Мындай принтерлер менен бейтаптар аларга жазылган дарыны өз үйүндө же ооруканада чыгарышса болот. Бул дарылардын тартыштыгы сыяктуу бир топ маселени чечет. Мындан сырткары фарм рынокто дарылардын баасы төмөндөп, жасалма дарылардын саны азаят.
3D-принтерде басылып чыгарылган дарылар жаныбарларга сыналып көрүп, андан ийгиликтүү өтүп, азыр адамдарга алгачкы тест жасоо пландалууда. Долбоор FabRx деп аталат жана ал Дубайда өткөн бүткүл дүйнөлүк ден-соолук форумунда сунушталган.
Препараттар керектүү өлчөмдү фармацевттер аныктап бергенден кийин басылып чыгарылат. Дары өзү атайын буладан басылып чыгып, ооруканаларга берилет.
FabRx компаниясын өнүктүрүү боюнча жетекчиси Альваро Гоянес доктурлар жазган дарылар бейтаптарга жөнөтүлүп, алар болсо керектүү дарыларды өздөрү басып чыгарып алышарын айткан. Мунун баары өлчөм менен аныкталып, ар бир учурга тиешелүү болгон дарылардын комбинациясы белгилүү болуусу керек.
Буланы жасалма кылып чыгаруу өтө кыйын болгондуктан, жасалма дарылардын саны азаят. Жаңы технологиянын жардамы менен рак илдетинин дарылары бейтаптар үчүн жеткиликтүү болот.
3D-принтерлер буга чейин медицинада протездерди жана ички органдарды басып чыгарууда колдонулуп келген.