15-ноябрда Россиянын Өкмөтү 2017-жылы Россияда убактылуу жашоого уруксат берүүнүн максималдык санын кыскартуу тууралуу буйрук чыгарды. Бул сан 110,880ди түзөт– быйылкы жылга салыштырмалуу 15,000ге аз. Кыскартуу көп деле эмес болгон менен жагымсыз кабар: бул быйылкы жылга салыштырмалуу тогуз мигранттын бири Россияда жашоо үчүн уруксат кагазын толтура албай тургандыгын билдирет.
110,880 санына бир гана Кыргызстандын жарандары үчүн уруксат алууну каалагандар кошулбастан, Россияда мыйзамдуу негизде көпкө калууну каалаган дээрлик баардык чет элдиктер да кошулушат.