Фракция жыйынында күн тартибине коюлган маселе боюнча КР каржы министри Адылбек Касымалиевдин, билим берүү, илим министри Гүлмира Кудайбердиеванын, эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Мариповдун, Жарандык туракжай курулуш боюнча департаментинин жана башка тиешелүү органдардын өкүлдөрүнүн маалыматы угулду.
Депутат Үмбөталы Кыдыралиев саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармагы боюнча курулуштардын каржыланышына кызыкты. Каржы министринин айтымында, курулушу создугуп кеткен обьектилерди бүткөрүү приоритет катары саналат. Мындан сырткары, ал бюджет чыгымынын басымдуу бөлүгү жаратылыш кырсыгынан жапа тарткан обьектилерди калыбына келтирүүгө кетип жатканын баса белгиледи. Акыркы эки жылда ирригация, дарыя жээктерин бекемдөө иш-чараларына өзгөчө көңүл бурулууда.
Талкуу жыйынтыгында фракция мүчөлөрү Өкмөткө республикалык бюджеттен каржыланган мамлекеттик курулуштардын тизмесине жаңы обьектилерди киргизүүгө мораторий жарыялоо жөнүндө чечим кабыл алууну тапшырышты. Ошондой эле подрядчы курулуш компаниялары менен келишимдерди кайра кароо;
Бекитилген тизмеге өзгөртүүлөрдү киргизүү механизмин так бекитүү жана башкалар сунуш кылынды. Эсептөө палатасына болсо 2018-жылга карата курулуш обьектилерине берилген каражаттардын натыйжалуу колдонулушуна жана тизменин түзүлүшүнө;
билим берүү обьектилеринин долбоорлонушу менен курулушунун техникалык ченемдеринин сакталышына аудит жүргүзүү сунушталды.