Отун-энергетика жаатын ичтен билип, алгылыктуу сунуштарды берген Расул ҮМБӨТАЛИЕВ тармактагы көйгөйлөрдү, окурмандарга чечмелеп берди.
–Жакында өнөр жай, энергетика жана кен боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Дүйшөнбек Зилалиев алдыдагы 2018–2019-жылдары электр энергиясына болгон тарифтердин наркы 10% көтөрүлөрүн айтты. Мындай кымбаттоо канчалык деңгээлде негиздүү?
–2014-жылдын 20-ноябрында өкмөттүн №660 токтому чыккан. Ал токтомдо кыска мөөнөттөгү жаңы тариф саясаты иштелип чыгып, жазылган. Ага ылайык “2014-жылдан баштап 2017-жылга чейин жыл сайын электр энергиясынын тарифи 10%дан 20%га чейин көтөрүлүп турсун” деп бекитилген. Мунун негизинде биздин ички тарифтерге 20%га дейре көтөрүлүү каралган. Дал ушул тарифтерди кымбаттатуу туурасында Казакстандан алынган электр энергиясынын баа тарифтери кошулуп кеткен. 2014–2015-жылдын кыш мезгилинде биз Казакстандан ар бир кВт/саат электр энергияны 5 сом 60 тыйындан сатып алып турганбыз. Жогорудагы өкмөттүн токтомундагы кымбаттатуу ошол Казакстандан келген электр энергиясынын тарифтерине мыйзамсыз кошулуп кеткен. Бүгүнкү күндө карапайым эл жана мекемелер тарифтерге карата туура эмес баа төлөп жатышат. Анткени, 2015–2016-2017-жылдары биз бир дагы кВт/саат электр энергиясын Казакстандан сатып алган жокпуз. Дагы айтам, Кыргызстандын ички тарифине Казакстандан сатылып алынчу электр энергиясынын тарифи кошулуп кеткени туура эмес, мыйзамсыз деп болот. Бүгүн дагы биз Казакстандан сатылып алынчу электр энергиясына болгон баа саясатын баарыбыз төлөп жатабыз.
Быйыл 2017-жылы да тарифтер 10% көтөрүлүшү керек болчу. Биздин бийлик быйыл баа саясатын кымбаттатпай, эмки жылдардан баштап көтөрүүнү максат кылышууда. Анткени, быйыл президенттик шайлоо өтөт. Тарифтерди ушул маалда кымбаттатышса КСДПнын президенттикке талапкерин эл колдобой коюшу мүмкүн эле. Ошондуктан, булар саясый жагынан тарифтерди быйыл көтөрүшкөн жок. Туура, 2018-жылдары тарифтерди көтөрүшөрүн өнөр жай, энергетика жана кен боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Дүйшөнбек Зилалиев айтууда. Мунун себебин энергетика жаатын тейлеп жаткан Айбек Калиев менен Дүйшөнбек Зилалиевдер “энергетикадагы 7 млрд. сом жетишсиздикти ушундай кымбаттатуу менен жабабыз” дегендей аргументтери аркылуу түшүндүрүшүүдө.
- Быйыл кышы менен кар оор түшүп, Кудай бизге жакшы жардам берди окшойт. Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү буга дейре болуп көрбөгөндөй топтолуп, абдан жакшы деңгээлге көтөрүлүп, 17 млрд. куб сууга жетип калыптыр.
–Жай саратаны баштала электе эле Токтогул суу сактагычында көңүл көтөрөөрлүк көлөмдөгү суу топтолууда. Жайдын ысык чилдесинде көрсөткүч мындан дагы көбөйүп, алдыдагы 1-октябрга чейин суунун агымы пайдаланып жаткан көлөмүнө караганда көп болот. Суу сактагычыбызда мындай көрсөткүч 2010-жылы болгон. 7 жылдан соң быйыл ал көрсөткүч кайрадан катталууда. Бүгүн аталган суу сактагычта суунун агымы секундасына 1100–1200 куб көрсөткүчтө агып жатат. Ал эми суу сактагычка кирген суунун топтолгон көлөмү 80–90 млн. кубду түзүүдө. Ушундай темп менен жүрүп отурса, менин жеке эсебим боюнча 15-июлга чейин Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү жалпы аянтка толугу менен топтолот. Тагыраагы, бул суу сактагычтын жалпы сууну батыра турган 19 млрд. 500 млн. куб сууга ылайыкташса, алдыдагы бир айда бул көрсөткүч толугу менен толот.
–Топтолгон суудан ашканы эмне болот?
- Мен бул тууралуу өкмөткө, парламентке, айрыкча энергетиканы колго алышкан Айбек Калиев менен Дүйшөнбек Зилалиев баштаган тиешелүү жетекчилерге 1-июндан баштап электр энергияны Казакстан, Өзбекстанга сатуу керектигин тынбай айтып, сунуштарымды кат жүзүндө берип келе жатам. Бүгүнкү күнгө чейин биздин бийликтеги энергетика жаатын тейлеген жетекчилер 4 ирет Ташкентке барышып, суу-энергетика балансыбызды көтөрүшкөнү менен электр энергиянын экспорт маселесин чече албай келишет. Булар эми деле чече алышпайт. Анткени, бүгүнкү бийликтин отун-энергетика жаатындагы Казакстандын, Өзбекстандын деңгээлиндеги сүйлөшө алчу тажрыйбалуу, күчтүү кадрлары жок. Бул маселени эң кеминде өкмөт башчылардын деңгээлинде, болбосо мамлекет жетекчилердин деңгээлинде сөзсүз чечиш керек.
–Эгерде коңшу Казакстан менен Өзбекстанга жай айларында электр энергиябызды экспорттосок, мамлекеттик казынага канча каражат түшмөк эле?
–15-июлга чейин суу сактагычыбызга 19 млрд. 500 млн. куб суу топтолсо, анда алдыдагы үч ай бою электр энергиябызды сатканга мүмкүнчүлүк болуп, шарт түзүлмөк. Орто эсеп менен 1,5 миллиарддан 2,5 миллиард кВт/саат электр энергиябызды экспорттоп, бери дегенде 2 сом 50 тыйындан сатсак, ошондо деле Токтогул суу сактагычыбызда 19,500 млн. куб суу сакталуу боюнча турат. Экспорттон эле 6 млрд. сомго дейре киреше алмакпыз. Муну менен энергетикадагы 6–7 млрд. сомго чейинки жетишсиздигибизди толугу менен жабат элек. 1 млрд. 200 млн. сомдой кошумча мамлекеттик казынага түшмөк. Эгерде биз чукул арада электр энергиябызды экспорттоп пайдаланбасак, 15-июлдан тарта анда топтолгон көрсөткүчтөн ашкан сууну айла жок текке кетирип, агызганга мажбур болобуз
Биздин өкмөт эми Казакстандан 450 миң тонна Шабыркүл көмүрүн алууга аракеттенип жатышат. Эгерде өкмөттүн бул кадамы ишке ашса, биздин мамлекеттик казынага 1 млрд. 600 млн. сом зыян келет. Анткени, биз алардан 53–56 доллардан ар тоннасын 3600, 3700 сомдон алабыз. Буга чейин премьер-министр Сооронбай Жээнбеков менен Дүйшөнбек Зилалиев экөө тең “2017-жылы Бишкек ТЭЦи модернизацияланып бүткөндөн кийин биз Казакстандан 1 тонна да көмүр сатып албайбыз” деп айтышкан. А быйыл андагы айткандарын унутушуп, кайрадан өткөн 2017-жылдын 10-май күнү өкмөттүн №262 токтомунун негизинде 450 миң тонна Казакстандын көмүрүн алганы жатабыз. Ошол эле маалда быйыл Кара-Кече менен Таш-Көмүрдөн Бишкек ТЭЦине 1 млн. тоннага чейин “кара алтынды” Кыргызстандын ишкерлери өндүрүп бергенге даяр. Биздин өкмөт, тескерисинче, “1 млрд. 600 млн. сомго сырттан көмүр алабыз” деп турушат.
Жамиля НУРМАНБЕТОВА