“Окуу жайды аяктаган соң өз кесибим менен иштеген жокмун” дейт Райяна “ЭКОНОМИКАга” маек берип жатып. Анткени, турмуш-шарт ошондой болуп калганын айтат.
Негизи эле кичинесинен дизайн дүйнөсү Райянаны көбүрөөк кызыктырчу, ата-энеси сатып берген кийимдерди да жөн кийбей, өз табитине жараша оңдоп алаар эле. Ошол шыгынын пайдасы качандыр бир кездерде тийерин ал кезде анча аңдабаса керек.
Райяна көпчүлүк жаш энелердей эле үйүндө балдарын багып, эч нерсе кылбай отура бермек. Бирок, ал эч нерсе жасабай, материалдык жактан бирөөгө көз каранды болгусу келген жок. Ал биринчи кызы төрөлүп, үйүндө отурганда жөн эле убакытты өткөргүсү келбей бир иш менен алектенгиси келген.
- Менин оюм акча табуудан мурда, мени кызыктырган өнөрдү кандай жолдо аркаласам деп көпкө ойлондум. Чындыгында баарынан мурда менин көнүлүмө жакканы колго жасалган “чакыруу билеттери” болду. Кол менен кооздоп, өзгөчөлөнтүп “чакыруу билеттердин” үлгүлөрүн жасап, интернет булактары аркылуу социалдык тармактарга сүрөткө тартып койсом дароо эле буйрутмалар түшө баштады.
Ошондон кийин көп буйрутмаларды ала баштадым. Ушул “чакыруу билет”, куттуктоо открыткалары менен эле чектелип калбай айымдарга жага турган бижутерияларды, сөйкө, моюнчактарды да жасоону өздөштүрүп алдым. Жыпар жыттуу самындарды ар кандай гүлдөрдун формасына салып жасаганды үйрөндүм.
Биринчиден, үйдө бала менен отурганда бук болбой черим жазылса, экинчиден каражат жагынан да эч кимге көз каранды болбогон каржы табылып турат.
- Эгерде жашыруун болбосо орто эсеп менен бир айда канча каражат табасың?
- Мен айына мынча сом табам деп так эсептей албайм. Жолдошумдун тапканы биздин үй бүлөнү толук камсыздап турса да акча эч качан ашыкча болбойт эмеспи.
Жолдошум башында өзү эле багаарын айтып, мындай бизнестин кереги жок деген эле. Менин чыгарган кол эмгегимди кардарлар келип, аябай мактап алып жатканын көрүп кызыгып кетти окшойт. Убактысы болгондо кол кабыш кыла коюп жүрөт.
Негизи жолдошумдун мага талабы акча табуу эмес, биринчиден балдарды оорутпай жакшы кароо жана бош убактымды текке кетирбөө. Мен сыяктуу кичинекей балдары менен үйдө отурган жаш энелер бош, бекерчиликтен эле бук болуп ооруй башташат, кээси депрессияга түшөт.
— Колуңдан жасалган товарларды кайда сатасың?
- Товарларды сатуу жагын жогоруда айтып өтпөдүмбү, интернет сайттар аркылуу деп. Азыр меники бир жолго түшүп калды. Алчу кардарларымдын көбү өздөрү чалышат. Көп учурда коңшу өлкөлөрдөн да буйрутмалар келип калат. Кошуна Казак туугандарыбыз да той топурга жакын эмеспи, зерикпей келип буйрутмаларын алып кетишет.
Мындай билеттерге мончоктор жабыштырылып, абдан кооздолуп жасалат. “Чакыруу билеттер” үйлөнүү үлпөттөргө, тушоо тойлорго, юбилейлерге жана башкаларга жасалат. Баардыгы тойго карата жасалат. Мисалы, тушоо той же бешик той болсо ага кичинекей баланын тапочкасынын формасында мончоктор менен кооздолот. Ал эми үйлөнүү үлпөт жемчуг мончоктор менен коштолот.
Көргөндөр абдан ыраазы болушат. Негизи ар бир товардын кеткен материалдарына жараша баа коюлат. Кээси абдан кымбатка турат. Ошондо да келип алып кетишет. Себеби, булар оригиналдуу болгондуктан, эч бир чакыруу билеттерге окшобойт, абдан кооз.
- Самындарды кантип жасайсын, ага кандай кошулмаларды аралаштырасын?
- Самындын кошулмаларын атайын Орусиядан заказ менен алам. Бул самындар адамдын терисине пайдалуу болушу шарт. Ошондуктан пайдалуу заттарды өзүбүздөн эле сатып алып кошом. Аягында териге жагымдуу самын пайда болот. Азырынча самындарга нааразы болгон кардарлар жок.
Бала деген бала да, кээде чырлайт, ошол учурда кыйын эле болуп калат. Бирок, балдарым кудайга шугур жоош эле. Маалы менен уктап, маалы менен тамактанып, сейилдөөгө да чыгарып турам. Ошондуктан мен кайсы убакта бош бошоорумду алдын ала билем, аны да пландап алгам.
Буйрутма коп болуп калса жолдошу экоо иштешет экен. Балдарынын кичүүсү бакчага бара баштаса жаңы ишкана ачсамбы деген кыялы бар. Буга жолдошу Бакыт да макул экенин жашырган жок. Элибиз тынч болуп, өлкөбүз өсүп турса эл ток болот, тойлор деле токтобой боло берет, мындай кырдаалда биздин ишибиз да ийгиликтүү болот дейт Райяна.
- Ал эми дипломаттык кесибимди да жогору баалайм. Анткени беш жыл университетте окуп, көп билимдин жолдорун түшүндүм. Сабакты да мыкты окудум, бюджеттик негизде окуганым үчүн ата-энемди көп кыйнаган жокмун. Канткен менен окууга көп мээнетим кетти.
Атам Жылдызбек да дизайнер, эмерек тармагында эмгектенет. Апам Үмүт Мукамбетова белгилүү интернет сайтты жетектейт. Апам менин бул ишимди көргөндө адегенде нааразы болгон. Бирок менин бул кичинекей бизнесимдин ийгиликтүү болуп жатканын көрүп, бул деле чоң өнөр деп аябай сыймыктанат. Албетте дипломат болуу, бул жашоодогу окуп үйрөнгөн таалим тарбиянын эле тармагына кирет. Балдарды тарбиялоодо да дипломаттык кылдаттык, кардарлар менен сүйлөшүүдө да пайдасы тийет.
Райяна үйдө отуруп, бала багып, жолдошуна же дагы бирөөлөргө материалдык көз каранды болуп отурган аялдарга айта турган кеңеши: эч качан жалкоолонбой, ар бир мүнөттү текке кетирбей жаш кезекте иштеп алуу керек дейт. Балдары кичине чоңойсо ишкана ачып, жалаң жаш балалуу энелерди жумушка алып, үйдө отуруп дагы канча акча тапса болоорун үйрөтөт элем дейт.
Эң негизгиси каражат табуудан жалкоолонбош керек экенин айтат. Эгер ишкана ачса мамлекетке да салык төлөп, жаштарды анча-мынча болсо да иш менен камсыздайм деген тилеги бар. Колунан жасалган буюмдарынын баарын үйүнөн жасайт. Иштейм деп аракет кылган адам сөзсүз эмгегинин акысын алат дейт.