Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өлкөдө үрөнчүлүк чарбаларга Өкмөт тарабынан үрөнчүлүккө көмөк көрсөтүү жана дотация берүү боюнча, Кыргыз Республикасында үрөнчүлүктү өнүктүрүүнү мамлекеттик колдоо чаралары жөнүндө токтомго кол койду.
Цифровизация в наручниках
Бул кадамдар республика боюнча үрөнчүлүк чарбаларды колдоо, айылдык товар өндүрүүчүлөрдү жогорку сапаттуу сертификацияланган үрөн жана көчөт материалдары менен камсыз кылуу алкагында жасалды.
Финансы министрлиги 2018–2022-жылдарга республикалык бюджетти түзүүдө мамлекеттик дотация төлөө системасын киргизүүнү караган ченемдик укуктук акт бекитилгенден кийин республиканын үрөнчүлүк чарбаларына мамлекеттик дотация төлөөгө каражат караштырат.
Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашып, 2018–2019-жылдарга тамчылатып сугаруу системасын колдонуу менен мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн көчөт материалын, анын ичинде ыңгайсыз жана пайдаланылбай жаткан жерлерде өстүрүү максатында мөмө питомнигин түзүү боюнча иш-чаралар планын даярдашат.
Кыргызско-узбекский бизнес-форум одобрил проекты на 115 млн долларов
Мындан сырткары кол коюлган токтомдун негизинде үрөнчүлүк чарбаларын жүргүзүү үчүн жерлер кезексиз берилип, ижара мөөнөтү 20 жылга чейин узартылат.
Үрөнчүлүк материалдардын тизмеси толукталат. Ага өлкөгө алынып келүүгө уруксат берилген материалдар киргизилет.