2018-жылдын 13-мартына карата, республикага –40,0 миң тонна азоттук, фосфордук жана комплекстүү жер семирткичтер алынып келинген, а. и. түштүк региондо – 19,0 миң тонна (азоттук МЖС); түндүк региондо — 21,0 миң тонна жыйналган. Жалпы топтолгон МЖС көлөмүнөн республика боюнча –22,6 миң тоннасы сатылды.
Азыркы учурда республикада өткөн жылдан калган калдыктардын эсепке алуу менен, төмөнкү жер семирткичтердин көлөмү алынып келген:
— фосфордук жана комплекстүү (аммофос, суперфосфат, нитроаммофос, диаммофоска) – 9,0 миң тонна;
— калийдик – 0,8 миң тонна.
ДХЗРдин региондордогу бөлүмдөрүнүн маалыматына ылайык, сатуу түйүндөрүндө азоттук жер семирткичтер жетиштүү көлөмдө бар.
Минералдык жер семирткичтерди алып келүүчү фирмалардын койгон дүң баалары:
- аммиактуу селитра (Өзбекстанда өндүрүлгөн) – 15,5–16,0 сом/кг;
— аммиактуу селитра (РФ өндүрүлгөн) — 17,0–18,5 сом/кг;
— карбамид (Өзбекстанда өндүрүлгөн) – 16,0–17,0сом/кг;
— карбамид (РФ өндүрүлгөн) – 19,0 сом/кг;
–аммофос (Казакстанда өндүрүлгөн) – 26,0–28,0сом/кг;
— суперфосфат (Казакстанда өндүрүлгөн) – 10,0–12,0 сом/кг,
— нитроаммофос– 25,0 сом/кг, диаммофоска (РФ өндүрүлгөн)-30,0 сом/кг.
–хлордук калий (Белоруссияда өндүрүлгөн) –44,0 сом/кг
Камсыздоочу компаниялар
- «АкСууТрейд» ЖЧК — камсыздоочу РФ .0555 130001
- «Негоциант» ЖЧК –камсыздоочу РФ 0773 313107
- «ATS GROUP» ЖЧК – камсыздоочу РУ РК и РФ 0555 750750
- «Юлита» ЖЧК- камсыздоочу РФ 0555 983016
МЖСке болгон чекене баалар дүң баадан 2–3 сомго жогору турат.
2018-жылы пестициддерге болгон керектөө эсеби жана алар менен камсыздоо.
2018-жылы пестициддерге (өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары) болгон керектөө эсеби – 517 тоннаны түзсө, 13-мартка карата 390,5 тонна бар, же башкача айтканда камсыздоо – 75,5 %ды түздү.
Азыркы убакта пестициддерди ташып келүүчү фирмалар тарабынан пестициддерди ташып келүү кызуу жүргүзүлүүдө, жана алар тарабынан пестициддер менен республиканы толук камсыздоо март айынын аягына чейин аткарылат.