык иштерди жүргүзбөөсү керектиги 6-апрелде жарыяланды. Алардын арасында ири эл аралык бизнестери бар бир катар россиялык бизнесмендер бар.

Россиядагы алюминийди өндүрүү тармагынын көп бөлүгүн көзөмөлдөөчү Олег Дерипаскинин активдери, «Ренова» деп аталган эл аралык холдингдери бар Виктор Вексельбергдин жана бир катар миллиардерлердин активдери камакка алынган. (Вексельберг буга чейин Кара-Балта тоо-кен комбинатын жетектеп тургандыктан Кыргызстанда бир топ эле белгилүү).

Буга чейин америкалыктар мамлекеттик жана мамлекетке жакын компанияларга каршы гана санкция киргизип келишсе, бул жолу алар бизнесмендерге сокку урушту. Бул АКШ тарабынан Россиянын экономикасына карата жасалган жаңы сокку.

Россиянын экономикасынын санкциясынан улам жабыркагандар эл аралык бизнесмендер гана эмес. Маселенин түбү тереңде жатат.

Россиялык миллиардерлердин ичинен америкалыктар Россиянын жетекчилигине өтө жакын эместерди тандап алышканы санкция тизмеси башкаларга да тиешелүү болуп калышы толук мүмкүн экендигинен кабар берет. Бирок тизмеге ким жана качан кирерин эч ким билбейт. Бул ири россиялык бизнесмендердин өнөктөштөрүн кооптондурууда. Алар жаңы долбоорлор үчүн насыя ала албай жатышат. Эл аралык инвесторлор алар менен узак мөөнөттүү өнөктөштүк тууралуу келишим түзбөй жатышат. Натыйжада Россиянын экономикасы улам-улам изоляцияда калууда.

Жакын арада Россия рублдун курсун кармай албай калышы толук мүмкүн. Санкциялар салынгандан бир күн өтпөй эле 1 рублдун долларга карата курсу 57ден 63кө чыкты. Мындан ары эмне болору белгисиз. Россиянын экономикасынан валюта агылып кетилүүсү толук мүмкүн. Эске сала кетсек, 2014-жылы Украинадагы окуялардан соң Россия алгачкы санкцияларга туш болгон, ошол маалда рублдун курсу 1 долларга карата 80–90 рублга чейин жогорулаган.

Россияга каршы санкциялар биздин экономикага кантип терс таасирин тийгизет?

Россияда 1 миллион кыргыз мигранты эмгектенип келет. Алардын баары маянаны рубль менен алышат. Жыл сайын Россиядан Кыргызстанга мигранттар тарабынан 2 млрд доллар каражат которулат. Эгерде маяна доллар менен эсептеле турган болсо анда биздин экономика аз акча алып калат. Кыргызстандыктар ички керектөөлөрдү аз сатып ала башташат. Батир алуу кыскарат, үй-бүлөлүк чыгымдар азаят дагы мигранттар кайтып келе башташат. Аларды бул жакта эмне күтөт? Жумушсуздукпу? Радикалдуу диний топторбу? Уюшкан кылмыштуу топторбу?

Россия жана Батыш өлкөлөрүнүн тирешүүсү биздин экономикага терс таасирин тийгизбеш үчүн эмне кылуу керектиги тууралуу ойлонуп көрбөйлүбү?

Биринчиден, мигранттарды мекенине кайтаруу боюнча программаларды иштеп чыгуу керектиги тууралуу ЭКОНОМИКА бир нече жолу жазып чыккан эле. Россияда кризис болобу же жокпу жакшы өлкөдө жарандары чет жакта миллиондоп эмгектенип жүрбөшү керек.

Чет жакка мыкты кесипкөй адистер кетишүүдө. Анын кесепетинен инвесторлор Кыргызстанда мыкты адис таба албай убара болуп келишүүдө. Миграция үй-бүлөлөрдү бузуп жатат. Ал агрессивдүүлүкту жаратууда: мигранттардын көбү полицияга кармалып калуудан коркуп, жетекчилеринен тартынып жашап келишет. Мындан улам диний экстремизм пайда болсо таң калуунун деле кереги жок.

Өлкөгө мигранттарды кайтарып келип, аларды жумуш орундары менен камсыз кылуу керек. Кантип? Чет элдик инвестицияларды активдүү түрдө тартуу менен.

Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалыматтарды интернет аркылуу жана башка жолдор менен жайылтуу керек. Пайдалуу кенди казууну каалоочуларга жеңилдетилген түрдө лицензия бериш керек дагы ал жактын жумушчуларынын канча бир пайызын кыргызстандыктар түзүшү керек деген шарт коюу зарыл. Буга Австралиядан, Канададан, Россиядан ж.б. мамлекеттерден көптөгөн тоо-кен компаниялары тартылмак.

Эл аралык ири корпорацияларга кайрылып, Кыргызстанда регионалдык бизнес ачууну сунуштоо абзел. Ошондой эле Кыргызстанга инвесторлорду тартуу үчүн кандай салыктык жеңилдиктерди берсе болору тууралуу ойлонуп көрсө болот.

Экинчиден, Улуттук банк Россиянын банкына каршы санкциялар биздин өлкөнүн банктарына кандай таасир берерин анализдеп чыгуусу керек. Кыргыз Республикасындагы айрым банктар Россиянын банкындагы корреспонденттик эсептери менен колдонору сыр эмес. 2016-жылдын октябрында АКШ европалык банктын алдындагы банкка айып пул салган учурда КРнын Улуттук банкы кыргызстандык банктарга эскертүү берген болчу. Учурда дагы коркунучтар бар экенин эске алуу керек. Кыргызстан ай сайын бир нече банктары банкрот болгон Россия же Украина эмес. Бизде 1 банк гана банкрот болсо бул өтө кооптуу болуп саналат.

ЭКОНОМИКА Россия менен батыш өлкөлөрүнүн тирешүү аспекттерине баа берүүдөн алыс. Бул тирешүү көпкө созулат, бир, эки, үч эмес. Биздин экономикалк стратегия буга даяр болушу керек.

Санкцияга киргендердин толук тизмеси:

Физикалык жактар:

Андрей Акимов, “Газпромбанктын” башкаруучу төрагасы;

Владимир Богданов, «Сургутнефтегаздын» башкы директору;

Олег Дерипаска, «Русала» жана En+ Group компанияларынын мурдагы президенти;

Алексей Дюмин, Тульская облусунун губернатору;

Михаил Фрадков, Россиянын стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору;

Сергей Фурсенко, «Зенит» футболдук клубунун президенти;

Сулейман Керимов, Федерация кеңешинин мүчөсү;

Владимир Колокольцев, Россиянын ички иштер министри;

Константин Косачев, Эл аралык иштер боюнча Федерациялар кеңешинин комитетинин төрагасы;

Андрей Костин, ВТБ банкынын президенти-төрагасы;

Алексей Миллер, «Газпромдун» төрагасы;

Николай Патрушев, Россиянын коопсуздук кеңешинин катчысы;

Владислав Резник, Мамлекеттик думанын депутаты;

Игорь Ротенберг, «ЭнПиВи Инжиниринг» директорлор кеңешинин төрагасы;

Кирилл Шамалов, «Сибура» башкаруу кеңешинин төрагасы;

Евгений Школов, Россиянын президентинин жардамчысы;

Андрей Скоч, Мамлекеттик думанын депутаты;

Александр Торшин, Россия банкынын төрагасынын орун басары;

Владимир Устинов, Россиянын Түштүк федералдык округундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Тимур Валиулин, ИИМдин экстремизмге каршы башкармалыгынын башчысы;

Виктор Вексельберг, «Ренова» компаниялар тобунун төрагасы;

Александр Жаров, Роскомнадзордун жетекчиси;

Виктор Золотов, Росгвардиянын жетекчиси;

Компаниялар (кашаанын ичинде алар менен байланышкан олигархтар жазылган)

Агрохолдинг «Кубань» (Олег Дерипаска)

«Базовый элемент» (Олег Дерипаска)

B-Finance Limited (Олег Дерипаска)

En+ Group (Олег Дерипаска)

ГАЗ (Олег Дерипаска)

«Газпром бурение» (Игорь Ротенберг)

«Евросибэнерго» (Олег Дерипаска)

«Ладога Менеджмент» (Кирилл Шамалов) өө

«ЭнПиВи Инжиниринг» (Игорь Ротенберг)

«Ренова» (Виктор Вексельберг)

«Рособоронэкспорт» (мамлекеттик компания)

Российская финансовая корпорация (мамлекеттик компания)

«Русские машины» (Олег Дерипаска)

«Русал» (Олег Дерипаска)

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости