• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Республика боюнча дыйкандар жер семирткичтер менен камсыз болду

img_6529

👁 1,267

Республика боюнча жазгы талаа иштерине жер семирткичтер жана пестициддер менен камсыздоо тууралуу маалыматы:
Республиканын минералдык жер семирткичтерге (МЖС) болгон жылдык керектөөсү — 395,0 миң тоннаны түзөт, а. и. — 221,0 миң тонна азоттук, 162,0 миң тонна фосфордук жана 12,0 миң тонна калийдик жер семирткичтер.

2018-жылдын 13-мартына карата, республикага –40,0 миң тонна азоттук, фосфордук жана комплекстүү жер семирткичтер алынып келинген, а. и. түштүк региондо – 19,0 миң тонна (азоттук МЖС); түндүк региондо — 21,0 миң тонна жыйналган. Жалпы топтолгон МЖС көлөмүнөн республика боюнча –22,6 миң тоннасы сатылды.

Бишкек, Кара-Балта, Шопоков жана Ош шаарлары — жер семирткичтердин негизги ташып келүүчү пункттары болуп саналат. Ал жактан республиканын башка аймактарына таралат. МЖСти жүгүртүү чек-арадагы соода менен да толукталат (Таласта жана түштүктө).

Азыркы учурда республикада өткөн жылдан калган калдыктардын эсепке алуу менен, төмөнкү жер семирткичтердин көлөмү алынып келген:

- азоттук (аммиак селитрасы, карбамид) – 30,2 миң тонна;
— фосфордук жана комплекстүү (аммофос, суперфосфат, нитроаммофос, диаммофоска) – 9,0 миң тонна;
— калийдик – 0,8 миң тонна.

ДХЗРдин региондордогу бөлүмдөрүнүн маалыматына ылайык, сатуу түйүндөрүндө азоттук жер семирткичтер жетиштүү көлөмдө бар.

Минералдык жер семирткичтерди алып келүүчү фирмалардын койгон дүң баалары:

- аммиактуу селитра (Өзбекстанда өндүрүлгөн) – 15,5–16,0 сом/кг;
— аммиактуу селитра (РФ өндүрүлгөн) — 17,0–18,5 сом/кг;
— карбамид (Өзбекстанда өндүрүлгөн) – 16,0–17,0сом/кг;
— карбамид (РФ өндүрүлгөн) – 19,0 сом/кг;
–аммофос (Казакстанда өндүрүлгөн) – 26,0–28,0сом/кг;
— суперфосфат (Казакстанда өндүрүлгөн) – 10,0–12,0 сом/кг,
— нитроаммофос– 25,0 сом/кг, диаммофоска (РФ өндүрүлгөн)-30,0 сом/кг.
–хлордук калий (Белоруссияда өндүрүлгөн) –44,0 сом/кг

Камсыздоочу компаниялар

  1. «АкСууТрейд» ЖЧК — камсыздоочу РФ .0555 130001
  2. «Негоциант» ЖЧК –камсыздоочу РФ 0773 313107
  3. «ATS GROUP» ЖЧК – камсыздоочу РУ РК и РФ 0555 750750
  4. «Юлита» ЖЧК- камсыздоочу РФ 0555 983016

МЖСке болгон чекене баалар дүң баадан 2–3 сомго жогору турат.

Түштүктө күздүк кылкандуу дан эгиндерин азыктандыруу башталды, азыркы учурда Жалал-Абад областында — 1,26 миң га, Ош облусунда-20,8 миң га, Баткен облусунда-2,5 миң га жана түндүктө Чүй облусунда-3,2 миң га аянттары азоттук минералдык жер семирткичтер менен азыктандырылды.

2018-жылы пестициддерге болгон керектөө эсеби жана алар менен камсыздоо.

2018-жылы пестициддерге (өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары) болгон керектөө эсеби – 517 тоннаны түзсө, 13-мартка карата 390,5 тонна бар, же башкача айтканда камсыздоо – 75,5 %ды түздү.

Жалпы пестициддердин ичинен үрөн ууландыргычтарга керектөө – 40,8 тонна болсо, бүгүнкү күнгө карата – 24,5 тонна бар, же камсыздоо – 60,0 %, гербициддерге болгон керектөө — 264,7 тоннаны түзсө, камсыздоо – 139,2 тоннаны түздү же 52,6 %, инсектициддерге жана акарициддерде керектөө эсеби – 150,1 тонна болсо, бүгүнкү күнгө карата – 168,3 тонна бар, же 112,1 %, фунгициддерге болгон керектөө – 61,3 тонна болсо, камсыздоо – 58,5 тоннаны түздү, же 95,4 %.

Азыркы убакта пестициддерди ташып келүүчү фирмалар тарабынан пестициддерди ташып келүү кызуу жүргүзүлүүдө, жана алар тарабынан пестициддер менен республиканы толук камсыздоо март айынын аягына чейин аткарылат.

Айта кетсек, ташып келүүчү фирмалар тарабынан республиканы пестициддер менен камсыздоо жылыга 150 %га чейин аткарылууда, жана пестициддер менен камсыздоодо көйгөй жок.
Бүгүнкү күндө өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарынын орточо баасы төмөндөгүчө: үрөн ууландыргычтар – 450–500 сом/л, гербициддер – 350–800 сом/л,кг, инсектициддер – 450–800 сом/л,кг жана фунгициддер – 450–800 сом/л,кг.
Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости