• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Россельхознадзор кыргыз сүтчүлөрү көз боёмочулук кылып жатышканын билдирди

44

👁 1,087

Мындай бурулушту эч ким күткөн эмес, бирок факт деген факт!

3-мартта Орусиянын ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматынын (Россельхознадзор) расмий өкүлү Юлия Мелано мекеме Кыргызстандан келип жаткан кургак сүттөргө тыюу салуу маселесин карай турганын билдирди. Мекеме Кыргызстан Белоруссиядан келген кургак сүттү реэкспорттоп жатат деп күнөөлөдү. Себеби аталган өлкөдөн кургак сүт ташууга чектөө киргизилген.

Бирок Бишкекте эч нерсе болбогондой!

Белорусиядан келген сүттү импорттоо бир нече эсеге көбөйгөн, бирок ата мекендик өнүмдөр баа саясатын көтөрө албай калышты! Муну ата мекендик өндүрүшчүлөр үчүн каршы чыгуу деп атаса болот.

Экономисттер кыргыз сүтү кымбат экенин жана атаандаштыкка туруштук бере албастыгын, ал эми Белоруссиядан келген сүт бир нече эсе арзан экенин билдиришти.

Бирок сүт колдонуу өлкөдө ошол эле көлөмдө калганы менен Белоруссиядан ташылган сүттүн көлөмү көбөйгөн. Албетте, бул Орусиянын күмөн саноосуна алып келди.

Айылдардан сүттү аз көлөмдө ташыган Кыргызстан кантип сүт азыктарын Россияга ташый баштады?

Бул маселе тыкыр иликтениши керек деп эсептейбиз.

“Кызмат жагы Кыргызстандан жана Казакстандан мыйзамсыз жолдор менен ташылып келинген өнүмдөдү анализдеп, анын баары Белоруссиядан алынып келинген өнүмдөргө байланыштуу деген жыйынтыкка келди” ‚-деп билдиришти кызматтан.

Россияга кургак сүттү эң көп көлөмдө ким ташыйт?

Эске сала кетсек: Россиянын ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматы 2016-жылы Кыргызстанга термикалык иштетүүдөн өткөн эт жана сүт азыктарын ташууга уруксат берген.

Россияга өз өнүмүн ташууга уруксат алган 1 кыргыз ишканасынын тизмеси:

No п/п Бажы биримдигине мүчө өлкө Ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген ишкананын каттоо номуру Ишкананын аталышы Регион (область,

айыл, аймак)

Ишкананын даргеи Ишмердүүлүгү Ишкананын ветеринардык-манитардык макамы

(уруксат берилген, тыюу салынган, күчөтүлгөн режим)

1 2 3 4 5 6 7 8
1 КР 02903199510102 “Ак-Сүт” ААКсы Чүй обл. Москва району, Беловодск айылы, Октябрская көч., 55 Сүттү кайра иштетүү Уруксат берилген KZ, RU
2 КР 01610199210056 «Бишкек-Сүт» ААКсы Бишкек ш. Чүй пр.,12А Сүттү кайра иштетүү Уруксат берилген KZ, RU
3 КР 01604199710031 «Үмүт и Ко» ЖЧКсы Чүй обл. Ысык-Ата району, Гидростроитель айылы,

Юбилейная көч.,6/6

Сүттү кайра иштетүү Уруксат берилген KZ, RU
4 КР 02110199910014 «Кант-Сүт» ЖЧКсы Чүй обл. Ысык-Ата району, Кант ш. Линейная көч.,1 Сүттү кайра иштетүү Уруксат берилген KZ, RU
5 КР 02503200310189 ОсОО «Урсус» Чүй обл. Москва району, Төмөн-Суу а.Сырзаводская көч.,3 Сүттү кайра иштетүү Уруксат берилген KZ, RU«Күчөтүлгөн лабораториялык текшерүү»
6 КР 03011199410017 «Ак-Жалга» ЖАКы Ысык-Көл обл. Жети-Өгүз району, Кызыл-Суу а. Заводская көч.,1 Сүттү кайра иштетүү Уруксат берилген KZ, RU«Күчөтүлгөн лабораториялык текшерүү»
7 КР 01500199610076 «Сүт Булак» ЖАКы Ысык-Көл обл. Түп району Жылуу Булак а. Сүттү кайра иштетүү Уруксат берилген KZ, RU
8 КР 00610200310059 “Артезиан” ЖЧКсы Чүй обл. Сокулук р-н. Сокулук а., Кроснодарская көч., 1а Сүттү кайра иштетүү Уруксат берилген KZ, RU
9 КР 02701199910209 “Шин-Лайн” Ли. А. Д. ЖЧКсы Чүй обл. Аламүдүн р-н Лебединовка а., Школьная көч., 42 Сүт азыктарын өндүрүү Уруксат берилген RU; KZ убактылуу чектөө КВКН МСХ РК No 15–1–18/2035-И 29.11.2016-жыл
10 КР 01701201110068 “Эмилия”, Жолоев Ж. ЖЧКсы Талас облусу Кара-Буура р-н, Кызыл-Адыр а. Сүт азыктарын өндүрүү Уруксат берилген KZ RU
11 КР 20609196000334 “Тууганбаев”, Тууганбаев Б.О. Талас облусу Талас ш. Каимов көч.,1 Сүт азыктарын өндүрүү Уруксат берилген RU; KZ убактылуу чектөө КВКН МСХ РК 03.10.2012ж. No16-02–15/738-И
12 КР 02110199410054 “Талас-Сүт” ЖАКы, Давлеталиев М.Т. Талас облусу Талас ш. Оторбаев көч., 7 Сүт азыктарын өндүрүү Уруксат берилген RU; KZ убактылуу чектөө КВКН МСХ РК от 03.10.2012ж. No16-02–15/738-И
13 КР 2836–3308-Ф-л от 30.03.2004г. «Елимай» ЖЧКсы Чүй обл.

Токмок ш.

Промзона Сүттү кайра иштетүү, сүт азыктарын өндүрүү Уруксат берилген KZ
14 КР 20305196800838 «Арашан» ААКсы Талас облусу Кара-Буура р-н., Кызыладыр а., 50-лет Киргизия көч.,17. Сүт азыктарын өндүрүү Уруксат берилген KZ RU
15 КР 20402196810029 К/Х «Чабрец Чүй обл. Сокулук р-н.Студенческое а. Даяр сүт азыктары Уруксат берилген KZ

Уюмдарын тизмеси Фетеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын http://gvfi.gov.kg/ сайтында “атайын талаптар” деген статус менен жайгаштырылган.

“Атайын талаптар” дегендик бул ЕАЭБдин талаптарына ылайык келеби же жокпу кыргыз ветеринардык кызматы тарабынан текшерүүгө алынат дегендик. Өндүрүү процессинде уюмдун нормалары жана талаптары сакталат, анын ичинде лабораториялык мониторинг да бар.

Өлкөнүн аброюна доо кетирип жеке кызыкчылыгын көздөгөндөр кимдер?

Россиянын кызматынын акыркы маалыматына ылайык, 2018-жылдын 2-мартында Россельхознадзордун инспекторлору Оренбург облусундагы россия-казакстан чек арасынан Кыргызстандан мыйзамсыз ташылып келе жаткан 40 тонна кургак сүт кармашкан. Кыргызстандын “Ак-Сүт” компаниясына тиешелүү 3 жүк ташуучу унаа кургак сүт ташып келе жаткан. Алар «Белруспродукт» (Москва)» ААКсына жеткирилмекчи болгон.

Азырынча компаниянын көз боемочулукка катыштыгы тууралуу эч кандай маалыматтар жок, бирок кыска мөөнөттө көлөмдүн көбөйүп калганы таң калычтуу жана күмөн саноо жаратпай койбойт.

Россельхознадзордун маалыматына ылайык, жүк Бажы Биримдигинин талаптарын бузуу менен ташылып келе жаткан. Жүктүн бир бөлүгүндө маркировка жок болгон, бир бөлүгүн кайра маркировалаганы көрүнүп турат. Кургак сүттү текшерүү үчүн Росселхознадзордун лабораториясына жөнөтүлдү.

Россельхознадзор 2018-жылдын 2-мартынан тарта “Ак-Сүт” ишканасынан кургак сүт ташууга тыюу салды.

“Россиянын мыйзамын бузуу менен Кыргызстандан Россияга бир нече жолу сүт азыктарын ташуу аракети болгонун эске алуу менен Россельхознадзордо жыйын өтүп, анда КРнын баардык ишканаларынан кургак сүт ташууга тыюу салуу маселеси каралат ‚-деп билдирди ”,- Юлия Мелано.

Мына ушундай!

Ошондуктан кыргыз сүтчүлөрү ак ниет менен иш алпарбаган бизнесмеге “рахмат” айтышса болот.

Албетте биз болсо ички рынокто баа арзандайт деп күтөбүз, ал эми ЕАЭБге сүт азыктарын ташыган компаниялар чыгашага учурары толук мүмкүн.

Россельхознадзор Белоруссиядан сүт жана каймак ташууга 6-марттан тарта тыюу салууну пландоодо.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости