Россиянын Экономикалык өнүгүү министрлиги коомдук жайларда, көчөлөрдө жана өндүрүштөрдө колдонулган электр чырактарын алмаштыруу тууралуу Россиянын Энергетика министрлигинин демилгесине терс баа берди.
Демилгечилер жарык берүүчү буюмдарды энергетиканы үнөмдөөчү каражаттарга алмаштырууну сунушташкан. Документке ылайык, жаңы талаптар 2018-жылдын 1-июлунда күчүнө кириши керек болчу.
Документке баа берүү үчүн Россиянын Экономикалык өнүгүү министрлиги региондордун жана бизнес өкүлдөрү менен коомдук талкууларды уюштурган. Анын катышуучулары Энергетика министрлигинин бул талаптары бюджеттик чыгымдарга алып келерин белгилешкен.
Мисалы, Костромская облусунда 3 миңге жакын светодиоддук шамчырактарды алмаштырууга туура келет. Бул болжол менен 19 млн рублду түзөт. Воронеж облусу болсо көчөлөргө орнотууга 50 миң шамчырак, мамлекеттик мекемелер үчүн 1 миңге жакын шамчырак алуусу керек болот.
“Жарык берүүчү жабдууларды алмаштыруу дагы регионалдык жана муниципалдык бюджеттен кетет. Бир нече региондор жакында эле жаңы шамчырактарды сатып алышканын билдирип, алар документте айтылган талаптарга жооп бербей турганын айтышты. Финансылык оорчулук келбеши үчүн учурда колдонулуп жаткан жарык берүүчу каражаттар эскиргенде гана аларды талаптагыдай жабдууга алмаштыруу керек”,-деди баалоо департаментинин директору Вадим Живулин.
Документ шамчырак чыгаруучуларга дагы талап коюуда, натыйжада аларга болгон баа жогорулашы ыктымал.
Мындан тышкары, документтеги жобонун бир бөлүгү Евразиялык экономикалык биримдик тууралуу мыйзамга каршы келет.