2016-жылдын ушул убагына салыштырмалуу «Карасук» чек ара пунктунан артка кайтарылган өнүмдүн көлөмү 8 эсеге жогорулаган. Бул өнүмдөрдү мыйзамсыз ташууга каршы чаралардын күчөтүлгөнү менен байланыштуу болгон.
Өнүмдөр унаа менен Казакстандан жана Кыргызстандан Сибирь федералдык округунда сатуу үчүн алынып келинген. Анын негизги бөлүктөрү Новосибирсктеги «Хилокский» базарында сатылмак.
Бирок текшерүү учурунда ташылып келинген өнүмдөрдүн таңгагында маркировкалар жок болуп чыккан, айрымдарынын жанында жасалган өлкөсү тууралуу маалымат, фитосанитардык коопсуздугун тастыктаган тиешелүү документтер жок болуп чыккан. Кээ бирлеринин болсо фитосанитардык сертификатынын мөөнөтү өтүп кеткен.
Эл аралык карантин мыйзамдарынын талаптарына ылайык, РФ аймагына 2162 тоннадан ашуун өсүмдүк өнүмдөрүн алып келүүгө жана 1060 даанадан ашуун үрөн жана көчөт алып келүүгө тыюу салынган.
Жүктөр Казактан менен Кыргызстанга кайтарылган.