Былтыр “Өрүк — fest 2016” Тосор айылында өткөн — эми кезек Барскоон айылында болду. Максаты Ысык-Көл өрүктөрүн өстүрүүчүлөрдүн башын бириктирүү жана өрүктөн жасалган азыктарды жайылтуу жана инвесторлорду тартуу болду.
Фестивалдын баардык программалары катышуучуларга Кыргызстанда кандай гана даамдуу жана пайдалуу байлык бар экенин айтып жеткирүүгө арналды. Ысык –Көлдүн дыйкандары жыйналган түшүмдү көрсөтүштү, өрүктөн жасалган джем, варенья, сок, компот, торт жана татууларды алып келишти. Андан сырткары өрүктөн жасалган натуралдуу косметика көрсөтүлдү, алар самындар, кремдер, скрабдар, шампундар болду. Ошондой эле айыл тургундары жергиликтүү ишкерлер жасаган курут, сүт азыктарын, кондитердик азыктарды тартуу кылышты.
Бул майрам айыл тургундары үчүн тажрыйбасын жана билимин бөлүшүү менен катар эле Ысык –Көлдүн түштүк жээгиндеги абрикостун уникалдуулугун жергиликтүү тургундарга , конокторго жана фестивалдын катышуучуларына көрсөттү. Фестивалда жаңыдан иш баштаган багбандар, ашпозчулар, кооператорлор, өрүктү кайра иштетүүчү мастерлер чогулду. Бүгүнкү күндө “эң абрикостуу” деген наамга Ысык-Көлдүн жети айылы татыктуу болду: Тосор, Тамга, Барскоон, Чоң – Жаргылчак, Кичи – Жаргылчак, Ак- Терек жана Жеңиш. Бул айыл тургундары өз жер тилкесинде абрикос бактарын өстүрүшөт, ал үчүн жеткиликтүү күн нуру, таштактуу жана кумдуу топурак, дренаждык эңкейиштер бар жерлер ыңгайлуу. Жеңиш айылынан келген Венера Чолпонкулова бир нече жылдары катары менен жер тилкелерине дандарды, беде сээп келишкен, бирок бул идеядан баш тартышкан себеби: бул жерлер дөңсөө болгондуктан трактор кире албайт, ал эми коло чаап алуу баарынын эле колунан келе бербейт. Бул жерде көбүнесе шамал болуп, мөндүр да бат-баттан жаап турат. Бирок Ысык-Көлдүн абрикосу мындай аба-ырайына туруктуу, ошондуктан абрикос анын чоң аталарын, чоң чоң аталарын багып келген. Анын айтымында, ар бир үйдө жок дегенде 30–40 түптөн абрикос бактары бар.
Бул жерлерде абрикостун 5 сорту бар: «краснощекий», «турган» жана «султан», «ташкентский», «королевский». Алар июлдан тарта октябрга чейин түшүм берет. Көпчүлүк айылдар дөңсөөдө болгондуктан ал жакта буудай өстүрүү кыйын, себеби трактор, комбайн кире албайт, ошондуктан жергиликтүү эл үчүн абрикостор айыл-чарбанын негизги бөлүгүн түзүп калган.
Чет элдик коноктор атайын орнотулган чатырчаларда даамдарды татып жатышты. Уюштуруучулар Кыргызстанда ушундай баалуу жемиш бар экенин баарына көрсөтүү кыялын орундатышты. Болгону бир суроого жооп бере алышкан жок – абриксоту Казакстанга, Орусияга сатып, кайра ал жактан 3 эсе кымбат сокторду сатып алуунун эмне кереги бар? Жооп жөнөкөй: кайра иштетүүчү ишканалардын жоктугунан улам жана абрикосту көпкө сактоого мүмкүн болбогондуктан багбандар түшүмүн арзан эле сатып жиберишет. Бишкектен жана башка жерлерден келген алармандар килограммын 25–30 сомдон сатып алышат. Мисалы, Тосор айылынан келген Эмилбек Кубанычбеков бир гана анын айылынан былтыр 76 фура 20 тоннадан абрикос жүктөп кеткенин билдирди.
Абрикостор ысык-көлдүктөргө экономикалык өнүгүү алып келе алчудай. Караколдон келген «Лидер» АКсынын төрайымы Банур Абдиева: “Адамдар жергиликтүү жер-жемиштери менен сыймыктанышып, жеринде аны кайра иштетүүлөрү керек эле. Азыр болсо тескерисинче, үйүндө 300−400−700−1000 түп абрикосу барлар аларды кантип кымбатыраак сатабыз деп санаа тартышат. Ал эми өлкөбүз болсо чет жактан консерваланган же кургатылган же тоңдурулган абрикосту сатып алышууда, бирок 3 эсе кымбат!”
ЕАЭБ өлкөлөрүнө экологиялык жактан таза жер-жемиш сатуу үчүн Кыргызстанда анын сапатын тастыктоодон сырткары өнүмдү көлөмү дагы жетишпейт.
Анын үстүнө чет жактарга мөмөсү катуу жемиштерди гана ташууга ыңгайлуу. Бул техникалык стадия, башкача айтканда тактары, чириктери жок болушу керек. Ушундай таза мөмөнү саткан убакта дагы бактарда түшүмдүн жарымы калат. Анын бир бөлүгүн айылдыктар чекене баа менен чакалап, килограммдап сатышат: Ысык-Көлдүктөр үчүн жол жээгинде соода кылуу мурунтан эле бар жана көлдө эс алгандар үйүнө жок дегенде бир чака абрикос алып кетишет.
Сатылгандан калган түшүмүн ысык-көлдүктөр варенье жасоо үчүн колдонушат, 5 килограмм абрикоско 6 килограмм шекер кошуп кайнатышат. Ал эми өтө бышканын ташуу мүмкүн болбогондуктан аны көлөкөдө кургатышып, как жасашып кышында сатышат.
Калган түшүмдү эмне кылуу керек? Эң жакшы дегенде эзилип бышкан түшүмдү эзип пюре жасашат. Тилекке каршы өнөр-жай масштабында мөмөлөрдү кайра иштетүү жокко эсе. Экинчиден консервантсыз пюрени өлкө ичинде гана сатууга мүмкүн, себеби эл аралык сертификат жок!
Ирина Байрамукова