Ал банкка кезектеги акчасын алуу үчүн келгенде бул тууралуу билген. Ал оператордон эмне себептен эсебинен ай сайын акча алынып жатканын сураганда, ал банктын кардары катары СМС билдирүү алганын айткан.
Качантан бери биздин банктар иштерин телефон билдирүүлөрү аркылуу жүргүзүп калышты эле?
Кайсы жакта жана кайсы мыйзамда бул тууралуу жазылуу?
Менин таанышымдын суроосуна банк кызматкери эмнеге ал кардар катары үн катпаганына кызыккан.
Башкача айтканда кардар СМС билдирүүгө жооп бербегендиктен алар (банк) акчаны алууну туура көрүшкөн.
Учурда коммерциялык уюмдардын СМС билдирүүлөрүн эч ким окубагандыгы факт. Ал эми банктын кардары менен ушундай жол менен иштешүүсү банктын туура эмес иш жүргүзүп жатканынан жана кесипкөй эместигинен кабар берет.
Бул СМС билдирүүлөрдү окубаган банктын кардарлары акчаны сакташ керек болгон банк аларды уурдап жатканы тууралуу билбейт дегендик.
Банктын дагы бир кардары биздин редакцияга төмөнкүлөрдү айтып берди:
- Банктан менин 80 центимди алып алышыптыр. Тактай кетсем, Visa картамдан. Мен банкка келген жокмун, телефон чалдым. Мен кошпогон кызмат үчүн менин эсебимден 80 цент алып коюшканы өтө нааразы кылды. Мен банкка ишенем ошондуктан мага картамда канча каражат бар экендиги тууралуу эч кандай билдирүүлөрдүн кереги жок.
Эң кызыктуусу алар банкка келип, бул акылуу кызматты өчүрүү үчүн арыз жазуум керектигин билдиришти, бирок мен мурда ч нерсеге кол койбогондуктан келбесимди айттым. Менин картамдан каражат аларда эч нерсеге кол коюунун кереги жок дагы, ал кызматтан баш тартуу үчүн арыз жазышым керекпи.
Кызык! Натыйжада алар макул болушуп, смс билдирүү кызматын өчүрүштү, бул тууралуу мага билдирүү келди. Башкача айтканда алар бул кадамдары мыйзамсыз экенин моюндарына алышып, мен арыз жазбасам деле кызматты өчүрүштү.
Алар мындай принцип менен иштешет экен “эгерде сиз смс билдирүүгө эч кандай реакция кылбасаңыз жана андан баш тартуу үчүн банкка келбесңиз, демек сиз бул кызматтан колдонууга макулсуз”. Бирок алар сизден акы алынарын жазышкан эмес. Смс куулук менен жазылган жана менде скриншоту бар.
Парламент жыйынына майда тамгалардын өлчөмү жана тилдин жеткиликтүүлүгү тууралуу маселени алып чыгуу керек. Жөнөкөй жарандарга баары түшүнүктүү болуусу керек, себеби чоң тамгалар менен жазылгандарды деле айрым учурларда түшүнбөй калуу мүмкүн.
Бир банкта 10дон 20га чейин кардар тейленбейт, орточо эсеп менен 5000ден 20 000 адамга чейин кызмат көрсөтүшөт. Эсептеп көрсөк, ар бир кардардан ай сайын 80 центтен алуу менен жылына 5500дөн 22000 долларга чейин “шыпырып” калуу мүмкүн экен.
Дагы бир факт бар, бул маселе тууралуу жөн гана айтып койбостон, парламентке алып чыгуу керек. Бул майда тамгалар маселеси. Эң маанилүү пункттардын баарын Кыргызстандагы банктар лупанын жардамы менен гана көрүүгө мүмкүн болгондой майда тамгалар менен жазышат.
Чындыгын айталы, кардардын башын айлантыш үчүн. Бул психологиялык тузак. Баары эле майда жазууларды окуй алышпайт, бул биринчиси, экинчиси биздин өлкөдө бантын документтери орус тилинде болуп, тил маселеси бар. Насыя алганы келген адамдар негизинен аймактардын жашоочулары жана алар кредит берүүчүлөрдү көбүрөөк угуп, документке көп көңүл бурушпайт.
Банктар болсо уятсыздык менен бул абалдан колдонушуп, кардар насыяны төлөгөнү келгенде жаңы фактылар пайда болот. Ал учурда банк кызматкерлери кардардын колу коюлган документти көрсөтүшөт. Алар үчүн кардар майда тамгалар менен жазылган жерди окубаганы пайдалуу.
Учурда чечилүүнү талап кылган 2 маселе бар:
1.СМС билдирүү кызматын кардардын уруксатысыз киргизүүнүн мыйзамдуулугун териштирүү.
2.Банктын шарттарынын баарын чоң тамгалар менен жазуу.
Биздин банктар качан жарандарды тонобостон жакшы иштегенге үйрөнүшөт?